Кызылча оорусуна 12 бала чалдыкты, доктурлар сак болууга чакырууда
Кыргызстанда доктурлар ата-энелерди кызылча оорусуна байланыштуу этият болууга чакырууда. Иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, быйыл жыл башынан бери өлкөдө 12 бала кызылча илдетине чалдыгып ооруканага түштү.
Дарыгерлер аларга оору Орусиядан келген эмгек мигранттарынын балдарынан жуккан деп жатышат.
“Москвада төрөлүп, ошол жакта жашаган бир нече бала ата-энеси менен Жаңы жыл алдында Кыргызстанга келген. Алар көк жөтөл диагнозу менен ооруканада дарыланган. Кызылча ошол балдар менен ооруканада контакт болгон башка балдарга жуккан” деп билдирди Ишенапысова.
Анын айтымында, Бишкекте жана Чүйдө 12 балага кызылча жукканы лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тастыкталды. Дагы бир бала кызамык болуп ооруп калды.
Учурда Европанын айрым өлкөлөрүндө: Румыния, Италия, Австрия, Чехия, Испания, Венгрия, Швеция жана Орусияда кызамыкка чалдыккандар көп болуп, Украинага жайылып жатканы, бул өлкөдө 4 миң бейтап катталганы, бала чарчап калган учурлар бар экени кабарланууда.
Кызылча жукканда адамдын температурасы жогорулап, денесине кызыл чыга баштайт. Дарыгерлер мындай белгилер пайда болор замат бейтапканага кайрылуу керектигин айтууда.
Илдет дем алганда аба аркылуу, негизинен толук эмделбегендерге жугат. Эмделген жана мурда бул ооруга туш болуп, кийин айыккандарга жукпайт.
Кыргызстандын Улуттук эмдөө календары боюнча балдар кызамыкка каршы бир жана алты жашында эмделет. (BCh)