Түндүк Корея Пхенчхандагы олимпиадага 22 спортчусун жиберет
Эл аралык олимпиада комитети Түндүк Кореянын 22 спортчусун Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга уруксат берди.
Аталган комитеттин 20-январда Лозаннада өткөн жыйынында түндүк кореялык спортчуларды чуркоо жана тоо лыжасы, шорт-трек жана муз үстүндө бийлөө боюнча мелдештерге катыштыруу чечими кабыл алынды.
Түштүк жана Түндүк Корея тарыхта биринчи жолу аялдар арасындагы хоккей боюнча бир команда түзүп жатышат. Олимп оюндарынын ачылыш салтанатында эки мамлекеттин спортчулары бир желек менен чогуу чыгышат. Түндүк Кореянын делегациясына 22 спортчудан тышкары журналист жана башка тиешелүү адистерден турган 40тан ашык киши кирет.
Пхеньяндын ракеталык-өзөктүк сыноолоруна байланыштуу түндүк кореялык спортчулардын олимп оюндарына катышуусу көп убакыт суроо жаратып келген. Тиешелүү макулдашууга тараптар бир нече күн мурун жетишкен.