Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет
![Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет](https://gdb.rferl.org/0FCD7606-502E-4BA4-8D44-0BD0A4F461B2_cx0_cy1_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда бүгүн, 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, саат 10:00дө Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында концерттик программа менен коштолгон салтанаттуу иш-чара болот.
Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү 1995-жылдан бери белгиленип келе жатат. Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. (NT)