123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 09.10.2019

Аялдын саясаттагы орду жана күчү

Azattyk.org 

Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетүү максатында «Аялдар өзгөрүү алып келишет» аттуу өнөктүк башталды. Өнөктүк 2020-жылкы парламенттик шайлоого чейин уланат.

NYT: Батыш орусиялык жашыруун чалгын бөлүгүн аныктады

Azattyk.org 

Батыштын коопсуздук кызматтары чет өлкөлөрдө адам өлтүрүү жана дестабилдештирүү операцияларын жүргүзүүгө аракет кылган орусиялык жашыруун чалгын бөлүгүн аныкташты. Мындай маалыматты "New York Times" гезити таратты. 8-октябрда жарык көргөн санында гезит ал уюм кеминде 10 жылдан бери иштеп келе жатканын жазды. Басылманын материалында айтылгандай, Москвада жайгашкан 29155-бөлүк Коргоо министрлигинин аскердик чалгын башкармалыгы – ГРУнун курамына кирет. Батыштын коопсуздук кызматтары алар 2015-жылы... Читать дальше...

Түркия Сириянын түндүгүндө жортуулун баштады

Azattyk.org 

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-октябрда Сириянын түндүгүндөгү аскердик операция башталганын жарыялады. Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Рас-эл-Айн шаарчасында бир нече жардыруу болду. "Түрк куралдуу күчтөрү жана "Сириянын эркин армиясы" жаңы эле Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтык булагы" операциясын баштады", - деп жазды Эрдоган "Твиттердеги" барагына. Түрк лидери бул операция күрт кошуундарын жана чөлкөмдөгү "Ислам мамлекети" террордук тобун бутага аларын кошумчалады. ... Читать дальше...



Баткен прокурорунун өлүмүн териштирип жаткан сот белгисиз мөөнөткө жылды

Azattyk.org 

Баткен облустук прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүн териштирип жаткан сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Буга соттолуучу Мелис Калыковдун бөгөт чарасын кайра кароо тууралуу адвокаттын өтүнүчү негиз болду. Адам өлтүрүү фактысы боюнча 2018-жылы 18-ноябрда козголгон кылмыш ишин Ош шаардык соту карап жатат. Калыковдун жактоочусу Асылбек Куңгуровдун айтымында, судья Жолборс Кудаяров бөгөт чарасын соттолуучунун тарапкерлерин катыштырбай өзгөрткөн. 2-сентябрдагы чечимдин негизинде бөгөт чарасы эки айга узартылган. Читать дальше...

Түркия Сириядагы операциясын баштаганын жарыялады

Azattyk.org 

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын түндүгүндөгү аскердик операция башталганын жарыялады. Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Рас-эл-Айн шаарчасында бир нече жардыруу болду.

Чолпонбаев: Бардык көйгөйдүн башаты башкарууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 1-чакырылышынын мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев Кыргызстан эгемендик алган күндөн бери аксап келе жаткан мамлекеттик башкаруунун негизги көйгөйлөрүн чечмелеп берди. Мукар Чолпонбаев мамлекеттик башкарууда кесипкөй жана эрктүү жетекчилердин таңкыстыгы улуттук кызыкчылыкты жетиштүү коргоого тоскоол болгонун айтып, эгемендиктин алгачкы жылдарындагы тажрыйбасыздыктын жана жүгүнүүчүлүк саясаттын кесепеттерин өлкө эмдигиче тартып келе жатканын белгиледи.

Навальныйдын фонду "тыңчыларга" кошулду

Azattyk.org 

Орусиянын Юстиция министрлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген "Коррупцияга каршы күрөш фондун" "чет өлкөлүк агенттердин" тизмесине кошту.

Адвокат: Кундуз Жолдубаева сурактан чыкты, эртең камалышы ыктымал

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында суракта болду. Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, сурак эртең 10-октябрда да уланмай болду, бирок анын тергөөдөгү макамы өзгөртүлүп, камакка алынышы ыктымал: - Алга Кылычов менен беттештирүү болду. Себеби экөөнүн көрсөтмөлөрүндө карама-каршылык болуп жатыптыр. Бүгүн чыкты, бирок эртең кайра саат 14:00гө чакырылды суракка. Балким эртең кармоо болот. Читать дальше...



Шинжаң АКШ менен Кытайды тирештирди

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кытай бийлигинин Шинжаңдагы куугунтукка тиешеси бар аткаминерлерине визалык чектөөсүн күчөттү. АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы импичмент жарыялоо жараяны боюнча Конгресс менен кызматташуудан баш тартты. Ким Кардашьян Арменияга инвестиция салгысы келет.

Ардагер балбан Бердикул Караев дүйнө чемпионатында күмүш байге алды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандык ардагер балбан Бердикул Караев ушул күндөрү Грузияда өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге алды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Караев 8-октябрда грек-рим күрөшүнөн 56 жаштан 60 жашка чейинкилер арасында 88 килограмм салмакта күч сынашып, үч жолу таймаш өткөрдү. Караев алгач 8-октябрда чейрек финалда венгриялык Кароли Ласзло Шейцлди (4:0), жарым финалда Фарамарз Ражаб Боудахини 6:0 эсебинде жеңди.... Читать дальше...

Хоссейн Салами: Биз коргоо жаатында эң алдынкы жана заманбап жетишкендиктерге жеттик

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командири, генерал-майор Хоссейн Салами сакчылар корпусунун коргонуу мүмкүнчүлүктөрү санкциялар киргизилгенден кийин зор прогресстерге жетишкендигин билдирди.

Өкмөт Бишкектеги ЖЭБ-2 объектисин ишке киргизүүнү ойлонуштуруп жатат

Azattyk.org 

Өкмөт Сокулук районунда жайгашкан Бишкек шаарынын ЖЭБ-2ни оңдоону көздөп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын өкүлдөрү менен жасаган көчмө жыйынынын учурунда белгилүү болду. Өкмөттөн кабарлашкандай, 1986-жылы борборду жылуулук менен камсыздай турган борборлоштурулган жогорку от казан – Бишкек шаарынын ЖЭБ-2син куруу иштери башталган. Абылгазиев ЖЭБ-2 көмүр эмес, газ жана мазут менен иштөөгө ылайыкташканын, бул объектини калыбына келтирүү боюнча тапшырма бергенин айтты. Читать дальше...

Азери бийлиги митингге чыккандарды камады

Azattyk.org 

8-октябрда Азербайжанда бийликти борбор калаада нааразылык акцияларын уюштурууга макул болбой келе жатканы үчүн сындап, Бакуда тынч саясий жыйындарды өткөрүүгө уруксат берүүнү талап кылган митинг өттү.

Навальныйдын фонду "чет өлкөлүк агент" деп табылды

Azattyk.org 

Орусиянын Юстиция министрлиги Алексей Навальныйдын "Коррупция менен күрөшүү фондун" «чет өлкөлүк агенттер» тизмесине киргизди. Бул тууралуу кабар министрликтин сайтына чыкты. Мыйзамга ылайык, «чет өлкөлүк агент» деп чет жактан акча алган жана саясий ишмердик менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар таанылат. Навальный министрликтин билдирүүсүн четке кагып, "Орус бийлиги анын фонду коррупцияны ашкерелеген далилдерди казып чыккандыгы үчүн алардан чоочуйт. Юстиция министрлиги ушул фонд чет өлкөдөн... Читать дальше...

2020-жылдан тарта тыштан ташылган автоунаалардын бажы төлөмү асмандайт

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматы тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйүп. наркы асмандайт. Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.   Мындан улам Мамлекеттик бажы... Читать дальше...

Ирандык эксперт: Түркия Сириянын түндүгүнө кол салуу менен Американын тузагына түшөт

Ca-irnews.com (kg) 

Батыш Азия маселелер боюнча ирандык эксперт Түркия армиясынын Сирия аймагында жүргүзө турган ыктымалдуу аскердик операциясын – Американын Анкара үчүн жайган тузагы деп билдирди.

Нобел сыйлыгын литий-ион аккумуляторун иштеп чыккан илимпоздор алды

Azattyk.org 

Химия боюнча Нобел сыйлыгы литий-ион аккумуляторлорун (батареяларды) иштеп чыккан окумуштууларга – америкалык Жон Гуденафка, Стэнли Уиттингемге жана жапониялык Акира Йошиного берилди. Бул тууралуу шаршембиде Швециянын Падышалык академиясы жарыялады. Нобел комитети белгилегендей, алардын ачылышы жеңил батареяларды жасоого жол ачты. Аларды азыр чөнтөк телефондор менен катар электромобилдерде колдонушат. Дүйшөмбүдө медицина, кечээ физика боюнча быйылкы лауреаттар белгилүү болгон. Бейшембиде адабият... Читать дальше...

Ак үй Конгресс менен кызматташпайт

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы импичмент жарыялоо жараяны боюнча Конгресс менен кызматташуудан расмий түрдө баш тартты.


Музыкальные новости
Дима Билан

Дима Билан стал «Мистером Х» в проекте “Новая битва экстрасенсов” на ТНТ





Персональные новости
Шапка

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)





Күрд бийлиги жалпы мобилизация жарыялады

Azattyk.org 

Сириянын түндүгүндөгү жергиликтүү күрд бийлиги Түркия менен чек арага жакын аймакта жалпы мобилизация жарыялап, аймактагы куралдуу кармаш «гуманитардык катастрофага» жол ачарын эскертти. Анын алдында президент Режеп Тайып Эрдогандын жардамчысы Фахреттин Алтун түрк аскерлери Анкарага ыктаган «Эркин Сирия армиясы» менен бирге Сириянын чек арасынан өтөрүн «The Washington Post» гезитиндеги макаласында билдирген. Шаршемби күнү чөлкөмдөгү кырдаал боюнча Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров үн катып... Читать дальше...

Жалал-Абадда соода түйүндөрү бар жер алдынан өтүүчү өтмөк курулду

Azattyk.org 

Шаарда Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде соода түйүндөргө ылайыкташкан жер астынан өтүүчү өтмөк бүгүн, 9-октябрда пайдаланууга берилди. Анын ачылышында шаардын башчысы Мураталы Тагаев өтмөк автоунаа тыгындарын азайтарын айтты:  - Быйыл калаада чоң курулуштардын бири болуп ушул өтмөк эсептелет. Быйыл май айында курулуш башталган өтмөктү толугу менен бүтүрүп, элге кызмат кылууга тапшырып жатабыз. Мурунку өтмөктөн айырмасы - мында 24 соода түйүн курулуп, муниципалдык менчикке алынды. Читать дальше...

Жарандык активист Токтонасыров мэриянын алдына акцияга чыкты

Azattyk.org 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мэриянын Ленин райондук сотунун имаратына жакын жерде китеп саткан соодагердин ишине тыюу салган чечимине каршы Бишкек шаардык мэриясынын алдына нааразылык акциясына чыкты. Ал окурмандар көп жылдан бери аталган жерден китеп сатып алып көнүп калышканын, сатуучунун соода кылууга уруксат берген бардык документтери бар экенине карабай шаар бийлиги анын ишине тыюу салып койгонун айтууда. - «Китеп окугула. Ала-Тоо аянтына келгиле» деп үгүт-насыят иштерин жүргүзүп атса... Читать дальше...

Бакудагы митингде кармалгандардын көбү бошотулду

Azattyk.org 

Азербайжандын борбор шаарында 8-октябрда болгон митингде кармалгандардын көбү бошотулду. Баку полициясынын маалыматына караганда, «массалык жыйындарды өткөрүү тартибин» бузганы үчүн 17 адамга эскертүү берилген, дагы төрт адамга административдик мыйзам бузуу тууралуу протокол толтурулган. Ал эми беш кишинин иши 9-октябрда сотто каралат. Шейшембиде Баку мэриясынын алдында өткөн митинг учурунда 30дай киши кармалган. Анын катышуучулары бийлик тынч жыйындарды өткөрүү тууралуу мыйзамдарды бузуп жатканын айтып... Читать дальше...

БУУ: АКШнын соккусунан 30 жайкын ооган жараны өлгөн

Azattyk.org 

БУУ мындан 4 ай мурун АКШ аскерлери Ооганстандын батышында баңгизат лабораториясы деп шек саналган жайларга сокку урганда 30 жайкын тургун набыт болгонун аныктады. Шаршембиде жарык көргөн баяндамада айтылгандай, америкалык күчтөр Баква жана Деларам райондорунда баңгизат чыгарат деп эсептелген 60 жайга сокку урушканда дагы 5 карапайым киши жарадар болгон. АКШнын Ооганстандагы контингенти бул маалыматты четке кагып, 5-майда Фарах жана Нимроз провинцияларындагы соккулары «таамай» урулганын, катардагы... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Sitronics Group рассказала о достижениях компании в области корпоративного спорта


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Дарья Касаткина

Теннисистка Касаткина отреагировала на высказывания Винер о россиянах


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Татьяна Марчук выпустила альбом «Экопесенки» на лейбле Riki Music





Путин в России и мире
Москва

Путин удивился третьему месту Санкт-Петербурга в туристическом рейтинге


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

«Зеленский кричит»: польский генерал рассказал, что творится в Киеве


Навальный в России и мире
Москва

Силовики задержали за сутки пятерых журналистов, часть проходит по делу об «участии в работе ФБК», одного жестоко избили при задержании



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт "Crush string quartet "с программой «Мировые рок - хиты»



Москва

Росгвардейцы задержали мужчину, подозреваемого в хранении наркотиков на северо-западе Москвы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net