Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Жаманкулов: Самара Каримова "директор болом" деп өзү арыз берген

0
Жаманкулов: Самара Каримова

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык орто окуу жайдын директорлук кызматын сурап, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өзү арыз менен кайрылган. 

Бул тууралуу "Азаттыкка" маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Ал мекеменин статс-катчысы Каримованы директорлук кызматка мыйзам бузуу менен дайындаганын, андыктан ал чечим жокко чыгарылганын айтты. Ошондой эле статс-катчынынын чечимине Каримованын арызы негиз болгонун кошумчалады: 

- Самара Каримова өзү арыз менен кайрылган экен. "Менин каалоом бар, ушул орунга коюп берүүңүздү өтүнөм" деген арыз жазыптыр.  Орун басарым ошол арызды канааттандырган.

Жаманкуловдун айтымында, Каримованы кызматка дайындоо тууралуу буйрукка министрликтин статс-катчысы өзү ишке киришкенге чейин эле кол коюп, документтер даяр болуп калган. Мындан тышкары, териштирүүдө Каримованын кызматы тууралуу буйрукка статс-катчы Өзбекстанга кетип баратып кол койгону, анын башка күнү каттоого алынганы ачыкка чыккан.

Азамат Жаманкулов министр болуп быйыл 25-октябрдан тартып иштей баштаган.

Ал эми Самара Каримова Оштогу музыкалык орто окуу жайдын директору болуп дайындалганын министрлик 30-октябрда кабарлаган. Мекеменин маалыматында министр Азамат Жаманкулов алты айлык сыноо мөөнөтү менен ырчыны музыкалык мектепке жетекчи кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алганы айтылган.

1-ноябрда министрлик "кызматка дайындоодо мыйзам бузулган" деген жүйө менен Азамат Жаманкулов Каримованы иштен бошотконун жарыялады. 

Ырчы бул чечимдер тууралуу "Азаттыкка" комментарий бере элек. Интернеттеги социалдык тармактардагы баракчаларына ал кейиштүү абалда турган окуу жайды оңдоо ниети бар экенине карабай, бут тосууга кабылганын жазды. 

27 жаштагы Самара Каримова былтыр "Сулайман-Тоо" музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ошондон кийин ырчы бул кызматтан баш тартканын жарыялаган.

Оштогу Ниязаалы атындагы орто окуу жайында буга чейин өрт чыккан. Эскирип калган жана өрт чалган имарат оңдоло элек. (NT)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: Москва и Пекин подписали программу сотрудничества на 2024-2026 годы


Спорт в России и мире
Москва

Красногорск первым встретил участников международного супермарафона Москва-Минск


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Россиянка Людмила Самсонова выиграла турнир WTA в Хертогенбосе


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

По каким признакам можно распознать машину-«утопленника»: лайфхак





Путин в России и мире
Москва

ЯНДЕКС, АЛЕКСАНДР ПУШКИН, АНАТОЛИЙ ГОЛОД И "СВЯТОЙ ЛЕНИН" ВЕДУТ СЛЕДСТВИЕ ВЕКА! ВАЖНЫЕ СЕРЬЁЗНЫЕ ДАННЫЕ.


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Джиган и Оксана Самойлова привели на “Премию Муз-ТВ” в Москве ту самую “диско-бабушку из Сыктывкара” – любимицу Сергея Лазарева



Москва

Группу экс-генералов из петербургской полиции судят в Москве за взятки

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net