Балдар ууланган Волоколамсктын жашоочулары бийлик башчыларын опузалады
Москва облусундагы Волоколамск районунун тургундары Орусиянын бул облусунун губернатору Андрей Воробьев менен аталган райондун акими Евгений Гавриловго оорукана жанынан кол салып, аларды кар менен урушту.
Бул тууралуу окуя болгон жерден “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары билдиришти.
Волоколамсктын жашоочулары 21-мартта бул райондун аймагындагы “Ядрово” таштанды полигонунан ууланган балдар жаткырылган оорукана жанына чогулуп, ал жерге аймактын бийлик башчылары да келишкен.
21-март күнү “Ядрово” полигонунда күкүрт-суутек газы чыгып, жергиликтүү мектептин отуздан ашуун окуучусу ууланды деген шек менен ооруканага жаткырылган.
Волокаламсктын жашоочулары шаар чегинен бир нече чакырым аралыкта жайгашкан таштанды жайынын жабылуусун талап кылышууда.
Алар таштанды жайдан жаман ис чыгып жатканын айтып, буга чейин бир нече жолу митинг уюштурушкан. Полигонго кеткен жолду жабууга да аракеттенишкен. (UE)