Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды
Бишкекте 12-февралда маркум журналист Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул сыйлыкты ыйгаруу иликтөөчү журналисттер арасында эки жылдан бери уюштурулуп келатат. Бул сынакты 2019-жылдан бери «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштуруп келатат.
Жеңүүчүлөр
1-орун үч медиага - «Азаттыкка», «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбооруна» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop Media» басылмасына - Кыргызстандан көмүскө жолдор менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллион долларлар тууралуу чогуу жүргүзгөн иликтөөсү үчүн ыйгарылды.
2-орун - «Kloop Media» басылмасынын Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагынан сатылган жерлер тууралуу иликтөөсү үчүн ыйгарылды.
3-орун – Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын жасалгаларынын баасын иликтеген эмгеги үчүн «FactChek» басылмасынын редактору Болот Темировго берилди.
Атайын сыйлыктар «T-Media» журналисти Марат Акимбек уулуна «Ош: ипотекага жамынган үй сатуу бизнесиби?» деген эмгеги үчүн; журналистАбдылда Темирбердиевге «Уурдалган алтындар» деген эмгеги үчүн ыйгарылды.
«Orion» мейманканасында өткөн сыйлоо аземине экс-президент Роза Отунбаева баштаган коомдук ишмерлер, саясатчылар, медиа уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты.
Сыйлык ыйгаруу аземи «Журналисттик иликтөөнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу медиа форумдун алкагында өттү.
Биринчи орунду алган журналисттер тобунун иликтөөлөрү.
«Журналисттик иликтөөлөр фонду» 2018-жыл үчүн башкы сыйлыкты «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковго ыйгарып, аны 2018-жылы 12-февралда тапшырган.
Жеңүүчүлөрдү фонд өз алдынча комиссиянын тандоосунун негизинде аныктайт.
Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөөчү журналистика жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо.
Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө - 12-февралда тапшырылат.
Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон. (SE)