123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 06.10.2019

Ирак өкмөтү социалдык-экономикалык реформа жүргүзүүгө убада берди

Azattyk.org 

Жүздөй кишинин өмүрүн алган нааразычылык акциялары башталгандан бир жумадан кийин гана Ирак өкмөтү социалдык-экономикалык тармактарда реформа жүргүзүүгө убада берди. Анын ичинде жакыр үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүү жана жер бөлүштүрүп берүү маселеси бар. Мындан тышкары бийлик жаштар арасындагы жумушсуздукту да азайтмай болду. Мындай убадаларды берген премьер-министр Адил Абдул-Махди Багдаддын көчөлөрүнө жана башка шаарларга чогулгандарды тарап кетүүгө үндөдү. Ал ошондой эле коопсуздук... Читать дальше...

Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү боюнча дагы бир адам маалыматка ээ экенин билдирди

Azattyk.org 

АВС телеканалы информаторду АКШнын чалгын коомчулугунун башкы инспектору Майкл Аткинсон кабыл алып, маалыматын укканын жазды. Адвокат Марк Зайддын сөзүнө караганда, анда Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү тууралуу тагыраак маалыматтар бар. Адвокаттын айтымында, маалыматка ээ адам АКШдагы атайын кызматтардын биринде иштейт. Азырынча ал конгрессмендерге байланыша элек. Марк Зайд - Трамп менен Зеленскийдин Жо Байден тууралуу сүйлөшүүлөрүн ачыкка чыгарган биринчи чалгын кызматкеринин да адвокаты. Читать дальше...

Косоводо мөөнөтүнөн эрте шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

6-октябрдагы шайлоого 1,9 миллион шайлоочу катыша алат. Өзүн көз карандысыз деп жарыялаган Косоводо миңден ашуун шайлоо бекеттери ачылган. Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан шайлоодо парламентке 120 депутат шайланат. Добуш берүү процессине чет өлкөлүк байкоочулар да көз салышууда. Косоводо шайлоо быйыл июлда өкмөт башчы Рамуш Харадинай кызматтан кеткенден кийин белгиленген. Ал Косовонун Гаагадагы трибуналына суракка чакырылгандан кийин кызматтан кеткен. Ошентсе да анын партиясы учурдагы шайлоого катышууда. Читать дальше...



Баткенде эки шахтада алты адам газга ууланып каза тапты

Azattyk.org 

Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү шахталардагы кырсыктардан эки күндө алты адам өлдү. Бул маалыматты “Азаттыктын” Баткендеги кабарчысына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы башкармалыгынын кызматкерлери билдиришти. Кызыл-Кыядагы окуя 6-октябрда түштөн кийин болду. Кырсык үч адамдын өмүрүн алганы кабарланды. Бирок кырсыктын башка жагдайлары азырынча белгисиз. Ал эми Сүлүктү шаарындагы шахтадагы каргаша 5-октябрда болгон. Көмүр казылган жайдан чыккан газга ууланган беш адамдын үчөө мерт болгонун дарыгерлер тастыкташты. Читать дальше...

Ооган тышкы иштер министринин басма сөз катчысы иштен алынды

Azattyk.org 

Ооган президенти Ашраф Гани тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Сигбатулло Ахмадини Пакистан бийлиги менен талибдердин сүйлөшүүсү тууралуу журналисттерге "натуура сүйлөп бергени" үчүн кызматтан бошотконун жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Ага ылайык, Ахмади жакында эле Исламабадда "Талибан" менен сүйлөшүүлөргө баа бергени үчүн ишинен бошотулган. Ахмади "Кабул Ооганстанда тынчтык орнотууну каалаган бардык өлкөлөрдүн, өзгөчө ооган өкмөтү менен "Талибандын" сүйлөшүүлөрүнө көмөктөшүү аракетин кубаттайт" деп айткан. Читать дальше...

Иран: Кытай 5 млрд. доллардык келишимди аткарган жок

Azattyk.org 

Ирандын энергетика министри Бижан Зангане Кытайдын улуттук мунай компаниясы (CNPC) Перс булуңундагы "Түштүк Парс 11" деп аталган газ кенин иштетүү боюнча 5 млрд. доллардык келишимди аткарбаганын билдирди. Министрдин айтуусунда, эми кенди жергиликтүү "Petropars" компаниясы иштетет. Бул ишкананын бардык акциялары Ирандын улуттук мунай компаниясынын алдында түзүлгөн "Naftiran Intertrade" (NICO) компаниясына таандык. Кытайдын улуттук мунай компаниясы (CNPC) дүйнөдөгү эң ири "Түштүк Парс 11" газ кенинин көлөмдүү инвестору. Читать дальше...



Киевдин тургундары Орусияга каршы митингге чыгышты

Azattyk.org 

Киевдин Эгемендик аянты – Майданда Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салууда Орусияны эпке келтирүү чараларына каршы митинг өтүп жатат. Акцияга бир нече миң адам катышууда. “Багынууга жок” ("Нет капитуляции") деген ураан менен чогулгандар партияларга тиешеси болбогон символикалар менен келишти. Мурдагы президент, Жогорку Раданын депутаты, "Европа тилектештиги” сыяктуу бир нече партиялар митингди колдоорун жарыялашты. Ушундай эле акциялар жекшембиде Украинанын башка шаарларында да өтүүдө. Нааразылыктардын... Читать дальше...

Түркия Сирия менен чек арасына кошумча жоокерлерди жайгаштырды

Azattyk.org 

Түркия Сирия менен чектешкен Акчакале районуна кошумча жоокерлерин жана аскердик техникаларын жайгаштырды. Мунун алдында өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк аскерлери Евфрат дарыясынын чыгышындагы аймактарга аскердик операция жасоого даяр экенин жарыялаган. Эрдоган операциянын максатын Сирия менен чек аралаш аймактарда АКШ колдогон күрт кошуундарын тазалоо жана ал жакта “коопсуздук аймагын” түзүү деп түшүндүрдү. Анкара күрт милициясын “террорчулар деп атап, күрттөр Түркиянын аймагындагы жикчилдерге жардам кылат деп айыптап келет. Читать дальше...

Абылгазиев Ош архитектурасынын «Бирдиктүү терезе» тутумун текшерди

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан кабарлашты. Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев «Бирдиктүү терезе» тутумунун иштөө системасын тааныштырды. Бөлүм жарандардын арыздарын кабыл алат, «Бирдиктүү терезе» тутуму аталган мекеменин борбордоштурулган программасына кошулган. Читать дальше...

Кызыл-Кыядан Ферганага автобустук каттам ачылды

Azattyk.org 

Кызыл-Кыя – Фергана – Кызыл-Кыя эл аралык автобустук каттамы ачылып, ишин баштады. Бул тууралуу Автотранспорт агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгы билдирди. Каттамдагы алгачкы автобустарды Кызыл-Кыя шаарынан мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары узатып, Ферганада Өзбекстандын президентинин өкүлү, Фергана облусунун администрациясы жана район акимдери шаан-шөкөт менен тосуп алышты. Алгачкы жүргүнчүлөрдүн жол акысы акысыз болду. Калган күндөрү жол кире 65 сомду түзөт. Каттамды чоң жана кичиавтобустар ишке ашырат. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолорго кар түшөт

Azattyk.org 

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 7-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25; Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24; Баткен аймагында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26; Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26; Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн 3…8... Читать дальше...

Түндүк Корея: АКШ менен сүйлөшүү ийгиликсиз аяктады

Azattyk.org 

АКШ менен Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан арылуу боюнча сүйлөшүүсү жыйынтыксыз аяктады. Бул тууралуу Түндүк Кореянын делегациясынын башчысы Ким Мёнг Гил кабарлады. Сүйлөшүүлөр 5-октябрда Швециянын борбору Стокгольмдо өттү. Түндүк кореялык тарап сүйлөшүүлөр расмий аяктай электе эле чыгып кетти. “Сүйлөшүүлөр биздин үмүттөрүбүздү актаган жок жана аягында үзгүлтүккө учурап калды”,-деди Ким Мёнг Гил журналисттерге. Анын айтымында, АКШнын өкүлдөрү жолугушууга “куру кол келишкен”. АКШнын Мамлекеттик... Читать дальше...

Бишкекте жүрөк кемтигине арналган чуркоо марафону өтүп жатат

Azattyk.org 

«Мол Булак – Күз деми» деп аталган эл аралык марафон борбор калаанын «Аска-Таш» мемориалдык комплексинде, "Манас" аба майданына барчу жолдо өтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уюштуруп жаткан "Тонус" фондунун өкүлү Зина Кабылбек кызы билдирди. Анын айтымында, жүрөк кемтигине арналган чуркоого 20дай өлкөнүн жарандары катышууда. Катышуучулардын жалпы саны 3 миңден ашат, арасында аялдар, эркектер жана балдар да бар. Быйыл төртүнчү жолу өтүп жаткан марафонго келгендер 3, 10, 21 жана 42 чакырымда жарышат. Читать дальше...

Кимдин ичинде ит өлөт?

Azattyk.org 

Кырк күнгө чейин созулган катуу суукту кыргыздар «кыш чилдеси» деcе, анын тескерисинче ушундай эле кырк күнгө созулган жайдын эң ысык күнүн «жай чилдеси» деген. Сууктун пирин Чилде Баба деп койгон. «Чилде» деген сөз бизге фарс тилинен кирген.

Кыргызстанда 111 мектепте курулуш иштери жүрүп жатат

Azattyk.org 

2019-жылдын эсебинде Кыргызстандын аймагындагы 111 мектепте курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Отузга жакын мектеп жылдын этегине чейин пайдаланууга берилиши керек. 5-октябрда Ош облусунун Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышы болду. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Бул күнү ошондой эле Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында типтүү мектептердин курулушу башталды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Владимир Высоцкий

Лариса Лужина раскрыла, был ли у нее роман с Владимиром Высоцким





Персональные новости
Александр Бастрыкин

Бастрыкину доложат о деле хирурга, который мог калечить пациентов





Экс-спикерлер кеңеши Жумабеков менен Жээнбековго шайлоо боюнча сунуш берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин экс-спикерлеринен куралган кеңеш жаңы отурумга чогулуп, өлкөдөгү саясий кырдаалды, чек арадагы абалды жана алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кеңештин мүчөсү, парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, алар шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн азыркы төрага Дастан Жумабековго жана депутат Асылбек Жээнбековго сунуштарды беришти. - Бизде мыйзам долбоорун сунуш кылуу укугубуз жок. Читать дальше...

Келме келтирүү - бейиштин кепилдиги эмес

Azattyk.org 

Бир канча жыл мурда Куддус шаарын көрүп келейин деп баргам. Ал жердеги мусулмандардын жашоо-шарты оор экенин көрүп, эс алганым деле ойдогудай өткөн жок.

АКШнын президенттигине талапкер Сандерс инфаркт болду

Azattyk.org 

Вермонт штатынан көз карандысыз талапкер, 78 жаштагы Берни Сандерстин штабы ал инфаркт болгонун ырастады. АКШ президенттигине талапкер шейшембиде Лас-Вегастагы ооруканага жаткырылганы белгилүү болду. Президенттикке талапкерлердин арасындагы эң улгайганы болгонуна карабай саясатчыга дебаттарда ден соолугуна байланыштуу суроолор берилбегенин жергиликтүү басылмалар жазып жатышат. Сурамжылоолор боюнча алдыда келаткан демократтардын башка талапкерлери – мурдагы вице-президент Жо Байден 76 жашта, ал... Читать дальше...

Якутияда мурдагы депутатты аюу өлтүрүп салды

Azattyk.org 

Орусия Федерациясынын Якутия республикасынын парламентинин мурдагы депутаты Александр Крылов аңчылыкка чыккан учурда аюунун тиш салуусунан улам каза болду. Бул тууралуу “Якутия жаңылыктары” порталы Оймякон башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Игорь Водовозовго таянуу менен жазды. Басылма кабарлагандай 45 жаштагы Крылов өзү аткан аюуну текшерүү үчүн барган учурда жырткыч ага кол салып, өлтүрүп койгон. Якутск шаарындагы ири курулуш базарына ээлик кылган Крылов аталган республиканын төртүнчү чакырылышынын депутаты болчу. Читать дальше...

Багдаддагы нааразылыкта өлгөндөрдүн саны көбөйдү

Azattyk.org 

Ирактын Багдад шаарында ишембиде уланган кагылышуулардан улам кеминде сегиз демонстрант каза тапты, дагы 17 адам жаракат алды. Күч кызматтары өкмөткө каршы жүрүштүн катышуучуларына ок атуучу жана көздөн жаш агызуучу курал колдонууда. Кагылышуулар мурдараак киргизилген коменданттык саат кайра алынгандан кийин орун алды. Шаарлардагы миңдеген ирактыктар жумуш берүүнү жана коррупцияны токтотууну талап кылып көчөгө чыгышты. Беш күндүк толкундоо учурунда каза болгондордун саны кеминде 70тен ашканы кабарланды. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

РМОУ презентовал издательский проект «Притяжение Сочи» на форуме «Мы вместе. Спорт»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Александрова проиграла Жабер в первом круге турнира WTA в Штутгарте


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об эффективности проекта «Генеральная уборка»





Путин в России и мире
Москва

Рязанские дизайнеры представили свой бренд одежды на модном показе Estet Fashion Week


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: Западу неинтересны планы Киева по атаке на Крымский мост


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Шарлот

В Самаре суд оставил певца Шарлота под стражей



Москва

Эксперт рассказал, как минимизировать риски при непогоде

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net