Президент иш сапар менен Ошко барды
Президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна келди. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Бул күндөрү мамлекет башчысы "Ош - Айтматовдун тагдырында" салтанаттуу иш-чарасына жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган улуттук ат-спорттук оюндарына катышат.
Андан тышкары Жээнбеков Ош облустук мамлекеттик архивдин жаңы имаратынын ачылышына, Аравандагы цемент заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү "Алайку Органикс" заводунун ачылышында болот. (ErN)