Путинди кетиргиси келген бакшынын акылы жайында эмес деп табылды
Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасында полициянын тергөөсүнүн алкагында жүргүзүлгөн психологиялык-психатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен Александр Габышев акыл-эси ордунда эмес деп табылды. Бул тууралуу «Ачык Орусия» укук коргоо кыймылынын координатору Валентина Дехтяренко билдирди. Анын айтымында, Габышевдин адвокаттары муну четке кагып, көз каранды эмес экпертиза жүргүзгөнү жатышат. 51 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй ушул жылдын март айында жөө-жалаңдап жолго чыккан. Читать дальше...