Жасалма номур таккан автоунаа ээси аныкталды
Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы социалдык тармакта талкуу болгон B0001W «Даймлер Крайслер G-400» автоунаасынын ээсин аныктады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.
Автоунаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, жасалма номуру алынды. 32 жаштагы айдоочуга административдик протокол түзүлүп, иш сотко өткөрүлмөкчү. Милиция B0001W номуру чындыгында «Лексус LX-570» үлгүсүндөгү автоунаага катталгандыгы аныкталганын кабарлады.
Буга чейин социалдык тармактарда көп кабаттуу үйдүн короосунда бир учурда B0001W номурундагы«Даймлер Крайслер G-400» жана «Лексус LX-570» автоунаалары токтоп турган видео жарыяланган. Интернет колдонуучулар бир номур эки унаага берилбеши керектигин айтып, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан аны териштирүүсүн талап кылышкан. (SDz)