Испан диктатору Франсиско Франконун сөөгү башка жайга которулат
Испанияда мындан 44 жыл илгери көз жумган диктатор Франциско Франконун сөөгүн башка жерге көчүрүп жатышат. Анын сөөгү учурунда жарандык согушта курман болгондордун урматына курулган мемориалдык комплекске коюлган болчу. Мавзолейден алынып чыккан сөөк Мадриддин четиндеги Эл-Пардо көрүстөнүнө, Франконун жубайынын жанына коюлмакчы. Эксгумацияга маркумдун жакындары, урпактары катышып, процесске юстиция министри менен өкмөт башчынын өкүлү көз салып турушат. Маалымат каражаттары менен коомчулук өкүлдөрү мемориалга киргизилген жок. Читать дальше...