Транспорт министрлиги Эсеп палатасынын айыптоосун четке кагууда
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мекемедеги миллиондогон каржылык мыйзам бузууларды жарыялаган Эсеп палатасынын отчету тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берди. Анын айтымында, Эсеп палатасы отчет түзүүдө министрлик берген жүйөлөрдү эске албай койгон:
- Эч нерсесине макул эмеспиз. Анын баары туура эмес. Азыр прокуратурага өткөрүлдү, алар сотко жиберишет. Эми биз өзүбүздү сотто гана коргойбуз. Эсеп палатасы биздин жүйөлөрүбүздү кабыл албай койду. Дооматтар бизге эмес, жалдануучу компанияларга айтылган. Албетте, эми министрлик жоопкер. Бирок ал жерде туура эмес жазылып калса, министрлик жооптуу болбойт да.
Буга чейин Эсеп палатасы Транспорт жана жолдор министрлиги 2016-жылы 235 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузууга жол бергенин жарыялаган. Маалыматка караганда, жолдорду оңдоодо иштин, материалдын баасы ашырып көрсөтүлгөн.
Эң негизги каржылык мыйзам бузуу Балыкчы-Тамчы-Корумду трассасын, Бишкек шаарындагы "Манас" аэропортуна кетчү жолду оңдоо долбоорлоруна байланыштуу болгон. (EBM/NT)