Кемероводогу өрттө 37 адам өлгөнү кабарланууда
Орусиянын Тергөө комитети Кемероводогу өрттө өлгөндөр саны 37ге жеткенин ТАСС агенттигине ырастады.
Андан аз мурда эле дайынсыз жоголгондордун саны 69, алардын 40 чамалуусу балдар деп кабар тараган. Бирок өрт курмандыктары тууралуу сандар улам өзгөрүп жатат.
Учурда издөө-куткаруу иштери улантылуда. 1500 чарчы метрден көп аянтты өрт жалмагандыктан курмандыктар саны дагы көбөйүшү ыктымал деген чочулоо бар.
Өрт шаардагы "Зимняя вишня" соода комплексинин төртүнчү кабатындагы оюн-зоок борборун каптаган. Ага эмне себеп болгону айтыла элек.
Отуз адам ооруканага жаткырылды. Дагы ондогону имараттан чыгарылып, куткарылган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги курман болгондор жана жабыркагандар арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактап жатат.