Ливанда нааразылык акцияларынан улам өкмөт башчы кызматтан кетет
Ливанда эки аптадан бери токтобой жаткан калайман нааразылык акцияларынан улам премьер-министр Саад Харири кызматтан кетерин жарыялады. Ал 29-октябрда Бейрутта өкмөт кризиске кептелгенин, азыркы жагдайга жооптуу экенин айтты. Харири жарандарды сабырдуулукка, зордук-зомбулукка барбоого чакырды. Премьер-министрдин бул билдирүүсүнүн алдында Бейрутта акцияга чыккандар менен "Амаль" жана "Хезболла" өңдүү радикал топтордун мүчөлөрү кагылышкан. Тоз-тополоңдо бир канча адам жаракат алган. "Хезболланын"... Читать дальше...