Беларустун "Динамо-Минск" клубу Кичин менен келишимди токтотту
Беларустун "Динамо-Минск" футбол клубу Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин менен келишимди токтотту. Бул тууралуу 12-февралда клубдун сайтында жарыяланды.
Маалыматта "Динамо-Минск" Валерий Кичинге кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, карьерасына ийгилик каалаган. Аягында Беларустун командасын колдогон кыргызстандыктарга "Чоң рахмат!" - деп кыргыз тилинде ыраазычылык билдирилген.
27 жаштагы Кичин "Динамо-Минск" менен 2019-жылдын июль айында келишим түзгөн болчу. Андан бери коргоочу катары 13 оюнда катышты. (SE)