Астана америкалыктар тууралуу Москванын сунушун четке какты
АКШ жарандарына Казакстанга визасыз каттоого уруксат берген келишимди кайра карап чыгуу тууралуу Орусиянын сунушун казак бийлиги четке какты. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалыктардын Казакстанда визасыз жүрүшүн шарттаган келишим Евразиялык экономикалык биримдик менен "координацияланышы" керектигин 15-мартта Москвада айткан.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков Евразиялык экономикалык биримдик саясий уюм эместигин, ал экономикалык маселелерди чечүү үчүн гана түзүлгөнүн айтты.
"Чет өлкөлүк жарандарга виза тартибин киргизүү же алып салуу ар бир эгемен мамлекеттин укугу",-деди Жайнаков.
2014-жылы казак өкмөтү АКШ, Нидерланд, Британия, Франция, Германия, Италия, Малайзия, БАЭ, Корея жана Жапониянын жарандарына Казакстанда 15 күнгө визасыз жүрүүгө уруксат берген. Кийинчерээк визасыз режимдин мөөнөтү 30 күнгө, өлкөлөрдүн саны 45ке көбөйгөн.