Жекшемби күнү Бишкек бейтапканалары кечке чейин иштейт
Сууктан улам Бишкектеги ооруканаларга кайрылгандар абдан көп болгондуктан, 28-январда Бишкектин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору кечки саат алтыга чейин иштемей болду.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Дарыгерлерден нөөмөт топтор түзүлүп, каалоочулар жакынкы бейтапканадан тийиштүү медициналык жардам алса болот. (BCh)