Көк бөрү ойноп жатып сууга түшүп кеткен киши каза болду
27-январда кечки саат төрт чамасында Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Бата жаңы конушунда 45 жаштагы С.Батыров аттуу жаран аты менен тоңуп турган сууга түшүп кеткен.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, саат 17:20да суудан каза болгон адамды алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
Маалыматка караганда, Окуя Бишкектин четиндеги көк бөрү оюну учурунда болгон. Сууга түшкөн ат чыгып кетип, ээси табылбай калган. Оюнчулар чилдеде сууга түшүп кеткен адамды өз алдынча издөөгө аракет кылып жатканы тартылган видео интернетке тарады.
11-январда Бишкектин четиндеги көк бөрү оюну учурунда улакчы жигит Куттубек Ташыбековдун сууга түшүп кеткен улакты алып чыкканы Интернетте кызуу талкууга алынган болчу. (КЕ)