Президент иш сапары менен Ошко барды
![Президент иш сапары менен Ошко барды](https://gdb.rferl.org/2103C1E2-6A40-44F2-9A17-94D21FC4DDCF_w800_h450.jpg)
Президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна келди. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
Бул күндөрү мамлекет башчысы "Ош - Айтматовдун тагдырында" деген салтанаттуу иш-чарага жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган улуттук ат оюндарына катышат.
Андан тышкары Жээнбеков Ош облустук мамлекеттик архивинин жаңы имаратынын ачылышына, Аравандагы цемент заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү "Алайку Органикс" заводунун ачылышында болот. (ErN)