123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 02.10.2019

Шыкмаматов сөз эркиндигин коргоого чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов сөз эркиндигин коргоого чакырды. 3-октябрда "Азаттыктын" талкуусуна катышкан учурда буга чейин «Апрель», «Сентябрь» телеканалдарынын жабылышы туура эмес болгонун, бул көрүнүш уланбашы керектигин белгиледи: - Мамлекетте болуп жаткан күңгөй-тескейди билип туруу үчүн элдин көзөмөлү керек. Элдин көзөмөлүн камсыз кылып турган бул - сөз эркиндиги жана журналистика. Сөз эркиндиги болбосо, эркин журналистика болбосо анда коомдо бийлик... Читать дальше...

Эмил Үмөталиев министр кезиндеги иштер үчүн суракка чакырылды

Azattyk.org 

Ишкер Эмил Үмөталиев 2010-жылы экономика министри болуп турган кездеги айрым фактыларга байланыштуу Аскер прокуратурасына 2-октябрда суракка чакырылды. Бул тууралуу өзү "Азаттык" радиосуна билдирип, сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол койгондуктан, толук маалымат бере албасын айтты: - Сурак тез эле бүттү. Жаңы көйгөйлөр жаралат, деп ишенип туралы. Суракка чакырган органдын кызматкерлери өз милдеттерин аткарышты. Негизинен орундуу эле болду деп эсептейм, - деди Үмөталиев. Читать дальше...

Орусияда иштеген кыргызстандык тренердин өлүмү териштириле баштады

Azattyk.org 

Кемерево облусундагы фитнес-клубдардын биринде тренер болуп иштеген кыргызстандык жигиттин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова учурда адистерге тапшырма берилгенин билдирди. 2-октябрда маалымат каражаттары Ленинск-Кузнецк шаарындагы кафелердин биринде болгон жаңжалда кыргызстандык 25 жаштагы жигит жабыркап, ооруканада каза тапканын жазышкан. Кыргызстандык жигиттин өлүмүнө шек саналып кармалган адам жаңжал учурунда мас болгону айтылууда. Читать дальше...



Атамбаевдин тарапташтары 9-декабрга чейин камакта калды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бөгөт чарасын карап, 9-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.  Алар Фархад Бабиев, Алга Кылычев, Кыяс Смайлов жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев.  30-сентябрда Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Ирина Карамушкинанын үй камагындагы, ал эми партиянын дагы бир мүчөсү Фарид Ниязовдун абактагы мөөнөтүн 9-декабрга чейин узарткан. Читать дальше...

Евробиримдик Хашогжинин өлүмүн ачык иликтөөгө чакырды

Azattyk.org 

Европа Биримдиги саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмү боюнча ачык иликтөө жүргүзүүгө жана бул окуяга тиешеси бар адамдарды жоопко тартууга чакырды. Мындай билдирүүнү уюмдун тышкы иштер боюнча мекемесинин басма сөз кызматы таратты.  2-октябрда журналист Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирип, андан ары дайынсыз жоголгонуна туура бир жыл болду. Расмий Эр-Рияд Хашогжи консулдукта өлтүрүлгөнүн окуядан бир нече жума өткөндөн кийин гана мойнуна алган. Бирок журналисттин сөөгү алигиче табыла элек. Читать дальше...

Сурабалдиева: Кесиптик кошуундар боюнча кызыкчылыктар кагылышы бар (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап, ал экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Талкуу бир топ талаш-тартыш менен коштолду. Талкуунун жүрүшүндө айрым депутаттар сунушталып жаткан мыйзам долбоору бийликти бир кишинин, профсоюз жетекчисинин колуна берүү максатын көздөрүн белгилешти. Эл өкүлдөрү Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун жыйынга келбегенин сынга алышты. Мыйзам долбоору буга чейин парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин кароосунан өтүп, жактырылган. Читать дальше...

КСДП "Азаттыкка" байланыштуу жагдайга тынчсыздануу билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы "Азаттыктын" операторунун сабап, аппаратураларын тартып алган окуяга тынчсыздануусун билдирип, муну сөз эркиндигине каршы сокку катары баалады. Мындай билдирүүнү партиянын басма сөз кызматы 2-октябрда таратты.  "Биз жабыркаган оператор Айбек Кулчумановго жана журналист Ыдырыс Исаковго каршы каралоону токтотууну бийликтен талап кылабыз", - деп жазылат билдирүүдө.  Партия Жогорку Кеңештин комитеттери, саясий партиялар бул жаатта сөз айтпаганын сындап, "Азаттыкты" гана эмес... Читать дальше...



Түркмөн президенти министрди иштен айдады

Azattyk.org 

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салууга жана анын кесиптик ишине тоскоолдук жараткан окуяга тынчсыздануусун билдирди. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов ички иштер министрин жыйындан кууп чыгып, кызматтан алды.

“Журналисттер”: Иликтөөчү кайсы жерди тартарын алдын ала айтууга милдеттүү эмес (видео)

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист кайсы жерди тартарын алдын ала барып айтууга милдеттүү эмес. Бул тууралуу "Азаттыктын" эфиринде сүйлөп жатып “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов билдирди: - Журналист “Биз ушундай иликтөө жүргүзүп жаттык эле, ушул жерден барып тартканы жатабыз” деп алдын ала барып айтпайт. Өткөндө бир журналист “Геолокация болушу керек” дейт, ал да туура эмес маалымат берип  жатат. Журналисттик иликтөө жанры өзү ушундай – кандайдыр бир мыйзам бузуу болуп жатат десе ошону... Читать дальше...

Спорт агенттигинин жетекчиси Тыныбекова менен Муртазалиевди кабыл алды. Сүрөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова менен Абдурахман Муртазалиевден сырткары кадеттер арасындагы дзюдо боюнча дүйнө биринчилигинде үчүнчү орунду алган Чыңгызхан Сагыналиевди кабыл алган.

Гайпкулов: Мырзакматовдун иши боюнча сотко кайрылабыз

Azattyk.org 

“Азаттыктын” “Эки бир” экслюзив маегинин бул жолку коногу Жогорку Кеңештин депутаты, “Улуттар Биримдиги” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Искендер Гайпкулов болду. Ал өзү мүчө болгон “Улуттар Биримдиги” партиясы жана анын лидери Мелис Мырзакматовдун айланасындагы окуялар, президенттик администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүндөгү табышмактуу жагдайлар, өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча суроолорго жооп берди.

Пхеньян тогузунчу ракетасын учурду

Azattyk.org 

Түндүк Корея 2-октябрда кайрадан ракета учурганы белгилүү болду. Бул - Пхеньяндын үч ай ичиндеги тогузунчу сыноосу. Өлкө август айында да беш ракетасын сыноодон өткөргөн.

Атамбаевдин тарапташтарынын бөгөт чарасы каралып жатат

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бөгөт чарасын карап жатат. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, сот Фархад Бабиевдин абактагы мөөнөтүн 9-декабрга чейин узартты. Ушу тапта Кой-Таштагы окуядан кийин кармалган КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычев, Кыяс Смайловдун бөгөт чарасы каралууда. Ушул эле күнү Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин бөгөт чарасына байланыштуу адвокаттын арызы каралат. Читать дальше...

Жалал-Абад мэриясындагы уурулукка шектелип өспүрүм бала кармалды

Azattyk.org 

Шаардык мэриянын аппарат жетекчисинин иш бөлмөсүнөн жоголгон буюмдарды уурдоого шектүү катары калаанын 16 жаштагы тургуну кармалды. Облустук милициянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиргендей, өткөн айдын этегинде Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов милицияга арыз менен кайрылган. Анда 3-кабатта жайгашкан иш бөлмөсүн ачык калтырып, бир саамга чыгып кеткен учурда капчыгын, анын ичиндеги акчаларын жана жарандык паспортун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. “Уурдо” фактысы менен козголгон иштин алкагында бүгүн... Читать дальше...

Экс-депутат Мискенбаев ИИМдин Тергөө кызматына сурак берүүдө

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев 7-8-августта Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматында сурак берүүдө. Ал күндүзгү саат 11:00дө кирип кеткен боюнча чыга элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. ИИМ азырынча жооп бере элек.  7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп... Читать дальше...

Нур-Султанга сапар, поезддеги бир күн

Azattyk.org 

Казакстандын темир жолдорунун жалпы узундугу 16 614 чакырымды түзөт. Казакстандын түндүгү менен түштүгүн, чыгышы менен батышын гана байланыштырбастан, Азия мамлекеттери үчүн Европага жол ачат.


Музыкальные новости
Шарлот

В Самаре суд оставил певца Шарлота под стражей





Персональные новости
Елена Волкова

Стали известны дата и место проведения II Международного телевизионного конкурса детской авторской песни «Наше поколение»





Сүрөт баян: поездде өткөн бир күн

Azattyk.org 

Казакстандын темир жолдорунун жалпы узундугу 16 614 чакырымды түзөт. Казакстандын түндүгү менен түштүгүн, чыгышы менен батышын гана байланыштырбастан, Азия мамлекеттери үчүн Европага жол ачат.

Тыныбекованы таптаган Изабековдун эмгеги бааланабы? Спорт агенттигинин жообу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Балбан кыз Айсулуу Тыныбековага бир топ баалуу белектер тартууланды. Ал арада интернет колдонуучулар спортчуну бийиктикке жеткирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков бааланбай калды деген пикирлерин жазышууда.

Искендер Матраимов: «Азаттык» боюнча милицияга кысым көрсөткөн жокмун

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов Ошто «Азаттык» радиосунун кабарчысы кабылган окуяга байланыштуу милицияга басым жасабаганын айтууда. Бул тууралуу ал бүгүн 2-октябрда «Азаттыктын» эфиринде сүйлөп жатып билдирди: - Милиция текшерип жатат. Милицияга барып айтканым жок, чалганым да жок. Себеби эртеси күнү мени тартып алып «милицияга кысым көрсөтүп жатат» дебеши үчүн. 28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп... Читать дальше...

Киев Донбасска байланыштуу келишимге макулдугун берди

Azattyk.org 

Расмий Киев Украинанын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарына байланыштуу Минскиде жетишилген келишимдин шарттарына алдын-ала макулдугун берди. Украина, Орусия жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму макулдашкан бул келишимге ылайык, эгер бардык куралдуу күчтөр Украинанын чыгышынан чыгып кетсе жана расмий Киев Орусия менен 400 чакырымдык чек арага көзөмөлүн кайра калыбына келтире алса, анда украин бийлиги Донецк менен Луганскиде жергиликтүү шайлоо өткөрүп, бул аймактарга өзгөчө макам бериши керек болот. Читать дальше...

Жанарбек Акаев: Ошто атышуу, сабап кетүү нормага айланып баратат (видео)

Azattyk.org 

Ошто «Азаттык» радиосунун кабарчысы сабалганына байланыштуу Матраимовдор менен жаралган талашка чекитти бир гана милиция коюшу керек, бирок милицияга талап катуу коюлушу зарыл. Мындай пикирин 2-октябрда «Азаттык» радиосунун эфиринде сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев билдирди: - Ошто бул нерсе, тилекке каршы, нормага айланып баратат. «Күндүз атышса болот, таңга маал сабап кетсе боло берет, кааласа тартып алса болот» деген норма болуп жатат. Мыйзамдын алдында баары бирдей болушу зарыл. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Гостином дворе прошел форум «Мы вместе. Спорт»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Сафиуллин не смог выйти во второй круг турнира ATP в Барселоне


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о сохранении экологии Севастополя





Путин в России и мире
Москва

Путин всё знал, но никого не предупредил: Немцы обвинили Москву в прорыве израильского Купола


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Фридерик Шопен

Музыка Шопена под небом



Москва

К летнему сезону в «Серебряном бору» проведут локальное благоустройство

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net