Доллардын баасы сомго карата арзандады
Жаңы жылдан кийин доллар кайрадан түшө баштады. Улуттук банктын бүгүнкү курсуна ылайык, 1 АКШ доллары 68 сом 92 тыйындан сатылууда. Мындай курс акыркы жолу өткөн жылдын 2-ноябрында катталган.
Учурда акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар бир долларды 68,8 сомдун тегерегинде алып, 69,8 сомдон сатууда.
Өткөн жылдын октябрь айынан тарта доллар кымбаттап отуруп, ноябрь айынын ортосунда 69,9 сомго жеткен. Кырдаалды жөнөгө салуу үчүн Улуттук банк 12 жолу интервенция жасап, жалпысынан 67,2 миллион доллар сатыкка чыгарган. (SDz)