123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 08.10.2019

ИИМ: Эркин Мамбеталиев Баткен милициясына машина белек кылган жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги "Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Баткендин күч органдарына эки автоунаа белек кылды” деген маалыматты төгүндөгөн билдирүү таратты. Мекеменин сайтына Баткен милициясына таянып жарыяланган маалыматта интернетте тарап жаткан кабар чындыкка дал келбеси айтылат. “7-октябрда болжол менен кечки саат алтыда Баткендин Кадамжай районунда милиция кызматкерлери документ текшерүү үчүн Э.Мамбеталиев аттуу жаранга тиешелүү 09KS822AAI жана 09KS820AAI... Читать дальше...

Мамдепартамент элчи Сондландга Конгрессте көрсөтмө берүүгө тыюу салды

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттардын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондландга Өкүлдөр палатасында президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында көрсөтмө берүүгө тыюу салды. Анын адвокаты тараткан билдирүүдө "элчи өз эрки менен Конгресстин үч комитетинин жыйынында көрсөтмө берүүгө макул болгон, ошон үчүн Брюсселден Вашингтонго атайын учуп келген. Мамлекеттик департамент макул болор замат ал конгрессмендер каалаган учурда алардын суроолоруна жооп бере алат" деп айтылат. Мамдепартамент... Читать дальше...



АКШ президенти Түркияга опурулду

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Түркия Сириядагы күрд кошуундарына каршы операциясынын учурунда аша чаба турган болсо, түрк экономикасын кыйрата турганын эскертти.

Саакашвилинин Киевден депортацияланышы боюнча иш козголду

Azattyk.org 

Украинада прокуратура Грузиянын экс-президенти, Одессанын мурдагы губернатору Михаил Саакашвилинин Киевден депортацияланышы боюнча кылмыш ишин козгоду. 2015-жылы Украинанын ошол кездеги президенти Петро Порошенко Саакашвилиге украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок эки жылдан кийин Саакашвили Петро Порошенко менен пикири келишпей, кызматынан баш тарткан. Порошенко өз буйругу менен Михаил Саакашвилини жарандыктан ажыраткан. Ошол эле жылы сентябрда Саакашвили... Читать дальше...

Лондондо экоактивисттер башкы аянттарды ээлеп алышты

Azattyk.org 

Лондон шаарында климаттын өзгөрүшүнө каршы чараларды күчөтүүнү талап кылган экоактивисттердин ири нааразылык акциясы уланууда. Алар жүздөгөн адамдын камалганына карабай, шаардагы эң белгилүү Трафальгар жана Парламент аянттарын ээлеп алышты жана башкы жолдорду буушту. Ошондой эле митингдер шаардагы бир катар мамлекеттик мекемелердин алдында да өттү.  Нааразылык акциялары 7-октябрда башталган жана полиция эки күндүн ичинде 300дөн ашык адамды камады.  Премьер-министр Борис Жонсон демонстранттарды... Читать дальше...

Шекафтар - Терек-Сай электр зымдары жаңыланууда

Azattyk.org 

1967-жылдан бери иштеп, техникалык жоготуу жана авариялык өчүрүү көп катталган, кубаттуулугу 35 кВт Шекафтар - Терек-Сай аба чубалгылары жаңыланып жатат. «Жалал-Абад электро» ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, 45 чакырымдагы жыгачтан коюлган мамычалар эскирип, аба ырайынын өзгөрүшүнө туруштук бере албай, техникалык жоготуу көп болгон. Быйыл ишкананын эсебинен 4 млн. сом каражат бөлүнүп, эки чакырымдагы бөлүгү алмаштырылып жатат. Учурда жалпы линиянын 8 чакырымы жаңыланып, СК-22 үлгүсүндөгү... Читать дальше...

Кыздын ыйы, милициянын кайдыгерлиги

Azattyk.org 

Жаш кызды ала качып келип, мажбурлап аял кылып алууга аракет кылган адамдар тууралуу тартылган тасма боюнча Ички иштер министрлиги «эч кимден арыз түшкөн» жок деп билдирди. Жарандык коом менен укук коргоочулар министрликтин мындай жообуна нааразы болуп, кайдыгерликтин жеткен чеги катары баалашууда.



Алина Шаикованын адвокаты УКМКны айыптады

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикованын жактоочусу Бактыбек Жумашев электрондук паспорт чырына байланыштуу Интернетке тараган видео үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) айыптады. 7-октябрда Интернетке «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевге түспөлдөш адамдын Алина Шаикованын мыйзамсыз иштери боюнча айткан тасмасы тараган. Анда тасмадагы адам Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды алып келүү боюнча тендерде литвалык... Читать дальше...

Азербайжан: президенттин жардамчысы өкмөт башчы болду

Azattyk.org 

Азербайжанда 8-октябрда президент Илхам Алиевдин экономика маселелери боюнча жардамчысы Али Асадов өкмөт башчы болуп дайындалды. Анын талапкерлигин парламентте 105 депутат бир добуштан колдоду. 63 жаштагы Асадов 2012-жылдан бери президенттин кеңешчиси болуп иштеп жаткан болчу.  Мунун алдында, 8-октябрда 72 жаштагы Новруз Мамедов премьер-министрлик кызматтан күтүүсүз кетти. Өкмөт башчынын иштен алынышынын себеби ачык айтылган жок. Ал өкмөттү 2018-жылдын апрель айынан бери жетектеп жаткан. Премьер-министр... Читать дальше...

Физикадан Нобелди астрономияда ири ачылыш жасаган үч окумуштуу алды

Azattyk.org 

Стокгольмдо 8-октябрда Швециянын академиясы физика боюнча быйылкы Нобель сыйлыгын алгандарды атады. Ага ылайык, Жеймс Пиблс “физика космологиясындагы теоретикалык ачылыштар" эмгеги үчүн, Мишель Майор менен Дидие Келоз күн түрүндөгү жылдыздын тегерегинде айланган экзопланетанын ачылышы үчүн ушул сыйлыкка татыды. Мындан бир күн мурда онкология жаатындагы ачылыштары үчүн медицина боюнча Нобель сыйлыгы америкалык жана британиялык үч илимпозго ыйгарылган. Алар клеткалар кычкылтек тартыш болгон шартта кантип ыңгайлашарын изилдеп чыгышкан. Читать дальше...

Жалал-Абадда мугалимдерге 2,3 млн. сомдук акчалай сыйлык берилди

Azattyk.org 

Мугалимдердин кесиптик майрамына карата шаар бийлиги калаада эмгектенген 1163 мугалимдин ар бирине 2 миң сомдон жылына бир жолу бериле турган сыйлык тапшырды. Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында өткөн мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган салтанатка шаар бийлиги жана педагогдор чакырылган. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев билдиргендей, калаадагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде бир жылдан ашуун туруктуу иштеген мугалимдерге быйыл шаар казынасынан 2,3 млн. Читать дальше...

Кышкы камылга көңүл жылытпайт

Azattyk.org 

Кышта үшүбөй чыгуу үчүн Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн. тонна көмүр жагат. Анын көбү Кара-Кече кенинен казылат. Азыр анын жарымына жетпегени гана даяр болду. Калганын өкмөт жазга чейин казып бүтүрүүнү мерчемдеп жатат. Бишкектеги кампалар кара отундун жетишсиздигин, Кара-Кечеден көмүр олку-солку ташылып жатканын айтышууда.

Түркияда кыргызстандык аял сойкулуктан куткарылды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Анталиянын ички иштер бөлүмү «Твиттердеги» расмий баракчасына маалымат жарыялады. Анда куткарылган аялдардын арасында бир кыргызстандык келин бар экени айтылат. Маалыматка ылайык, 7-октябрда Анталия шаарынын Серик аймагында жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында кыз-келиндерди сойкулукка мажбурлаган топ кармалган. Шек саналгандар жети аялды төрт башка батирде кармап, зордук-зомбулук менен сойкулукка мажбурлаган. Түркияда сойкулук үчүн кармалган чет өлкөлүктөрдү жергиликтүү миграция мекемеси депортация кылат. Читать дальше...

Алга Кылычов Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени айтылууда

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, камакта отурган Алга Кылычов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана КСДПнын мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө бергени айтылууда. 24.kg сайты Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевге шилтеме жасап, Кылычов тергөө менен кызматташууга кол коюп бергенин жазды. Жоошевдин аталган сайтка берген маалыматына караганда, ал КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берген. Читать дальше...

Трамп түрк экономикасын «ойрон» кыла аларын жарыялады

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Сириянын түндүк-чыгышындагы райондордон америкалык аскерлердин чыгарылышына байланыштуу комментарий берип жатып, Түркияны зекиди. Ал 7-октябрда «Твиттердеги» баракчасына Анкара менен Европа мамлекеттери Сириянын түндүк-чыгышында «Ислам мамлекети» террордук уюмунун туткунга түшкөн жоочуларынын андан аркы тагдырына байланыштуу маселени чечиши керек деген оюн жазды. Трамп эгер Түркия өзүнө жакпай турган кадамдарга барса экономикасын «ойрон» кылып сала аларын эскертти. Читать дальше...

Жеке ишкер Имамидин Ташов Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө батир берди

Azattyk.org 

Кыргызстандык жеке ишкер, курулушчу Имамидин Ташов «Азаттык» радиосунун кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевдин артында калган үй-бүлөсүнө Бишкек шаарынан батир белекке берди. Ал бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына Эгизбаевдин каза болгонунун жылдыгына байланыштуу видеокайрылуусунда айтып, маркум журналисттин үй-бүлөсү жакында ал батирге кирерин кошумчалады. Ташов батир берерин былтыр билдирген. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып... Читать дальше...


Музыкальные новости
Shaman

Shaman разрешил певице из Нижнего Новгорода Ивановой петь свою песню «Встанем»





Персональные новости
Концерт

Концерт в Клинской детской школе искусств им. П. Чайковского





Сергей Лавров Казакстанга эки күндүк иш сапары менен барат

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн, 8-октябрда Нур-Султан шаарында казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугат. Буга чейин Лавров Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди баштаган казак бийлик өкүлдөрү менен да кездешери, анда эки өлкөнүн алака-катышына байланышкан маселелер, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуу талкууланары маалымдалган.  Ошондой эле жолугушуулардын күн тартибинде глобалдык жана аймактык коопсуздук, учурдагы коркунучтар тууралуу маселелер да камтылган. Читать дальше...

Сауд Аравия учурда Жакынкы Чыгыштын «оорулуу адамы» сыяктуу аскердик, саясий жана дипломатиялык жактан алсыз абалда турат

Ca-irnews.com (kg) 

«FIGARO» басылмасынын аналитиги Рено Жирар Сауд Аравия учурда Жакынкы Чыгыштын «оорулуу адамы» сыяктуу аскердик, саясий жана дипломатиялык жактан алсыз абалда турганын билдирди.

Новосибирскиде болгон жапырт мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Новосибирск шаарында 7-октябрда болгон жапырт мушташ боюнча Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары тарабынан Орусиянын Жазык кодексинин 213-беренеси («Бейбаштык») жана 163-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта айтылат. Мушташтан аймактык органдарга 25 адам жеткирилип, суракка алынгандан кийин коё берилген. Ал эми жаракат алган беш адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын ичинен экөө ооруканага жаткырылды. Читать дальше...

АКШ Шинжаңда адам укугун бузган деген компанияларды жазалады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулмандардын укуктарын бузууга катыштыгы бар деген кытайлык 28 компания менен уюмду “кара тизмеге” киргизди. Эми ал компаниялар Вашингтондун уруксаты жок АКШдан өндүрүм сатып ала алышпайт.  Соода департаментинин 7-октябрда тараткан маалыматына ылайык, “кара тизмедеги”  фирмалар “Шинжаңдагы уйгур, казак жана башка мусулман азчылыктарына каршы репрессия, калайман камоо, заманбап технологиялардын жардамы менен көзөмөл жүргүзүү өнөктүгүнө аралашкан”.  ... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Гостином дворе прошел форум «Мы вместе. Спорт»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Сафиуллин не смог выйти во второй круг турнира ATP в Барселоне


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Брянский путешественник Игорь Шпиленок подготовил отчет о далекой экспедиции





Путин в России и мире
Москва

Рязанские дизайнеры представили свой бренд одежды на модном показе Estet Fashion Week


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко сравнил Всебелорусское народное собрание с «пустотой»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: Западу неинтересны планы Киева по атаке на Крымский мост


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Фридерик Шопен

Музыка Шопена под небом



Москва

Тамбовский дорожник продолжает тонуть в многомиллионных долгах

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net