Орус илимпоздору "Сеттин" соттолгон мүчөлөрүн колдоп чыгышты
Орусиялык окумуштуулар жана илимий журналисттер «Сеть» тобунун соттолгон мүчөлөрүн колдоп, ачык кат жарыялашты. Кат Орус илимдер академиясынын Ядролук иликтөөлөр институтунун илимий кызматкери Борис Штерндин "Фейсбуктагы" баракчасына чыкты.
Катта илимпоздор соттун өкүмүнө нааразы болуп турушканы айтылат. «Сеттин» иши тууралуу биз билгендин баары анын жасалма экенин көрсөтөт. Эч бир мыйзамга сыйбаган өкүм биздин өлкөнүн сот системасынын тушалып калганынын далили» - деп айтылат кайрылууда.
Ошондой эле авторлор Пенза сотунун солчул активисттерге чыгарган өкүмүн «Орусиянын мамлекеттүүлүгүнүн негиздерине катуу сокку ура турган террордук акт" деп аташкан.
Кат ээлери өкүмдү тезинен жокко чыгарып, иш кантип бурмаланганын иликтөөгө үндөйт. «Өз жарандарына каршы террор биздин өлкөнүн алгылыктуу өнүгүүсүнө бөгөт болуп, анын илимин, маданиятын жана билим берүүсүн жок кылат» деп жазышкан.
Кат жарыяланып жатканда 44 киши кол койгон. Анын ичинде Орус илимдер академиясынын эки академиги жана алты мүчө-корреспондент бар.
10-февралда Пензанын соту террористтик делген «Сеть» тобунун мүчөлөрүн 18 жылга чейин эркинен ажыраткан. Айыпталгандар кысым алдында күнөөсүн мойнуна алышканын айтышкан.
"Мемориал" укук коргоо уюму "Сеть" иши боюнча айыпталгандарды «саясий туткундардын» тизмесине киргизген.