123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 16.10.2019

Коррупция: ким кимди жеңет?

Azattyk.org 

Кыргызстанда ири өлчөмдөгү пара менен кармалып, узак мөөнөткө соттолгондордун айрымдарынын жаза мөөнөтү кыскарса, башкалары айып пул төлөп бошоп кетип жатканы белгилүү болду. Бул жагдайлар президенттин коррупцияга каршы күрөшөбүз деген чакырык-ураанына көлөкө түшүрбөйбү? Өлкөдө тамырлаган бул илдетке каршы чыныгы күрөш жүрүп жатабы же бул кожокөрсүн мамиленин көрсөткүчүбү? Студиянын бүгүнкү коноктору - Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев жана саясий серепчи Турат Акимов.

Украинада экс-башкы прокурорго дагы бир кылмыш иши ачылды

Azattyk.org 

Украинада Коррупцияга каршы улуттук бюро мурдагы баш прокурор Юрий Луценкого дагы бир кылмыш ишин козгоду. Ага ылайык, Луценко "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деп айыпталып жатат. Кылмыш иши Жогорку Рададагы "Эл кызматчысы" фракциясынын төрагасы Давид Арахмиянын арызынын негизинде ачылды. Ал арызында Луценко бир катар экс-депутаттар менен чогуу "мыйзамсыз казинолор тармагынын акционерлеринин бири" экенин жазган. Мунун алдында ушундай эле айып менен Иликтөөлөр боюнча мамлекеттик бюро Луценкого кылмыш ишин козгогон. Читать дальше...

Иранда президенттин инисинин түрмөдөгү жаза мөөнөтү башталды

Azattyk.org 

Ушул айдын башында Иранда сот президент Хасан Роуханинин бир тууган иниси Хусеин Ферейдунду беш жылга эркинен ажыраткан. Ал быйыл май айында коррупцияга байланыштуу камакка алынган. Сот бийлигинин өкүлү Голамхоссейн Эсмаили Ферейдунга дагы башка айыптар коюлушу ыктымал экенин билдирип, бирок анын чоо-жайын ачыкка чыгарган эмес. Хусеин Ферейдун 2017-жылы өлкө президенти жана бир тууган агасы Хасан Роуханинин башкы кеңешчиси болуп турган учурда «финансылык кылмыштарга аралашкан» деген айып менен камакка алынып... Читать дальше...



"Москва иши": Жуков менен Раджабовдун бөгөт чарасы өзгөргөн жок

Azattyk.org 

Москва шаардык соту бүгүн, 16-октябрда Егор Жуков менен Самариддин Раджабовдун бөгөт чарасын карап, тергөө абактагы мөөнөтүн 27-декабрга чейин узартты.  Экономика жогорку мектебинин студенти Жуков менен активист Раджабов быйыл жайында Москва шаарындагы нааразылык акцияларга байланыштуу камакка алынган. Аларга "калайман баш аламандык уюштурган, экстремизмге, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырган, бийлик өкүлдөрүнө күч колдонгон" деген айып коюлган. Экөө тең күнөөсүн мойнуна алган эмес. Читать дальше...

Текебаев: депутат мыйзам чыгаруу укугунан ажырабашы керек

Azattyk.org 

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев парламент депутаты Курманкул Зулушевдин “депутаттар мыйзам жазбашы керек” деген пикирине байланыштуу "24.kg" агенттигине комментарий берген. “Эл өкүлү өкмөт сунуштаган мыйзамга гана добуш берүү менен чектелсе депутат эмес”, - деди Текебаев. Бирок, ал Зулушевдин айтканында жүйө бар экенин белгилеп, айрым учурда депутаттар кесиптештери сунуштаган чийки мыйзамдарга ар кандай себептерден улам “каршы” добуш бере албай жатканын айтты. Бул маселени Текебаев... Читать дальше...

УКМК: Сириядагы лагерлерде 500дөй кыргызстандык кармалып турат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык кармалып турганын маалымдады. Учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. “Сирияда жүргөн жарандар анын ичинде аялдар, балдар боюнча идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Беш жүздөн ашык кыргызстандык качкындар лагеринде, түрмөлөрдө жатат. Аларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат”... Читать дальше...

"Ыйман" фонду Түркиядан дагы акча сурады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Анкарадагы элчисинин «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондуна Түркиядан кошумча каржылык жардам сурашы парламенттин сынына кабылды. Депутаттар мындай кадам аталган өлкөнүн басымын күчөтөт деп эскертишти.

Кытайдан качкан казактар арсар абалда

Azattyk.org 

АКШнын чабармандары Сириянын түндүгүндөгү согуштук аракеттерди токтоттуруу вазийпасы менен Түркияга аттанып жатышат. Казакстанда Кытайдын Шинжаң районунан качып, чек араны мыйзамсыз өткөн эки казактын окуясы боюнча сотко чейинки тергөө башталды.



Батукаевдин иши боюнча сот жабык өтөт

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сот мындан ары жабык өтөт. Мындай чечимди бүгүн, 16-октябрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди. -Сот отуруму башынан аягына чейин жабык өткөнү калды. Бул туура эмес. Анткени болгону «27-том мамлекеттик купуя сырды камтыган том» деп таанылган. Калган 26 том эч кандай сырды камтыбайт. Читать дальше...

Чуулуу тыңчылардын башын кошкон той

Azattyk.org 

"The New York Times" гезити Орусиянын Европада атайын операцияларды жүргүзгөн жашыруун аскердик бөлүгүн ашкере кылып койду. Ал эми «Азаттыктын» орус кызматы британ бийлиги киши ууландырууга айыптаган орусиялык Анатолий Чепиганын дал ушул жашыруун чалгынчылардын бөлүгүнө байланышын аныктады.

Эрдоган эл аралык коомчулуктун талабын четке какты

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 16-октябрда парламентте сүйлөп жатып, эл аралык коомчулуктун дооматына жооп кайтарды. Ал Анкара Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулун токтотпой турганын билдирип, дүйнөлүк державалардын талабын четке какты.  - Кээ бир лидерлер ортомчу болгонго аракет кылып жатат. Түрк Республикасы эзели террорчул уюм менен бир үстөлдө отурган өлкө болгон эмес. Биз жоочулар бүгүн эле курал-жарагын таштап, буктурмалардын баарын бузуп,  "коопсуз аймактан" чыгып кетишсин деп жатабыз, - деди. Читать дальше...

Каталония: калайман нааразылык акцияда ондогон адам кармалды

Azattyk.org 

Испаниянын Каталония аймагында жикчилдердин лидерлерин бошотууну талап кылган калайман нааразылык акцияларында полиция менен демонстранттар кагылышты. Анда 70тей адам жаракат алып, 25 активист камакка алынды. Миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары Барселона баштаган бир катар шаарларда да өттү. Демонстранттар көчөлөрдү бууп, таштанды челектерди, тосмолорду алып ыргытышты. Полиция аларга каршы желим октор менен көздөн жаш агызган газды колдонду.  Испан өкмөтүнүн башчысы Педро Санчес калайман тополоңду айыптады. Читать дальше...

Тазабек Икрамов: Жогорку Кеңешке патриот адамдар келет

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентте депутаттар пайда көрчү бюджет жок экенин айтып, мыйзам чыгаруу бийлигине чыныгы мекенчил адамдар келерин билдирди. Ал бул тууралуу социалдык тармактарда «депутаттар мандатты сатып алышат» деген пикирлер көбөйгөнү боюнча «Азаттыкка» жооп берип жатып айтты. - Өзүңүздөр билесиздер Жогорку Кеңеште эч кандай бюджет жок. Көптөгөн кыскартууларга бардык. Жогорку Кеңешке чындыгында патриот адамдар келет. Мүмкүн көбү «акча табат» деп башкача ойлошот. Читать дальше...

«Карыяларды сакалын алууга мажбурлашат»

Azattyk.org 

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Шинжаңдан келген эки кытайлык казактын окуясы боюнча сотко чейинки тергөө башталганын кабарлады. Мурагер Алимулы жана Кастер Мусакан аттуу кытайлык жарандар Шинжаңда көргөн запкыга чыдабай, чек арадан мыйзамсыз өтүп Казакстан тарапка чыга качышкан.

Президент БШКнын төрайымы менен парламенттик шайлоону талкуулады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен алдыда болчу шайлоолорду талкуулады. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Шайлдабекова жакынкы эки жылдын ичинде өтчү шайлоолор тууралуу маалымат берди. Алар: 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык)... Читать дальше...

Тергөө менен кызматташуу - жазадан качуубу?

Azattyk.org 

Кийинки убакта чуулгандуу кылмыш иштеринде «тергөө менен кызматташуу» деген механизм пайда болуп, бул саясий кызыкчылык үчүн куралга айланганы тууралуу сын пикирлер айтыла баштады.

Гонконг шаар башчысын парламентте сүйлөтпөй коюшту

Azattyk.org 

Гонконгдо 16-октябрда парламенттеги оппозициячыл депутаттар шаар башчысы Кэрри Ламди сүйлөтпөй коюшту. Ал жылдык кайрылуу жасаганы жатканда Ламдин сөзүн бөлгөн кыйкырык-сүрөөн күчөдү, ушундан улам Кэрри Лам парламенттен чыгып кетти. Гонконгдун шаар башчысы кийинчерээк видео кайрылуу таратты.  Гонконгдо бир канча айдан бери полиция менен демонстранттар кагылышкан калайман нааразылык акциялары өтүп жатат. Миңдеген адамды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон. Читать дальше...

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасында 50 чакты оор жүк ташуучу машина токтоп турат, абал туруктуу. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Анын айтымында, көзөмөл-өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат. - Азыркы саатка карата “Ак-Тилек” бекетинде 50 чакты оор жүк ташуучу автоунаа чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте турат. Кыргыз-тараптан эч кандай чектөө жок. Кыргыз чек арачылары машинеде тыюу салынган каражат же зат жокпу, текшеришет. Читать дальше...

Батукаевдин иши: Жолдубаевага каршы мурдагы судья көрсөтмө берди

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин тергөөдө Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов экс-башкы прокурор Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берген. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жолдубаеванын адвокаты Алия Турумбекова билдирди. - Мен анын (ред: Жапар Эрматов) көрсөтмөсүн сөзмө-сөз айтып бере турган болсом ал «Индира Жолдубаева эгерде негиз болсо өтүнүчтү канааттандырып коюуну (ред: Азиз Батукаевди абактан бошотуу боюнча өтүнүчтү) суранган» деп жатат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Коммерсантъ

ДЭГ местного значения // Суд оставил в силе итоги электронного голосования на выборах президента





Персональные новости
Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)





Голландияда акыр заманды күтүп тогуз жыл жертөлөдө жашаган үй-бүлө табылды

Azattyk.org 

Нидерланддын полициясы Рёйнерволд аймагында кеминде тогуз жыл жертөлөдө жашаган үй-бүлөнү тапты. Полициянын маалыматы боюнча, алты кишиден турган үй-бүлөнүн бешөө 18-25 жаштардагы бир туугандар, алтынчысы алардын атасы. Аларга учурда медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Полиция бул үй-бүлө эмне себептен жертөлөдө жашаганын так айта элек, бирок жергиликтүү басылмалар бул адамдар акыр заманды, кыямат кайымды күтүп, эч жакка чыкпай жашап келишкенин жазып чыгышты.  «Reuters» маалымат... Читать дальше...

Ооганстандын чыгышындагы жардырууда үч полиция кызматкери мерт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышындагы Лагман провинциясында полициянын кеңсесинин жанындагы машинеге коюлган бомба жарылып, кеминде үч полиция кызматкери ажал тапты, дагы 36 киши жарадар болду. Алардын арасында медереседе окуган 20 бала бар экени белгилүү болду.  Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими билдиргендей, жардырууда полициянын кеңсесинин жанындагы медресе да аздыр-көптүр кыйраган.  Кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Полициянын расмий өкүлү Нусрат Рахими жардырууга байланыштуу «Талибан» кыймылын күнөөлөдү. Читать дальше...

Пенс менен Жулиани импичмент боюнча Конгресс менен кызматташпайт

Azattyk.org 

АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен президент Дональд Трамптын жеке адвокаты Рудольф Жулиани 15-октябрда президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында Эл өкүлдөр палатасы менен кызматташпай турганын билдиришти. Пенс өзүнүн адвокаты аркылуу Конгресс сураган Украинага байланыштуу документтерди бербей турганын айтты. Жулиани да конгрессмендерге ушундай эле жооп кайтарды. Анын жактоочусу Өкүлдөр палатасынын юристтерине жиберген катта мындай иликтөө мыйзамсыз экени жазылган жана Жулианинин... Читать дальше...

Милиция жер басып алуу боюнча кармалгандын баарын кайра коё берди

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин «Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу» деген беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш баштады. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сайкал Садыбакасованын айтымында, 15-октябрдагы муниципалдык жерди басып алуу аракети Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Кармалгандар түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин кое берилди. - Муниципалдык жерди... Читать дальше...

Ким Чен Ын өз өлкөсүндөгү эң бийик тоого чыкты

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын борбордук жаңылыктар агенттиги өлкө лидери Ким Чен Ындын өлкөдөгү эң бийик тоого ат минип чыкканын көрсөткөн сүрөттөрдү жарыялады.  Ал сүрөттөрдөн Түндүк Кореянын башчысы кар баскан Пэктусан тоосунда боз атты чаптырып жүргөнүн көрүүгө болот. Адистер бийликти бир колдо кармаган авторитардык лидер бийиктиги 2750 метрге жеткен бул тоого Пхеньян маанилүү билдирүү жасаардын алдында бара турганын белгилеп келишет.  Мисалы, 2017-жылдын соңун утурлай Ким Чен Ындын Пэктусан тоосундагы кезектеги сүрөттөрү жарыяланган. Читать дальше...

Орусия: Түркия менен Сирия армиясынын кагылышуусуна жол бербейбиз

Ca-irnews.com (kg) 

Орусия президентинин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев Москва Түркиянын куралдуу күчтөрү менен Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн ортосундагы кагылышууга жол бербейт деп билдирди.

Спорт в России и мире
Москва

Кыргызстанцы завоевали медали на международном турнире по танцам в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко: я предпочитаю смотреть мужской теннис, а не женский


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Московскую компанию заподозрили в хищении 103 млн рублей при реализации нацпроекта в Орле





Путин в России и мире
Москва

МИД РФ иронично прокомментировал высказывание Шольца о Путине и Канте


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко убежден, что белорусы «никогда еще так хорошо не жили»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

В РПЦ отказались называть причины запрета в служении иерея Сафронова, отпевавшего Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Розенбаум

«Посмотрите на этих губастых. Катастрофа!»: Александр Розенбаум против пластики в угоду моде



Москва

Власти США снова не дали дипломатам из РФ возложить венки к табличке «Дух Эльбы»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net