123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 13.10.2019

Косоводо БШК мүчөлөрү Сербиядан келген кутуларды ачкан соң өздөрүн жаман сезишти

Azattyk.org 

Косоводо Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү өздөрүн жаман сезгенден кийин бюллетендерди саноо убактылуу токтотулду. Маалыматка караганда, алар Сербиядан келген 5 кутуну ачкандан кийин өздөрүн жаман сезишкен.  Приштинадагы «Тез жардам» ооруканасынын башчысы алар аллергиялык реакция болгонун «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдирди. Косово полициясы андай окуя болгонун бышыктады, бирок кеңири маалымат берүүдөн баш тартты. Серб азчылыгынын «Sprska Lista» партиясы серб улутундагылардын... Читать дальше...

Ооган аскерлери Кундуз провинциясындагы районду талибдерден кайтарып алышты

Azattyk.org 

Ооганстандын Коргоо министрлиги өкмөттүк армия Тажикстан менен чек арадагы Кундуз чөлкөмүндөгү Даш-и Арчи районун «Талибандан» кайтарып алганын билдирди. Ооганстандын атайын күчтөрү 12-октябрда райондун борборуна чабуул коюп, «душмандын таянычын жок кылышты», деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Анда каршылаш тарап чоң жоготууларга учураганын, ооган күчтөрүнө АКШ аскерлери колдоо көргөзүшкөнү да айтылды. Даш-и Арчи району 2015-жылдан бери талибдердин көзөмөлүндө болуп келген. «Талибан» түндүктөгү... Читать дальше...

Назарбаев «кош бийлик» тууралуу кептерди четке какты

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев «кош бийлик тууралуу айың кептерди качкын уурулар, саткындар таратып жатышат» деп 11-октябрда «Хабар» телеканалындагы маегинде билдирди. «Элбасы» азыркы ыйгарымдары тууралуу сөз кылып, ал башкарган Коопсуздук кеңеши ички жана тышкы саясаттагы маселелерди чечерин, аны менен кадрлар макулдашылып турарын, бирок ал коллективдүү орган экенин белгиледи. Назарбаев президент Касым-Жомарт Токаев аны менен кеңешип турарын, бирок чечимдерди ошол кеңеш сураган киши кабыл аларын да кошумчалады. Читать дальше...



Мэттис ИМдин коркунучу тууралуу эскертти

Azattyk.org 

АКШнын мурдагы коргоо министри Жим Мэттис «Ислам мамлекети» экстремисттик уюм кайрадан жанданышы ыктымал экенин эскертти. Бир нече күн мурун президент Дональд Трамп Сириянын түндүк-чыгышындагы аскерлерди чыгарып кетүүнү чечкен.  12-октябрда NBC телеканалы Пентагондун мурунку башчысы менен интервьюнун үзүндүлөрүн тартуулады. Мэттис анда «ИМ кайра башын көтөрбөшү үчүн кысымды уланта бериш керек», – деп айтты. Маектин толук версиясы ушул жекшембиде чыгары жарыяланды. Генерал министр кызматынан быйыл... Читать дальше...

Жапонияда тайфундан кеминде 18 киши мерт болду

Azattyk.org 

Соңку маалыматтарга караганда, Жапонияда катуу тайфун кеминде 18 адамдын өмүрүн кыйды, дагы 13 адамдын дайыны табылбай жатат. Жаракат алгандардын саны 150гө чамалады. Өлкөнүн коргонуу күчтөрү суу айрыкча көп каптаган Нагано префектурасында адамдарды куткаруу менен алек болуп жатат.  Жекшембиге караган түнү «Хагибис» тайфунунан улам темир жана автомобилдик жол, аба каттамы, электр энергиясы менен жабдуу иштери үзгүлтүккө учурап, айрым жерлерди суу каптаган. Борбор шаар Токиодо бир аз бак-дарак кулагандан башка эч нерсе кыйраган жок. Читать дальше...

Балдар үйлөрү жана интернаттар боюнча мониторинг жүргүзүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстандагы эки атайын мектеп-интернатта жана бир Балдар үйүндө жашаган тарбиялануучулардын көбү келерки эки жыл аралыгында кайрадан үй-бүлөсүнө кайтып, жакындарынын жанында жашоо мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Балдарды коргоочулар лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Анын айтымында, былтыртан бери Красная-Речка,  Дмитриевка жана Военно-Антоновка айылдарында жайгашкан бул мекемелер боюнча мониторинг жүргүзүлгөн: - Жыйынтыгында тарбиялануучулардын беш эле пайызы томолой жетим экени аныкталды. Читать дальше...

АКШ: Северодвинскидеги жарылуу «Буревестникти» алып чыгуу учурунда болгон

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Орусиянын Архангелск облусундагы жарылуу Ак деңиздин түбүнөн өзөктүк ракеталык түзүлүш жүктөлгөн «Буревестник» ракетасын алып чыгуу учурунда болгон деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Бириккен Улуттар Уюмунун комитеттеринин биринде баяндама жасап жатып билдирди. Буга чейин «Азаттыктын» орус кызматы да иликтөө жүргүзүп, ушундай тыянакка келген. Жарылуудан радиация жайылып, бир нече адам каза болгон. Орус бийлиги жарылуу жаңы өзөктүк кыймылдаткыч сыналып жатканда болгонун кабарлаган. Читать дальше...



Өзбекстанда нан кымбаттаганы турат

Azattyk.org 

Өзбекстанда нан кымбаттаганы жатат. «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы жергиликтүү маалымат булактарына таянып жазганына караганда, буга буудайдын жана ундун баасы либералдашканы себеп болууда. Бир килограмм ун 1400 сумдан (15 цент) 2000-2500 сумга (21-26 цент) чейин кымбатташы ыктымал. Ошону менен катар колу жука жана көп балалуу үй-бүлөлөргө берилүүчү компенсациянын өлчөмү жогорулап, айына 50 миң сумга жетет (5,3 доллар).  Расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда жөлөкпул алчулардын жалпы саны 1,6 миллион адам. Читать дальше...

Польшада парламенттик шайлоо жүрүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн Польшада парламенттик шайлоо өтүп жатат. Талапкерлер парламенттин төмөнкү палатасы Сеймдеги 460 жана жогорку палата Сенаттагы 100 орун үчүн ат салышууда. Төмөнкү палата Сеймге шайлоо партиялык тизменин негизинде жүрөт. Бүгүнкү өнөктүккө өлкөдөгү ири беш партия катышууда. Баштапкы сурамжылоого караганда, бийликтеги «Укук жана акыйкаттык» партиясы менен анын союздаштары көпчүлүк добушка ээ болушу ыктымал. Ярослав Качинский жетектеген бул партияны колдогондор экономика тармагында жакшы жылыштар бар экенин... Читать дальше...

Өзбекстан мыйзам бузган чет элдиктердин жазасын жумшартмай болду

Azattyk.org 

Өзбекстан чет мамлекеттен келип бул өлкөнүн аймагында мыйзам бузган жарандардын жазасын жумшартканы жатат. Өзбек парламентинин жогорку палатасы мыйзам бузган чет өлкөлүктөрдү кылмыш жообуна тартуу тууралуу норманы мыйзамдардан алып салуу жөнүндө сунушту колдоп, кабыл алды. Ошондой эле 18 жашка чейинки курактагы чет өлкөлүктөр Өзбекстандын башка өлкөнүн жарандарына коюлуучу эреже-талаптарын бузса тартип жазасына тартылбайт деген норма киргени жатат. Өзбекстандын азыркы мыйзамдары боюнча мыйзам... Читать дальше...

Умтул Орозованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү

Azattyk.org 

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын мурдагы жетекчиси, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, телережиссёр жана коомдук ишмер Умтул Орозованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. 79 жаш курагында дүйнө салган Умтул Орозова Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган соң эмгек жолун «Комсомолец Киргизии» гезитинин кабарчысы болуп баштаган. 1967-жылы Москвадагы Театралдык институттун режиссура факультетин аяктап келгенден кийин Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетине режиссёр кызматына орношкон. Читать дальше...

Туулган жерге болгон кусалык

Azattyk.org 

Адабиятта коомдогу өзгөрүүлөрдүн маани-жайы маалында чечмеленип турушу абзел. Эгемендикти ээрчий келген экономикалык оор жагдай ишке жарамдуу калктын басымдуу көпчүлүгүн чет жерге чыгарды.

Зайырбек Ажыматовдун «Жүрөктөгү бороон» жыйнагынын бет ачары болду

Azattyk.org 

Бишкекте акын Зайырбек Ажыматовдун «Жүрөктөгү бороон» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Ишеналы Арабаев атындагы университетте уюштурулган иш-чараны «Аксы жаштар биримдиги» коомдук фонду өз демилгеси менен уюштуруп, калемгерди конок катары чакырды. Китептин бет ачарына КР Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева, акындар Шекербек Адылов, Мирлан Самыйкожо, Эрлан Жумагазиев, Рыскүл Изатова жана поэзия күйөрмандары катышты. Кече Бүбүсара Бейшеналиева... Читать дальше...

Ири пара үчүн соттолгон мурдагы жетекчинин жаза мөөнөтү кыскарды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары, коррупция үчүн соттолгон Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтүн 14 жылдан 12 жылга өзгөрттү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Жусубалиевди райондук сотто жактаган адвокат Жыргалбек Бабаев билдирди. Шаардык соттун ушундай өкүмү чыкканын «АКИпресс» агенттиги да маалымдады. Быйыл июль айында Бишкектин Биринчи май райондук соту Жусубалиевди 14 жылга түрмөгө кескен. Сот ал «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган», «опузалап ири өлчөмдө пара алган» деп тапкан. Читать дальше...

Россиялык футболчу бош калган дарбазага гол киргизе албай койду. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Беттештин биринчи эле мүнөтүндө "Сатурндун" дарбазачысы топту тосуу үчүн алдыга чуркап кетип, дарбаза бош калган. Бирок атаандаш команданын чабуулчусу Роман Изотов анын жанында туруп топту туура эмес тээп салган.

Билинбей кеткендердин бири

Azattyk.org 

Акимкан Молдогазиевдин өмүр баяны кыйла эле карама-каршылыктуу өткөнү баамга урунат. Жаш кезинен жаңы бийликти орнотууга болгон аракетин жумшап, 43 жашында коммунисттик массалык жазалоонун курмандыгына айланган.

Имран Хан Сауд Арабиясында жана Иранда сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

Azattyk.org 

Пакистандын премьер-министри Имран Хан шииттер башкарган Иранга иш сапары менен жөнөп жатат, андан соң ал сунниттер үстөмдүк кылган Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Буга чейин расмий Исламабад аймактагы бири-бири менен касташып жаткан бул эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болушу ыктымал экени кабарланган. Өткөн айда Перс булуңунда саудиялык мунай танкерлерине урулган оор соккулардан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Пакистандын өкмөт... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Ивлеева

Анастасию Ивлееву обвиняют в дискредитации армии России





Персональные новости
Актёр

Актер Виктор Степанов умер в возрасте 77 лет





Европа Кеңеши Түркиянын мигранттар тууралуу билдирүүсүн опуза деп атады

Azattyk.org 

Европа Кеңеши Түркиянын мигранттар тууралуу билдирүүсүн опуза катары баалады. Уюмдун жетекчиси Дональд Туск журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып түрк президентинин сириялык качкындарга чек араны ачып, Европаны көздөй өткөрүү тууралуу билдирүүсүн орунсуз деп мүнөздөдү:  - Менин реакциям катуу болду, бул таптакыр орунсуз. «Качкындар куралданган жана алар бизди опузалаш үчүн колдонулат» деген аныктаманы биз таптакыр кабыл ала албайбыз.  Тусктун пикиринде, Түркиянын соңку операциясы Сириядагы абалды ого бетер курчутушу ыктымал. Читать дальше...

14-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

14-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25; Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26; Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17; Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 23…25° болот.

Бостериде көлдүн түбүнөн 15 кап таштанды чыкты

Azattyk.org 

«Ысык-Көл» биосфералык аймагы» уюму көлдүн жээгин жана түбүн тазалоо иштерин жүргүзүүдө. «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун өкүлдөрү менен бирге уюштурулган соңку акциянын алкагында Бостери айылындагы көл жээги тазаланды. Уюштуруучулардан айтымында, бул күнү көлдүн түбүн тазалаганда 15 мүшөк таштанды чыкты. Мындан тышкары жээктеги кумдун үстүнөн дагы 16 кап акыр-чикир чогулду. Иш-чарага экология жаатында алектенген өкмөттүк эмес уюмдар да катышты. Ысык-Көлдө сууга түшүү сезону май айында башталып, күзүндө суук түшкөндө жыйынтыкталат. Читать дальше...

Токмокто төрөлгөн Дмитрий Бивол бокс боюнча дүйнө чемпиону наамын коргоп калды

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бивол 93 килограмм салмакта доминикалык Ленин Кастильо менен беттешкен. Спортчулар 12 раунд кармашып, натыйжада Кыргызстанда төрөлгөн боксчу калыстардын чечими менен жеңүүчү болгон.

Спорт в России и мире
Москва

«Динамо» (Москва) одержало победу в третьем матче полуфинала


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Уимблдон

Рыбакина призналась, что её жизнь сильно изменилась после победы на Уимблдоне


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Литва настраивает темп российским путешественникам





Путин в России и мире
Москва

IV Конгресс молодых ученых пройдет 20-22 ноября в Сириусе | Новости науки


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

У помощника Лукашенко по общим вопросам нашли три квартиры в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Денис Мацуев

Денис Мацуев покорил сердца магнитогорцев своим концертом



Москва

Соревнования «Тот самый физрук» прошли в Серпухове

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net