Кызыл Ай коому Орозого карата кайрымдуулук акциясын уюштурду
Кызыл Ай эл аралык коомунун Кыргызстандагы жана Түркиядагы өкүлчүлүктөрү Орозо айына карата кайрымдуулук акциясын уюштурду.
Чүй облусунда 250, Нарында 400, Бишкекте 100 үй-бүлөгө азык-түлүк сатылып берилет.
Жакыр жашаган калкка колдоо көрсөтүүгө багытталган бул акциянын алкагында муктаждарга 20-майда Бишкекте ваучерлер таркатылат. Ар бир ваучердин наркы 1400 сом. Аны алгандар арак-шараптан тышкары бардык керектүү азык-түлүгүн супермаркеттерден сатып ала алышат. (BCh)