Кытай жолбашчысы Тайванды эскертти
Кытайда президенттик экинчи мөөнөтүнө кайра шайланган, бийликте белгисиз мөөнөткө калышына жол ачылган президент жана баш катчы Си Цзиньпин коңшу Тайванга эскертүү берди. Чет элдик баяндамачылар Кытай лидеринин парламент жыйынынын жабылышындагы азыркы сөзүндө улутчулдук маанай үстөмдүк кылганын баамдашты.