Өкмөттүн «Кумтөр» боюнча макулдашуусун аткаруу мөөнөтү аяктайт
Бүгүн, 2-ноябрда өкмөттүн "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашуусун аткаруу мөөнөтү аяктайт. Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган.
2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык тармакты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон.
Экөөнү тең коомдук уюмдун эсебине которуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Бул макулдашууну аткаруу мөөнөтү улам артка жылып, акыркы ирет 2-ноябрга белгиленген.
Быйыл 14-июнда азыркы премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Кумтөр боюнча соңку макулдашууда өкмөт макул болбогон маселелер бар экенин билдирген. (NT)