Мумбайдагы калабанын уюштуруучусу делген Саид соттолду
Пакистандын соту 2008-жылкы Мумбайдагы террордук чабуулдун уюштуруучусу делген Хафиз Саидди "терроризмди каржылаган" деген эки иш боюнча 11 жылга эркинен ажыратты.
12-февралда Лахордогу сот ага 30 миң рупий (194 АКШ доллары) айып салды.
Дагы бир айыпталуучу, Саиддин жакын өнөктөшү Малик Зафар Икбалга да ушундай эле жаза чегерилди. Саид былтыр июль айында кармалып, ага ишмердигине тыюу салынган уюмга каражат чогулткан деген кине коюлган. Ал коюлган күнөөнү мойнуна алган эмес.
«Лашкари Таиба» уюмунун негиздөөчүсү жана башчысы Хафиз Саид былтыр июлда, премьер-министр Имран Хан Вашингтонго барарда кармалган.
Кошмо Штаттар менен Бириккен Улуттар Уюму аны террорчулардын катарына киргизген. Кезинде АКШ Саидди колго түшүрүү үчүн маалымат берген тарапка 10 миллион доллар убада кылган.
2008-жылы 10 куралчан Мумбайдагы эки кымбат мейманканага, жөөттөрдүн борборуна жана темир жол станциясына чабуул коюшкан. Бир нече күнгө созулган атышууда 166 киши өлгөн.