Чек ара кызматы: Майрам Акаева Кыргызстанга келген жок
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Бишкекке келгени тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
12-февралда айрым интернет-сайттар Акаева Кыргызстанга келгенин, ал эл аралык «Манас» аэропортунун VIP залы аркылуу чек ара көзөмөлүнөн өткөнүн жазышкан.
Майрам Акаева күйөөсү Аскар Акаев Кыргызстандын президенти болуп турганда «Мээрим» кайрымдуулук фондун жетектеген.
Тарыхый булактарда 2005-жылы март окуясынын келип чыгышына мурдагы президенттин аялы менен балдарынын бийликке аралашканы түрткү бергени айтылып жүрөт.
Аскар Акаев президент катары Кыргызстанды 1991-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардын жүрүшүндө бийликтен кулатылган жана Орусияга качкан. Андан бери үй-бүлөсү менен Москвада жашайт.
Туңгуч президенттин уулу Айдар Акаев 2020-жылдын 5-февралда жүрөк оорудан каза болуп, 8-февралда Москвада жерге берилди. (SE)