“Кыргызмунайгазга” чет элдик инвесторлор кызыгып жатат
Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан “Кыргызмунайгаз” ишканасына Өзбекстан, Кытай жана Орусиядан инвесторлор кызыгып жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Ренат Түлөбердиев депутат Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
- “Кыргызмунайгаз” өзүнүн 10% гана көлөмүндө иштеп жатат. Бул абдан аз.Түштүктө күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо-талап жогору. Мунайды иштеп чыккандан кийин аны сактай турган жер аз болуп жатат. Инвестиция керек. Менин маалыматым боюнча, кытай, өзбек инвесторлорунан жана “Газпромдон” сунуш түшкөн. Ошонун алкагында азыр каралып жатат.
Түлөбердиев азырынча сүйлөшүү же жол картасы боюнча айтууга эрте экенин кошумчалады.
Эл өкүлү “Кыргызмунайгаз” ишканасынын тагдырына кызыгып, “Кыргыз өкмөтү менен “Газпром” сүйлөшүп, комиссия түзүлдү деген маалымат чыкканын, бардык инвесторго бирдей шарт түзүлүп, тендер өтүшү керектигин айтты. Фонд төрагасы коммиссия түзүлбөгөнүн билдирди.
Буга чейин "Кыргызмунайгаздын" элдеги акциялары чогултула баштаганына акционерлер нааразы болуп чыгышкан. "Кыргызнефтегаз" ишканасынын башкы инженери Тимур Мураталиев өндүрүштү жогорулатуу жана жаңы кен жайларын ачуу максатында өкмөт "Газпром" ишканасы менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн, учурда эки тараптан сегиз адамдан турган жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, инвестор 100% акция талап кылгандыктан, элдин колундагы акцияларды чогултуу башталган.
2500 адам иштеген "Кыргызнефтегаз" ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге тиешелүү. Ишкана былтыр 100 миң тоннага жакын мунай өндүргөн. (КЕ)