Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 24.10.2019

Депутат Мамашова "бизнесин жашырат" деген маалыматты четке какты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова "декларациясында бизнесин жашырган" деген маалыматты четке какты. 24-октябрда "Экономист" басылмасы Юстиция министрлигинин маалыматына таянып, депутат беш компанияга ээлик кыларын, декларация тапшырганда кирешесин көрсөтпөгөнүн жазган. Мамашова "Азаттыкка" комментарий берип, ал компаниялар 2015-жылы депутат болгонго чейин ачылганын, парламентке келген соң ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп, жабылуу жараяны башталганын белгиледи: "Эки компания жабылган. Читать дальше...

Конституциялык палата макам маселесине чекит койду

Azattyk.org 

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин өтүнүчүн четке кагып, 2019-жылдагы «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга ылайык деп тапты.

Атамбаевдин макамын алуу мыйзамдуу деп табылды

Azattyk.org 

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин өтүнүчүн четке какты. Конституциялык палатанын судьялары 2019-жылдагы «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга ылайык деп тапты. Бирок Конституциялык палата «учурдагы президент экс-президенттен кепилдикти алат» деген эреже Баш мыйзамга дал келбесин билдирди. Атамбаевдин тарапташтары Конституциялык палатанын бүтүмүн бийликтин тапшырмасы деп баалап, аталган орган кайсы... Читать дальше...



Баткен коогалаңынын актай барактары (4-бөлүк)

Azattyk.org 

“Өзбекстандын ислам кыймылынын” (ӨИК) согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурдагы кагылышуусу “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды.

ЖЭБ соту: Сапар Исаков камактагы камерадан чыгуудан баш тартты

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу жемкорлукка айыпталып жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков убактылуу кармоочу жайдын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Жоошев мамлекеттик айыптоонун далилдери жетишсиз болгондуктан буга чейин мыйзам бузганы үчүн сыртынан соттолуп, издөө жарыяланган адамдардын көрсөтмөсүн кошууга аракет кылып жатканын айтты. 2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Читать дальше...

Акыйкаттык издеген Азимовдор

Azattyk.org 

Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелип кармалган ага-ини Азимовдордун үй-бүлөсү соттук иштерге Кыргызстандан интернет аркылуу гана көз салууда. Уулдарынын актыгына ишенген ата кайрадан эки өлкөнүн президенттерине кайрылды. Жалал-Абад шаарында жашаган Азимовдордун үйүнө кабарчыбыз барып келди.

Дагы бир кандуу окуя бийликке сынды күчөттү

Azattyk.org 

Бишкекте киши колдуу болгон адамдын сөөгү «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаадан табылды. Он күн ичиндеги бул экинчи кандуу окуя бийликке сын пикирди күчөттү.

Сахаров атындагы сыйлык уйгур активисти Илхам Тохтиге ыйгарылды

Azattyk.org 

Европа парламенти 24-октябрда Сахаров атындагы сыйлыкты Кытайда 2014-жылы жикчилдикке айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин соттолгон уйгур активисти Илхам Тохтиге берди. Парламент спикери Давид Сассоли сыйлык тууралуу жарыялап жатып, Бээжинди укук коргоочуну "чукул арада" бошотууга чакырды. Буга чейин Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ПАСЕ) Тохтиге Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты берген. Бээжин камактагы уйгур активистке эл аралык сыйлыктардын берилишин айыптап келет. Былтыр Сахаров... Читать дальше...



Кытайда ишкерликтин жүгү жеңилдеди

Azattyk.org 

Дүйнөлүк банк "Doing Business - 2020" иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Кытай Дүйнөлүк банктын "Ишкерликти жүргүзүү" баяндамасында акыркы эки жыл катары менен ишкерликти өнүктүрүү аракети боюнча алдыңкы он өлкөнүн ичине кирди.

ФИФА рейтингинде Кыргызстан үч тепкичке көтөрүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде үч тепкичке көтөрүлдү. Уюмдун расмий сайтында бүгүн, 24-октябрда жарыяланган маалыматка таянсак, Кыргызстан 94-орунда жайгашты. Буга чейин сентябрь айындагы рейтингде Кыргызстан 97-орунду ээлеген. Кыргызстандын командасынын рейтингде ээлеген ордунун жогорулашына 2022-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында эки беттеште жеңишке жеткени себеп болду. Кыргызстандын... Читать дальше...

«Forbes» Орусиядагы экинчи миллиардер аялды тизмеге кошту

Azattyk.org 

«Forbes» журналы жыл сайын жарыялаган Орусиядагы бай аялдар рейтингинде дагы бир миллиардер аял пайда болду. Байлыгы 1,2 милилард доллар деп эсептелген Москва шаарынын мурдагы мэри Юрий Лужковдун жубайы Елена Батуринага «Wildberries» интернет-дүкөнүнүн кожойкеси Татьяна Бакальчук кошулду. Анын активдери бир миллиард доллар деп бааланды. Батурина «Forbes» журналынын тизмесине биринчи жолу 2004-жылы илинген. Ортодо 2009-жылы гана кошулбай калганы болбосо, ошондон бери бул журналдын тизмесинен түшпөй келатат. Читать дальше...

Москва университетинин Оштогу филиалынын курулушу башталат

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы өз ара кызматташуу мамилелерин талкуулашты. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда тараптар Ош шаарында ачыла турган Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иштөө шарттары, окуу жайдын имараты тууралуу жагдайларды сүйлөштү. Министр Ломоносов атындагы университеттин... Читать дальше...

Конституциялык палата: Атамбаевдин макамын алуу Баш мыйзамга каршы келбейт

Azattyk.org 

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин өтүнүчүн четке какты. Конституциялык палатанын судьялары 2019-жылдагы «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга ылайык деп тапты. Бирок Конституциялык палата «учурдагы президент экс-президенттен кепилдикти алат» деген эреже Баш мыйзамга дал келбесин билдирди. Конституциялык палатага арыз жазган Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин бири Нурбек Касымбеков аталган орган алардын арызын четке какканын билдирип... Читать дальше...

25-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 25-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20; Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 15…20; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18; Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15; Бийлик тоолуу райондордо -14…-19, күндүз -3…+2 градус болот. Бишкекте 25-октябрда жамгыр жаабайт. Борбордо абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°... Читать дальше...

Британияда машинеден сөөгү табылгандар кытайлыктар экени аныкталды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Британиядагы айрым жалпыга маалымдоо каражаттары полициядагы булактарына таянып жазып чыгышты. Полиция үрөй учурган окуяга байланыштуу азырынча кеңири маалымат тарата элек.  Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Эссекс аймагында 39 адамдын сөөгү бар жүк ташыган автоунаа табылган. Полиция бул машине өткөн ишембиде Британияга Болгариядан келгенин, өлгөндөрдүн арасында бир өспүрүм бар экенин билдирген. Полицияга окуя тууралуу «Тез жардам» кызматы 23-октябрга оогон түнү кабар бергени маалым болгон. Читать дальше...

Кытай: Америка өз визасын "курал" катары колдонуп жатат

Ca-irnews.com (kg) 

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин кытайлык делегациянын Вашингтондо өткөн Астронавтика боюнча эл аралык конгресске катышпай калгандыгына байланыштуу билдирүү жасап, Америка виза маселесин "курал" катары колдонуп жатат деп билдирди.

Чүйдө жүргүнчүлөрү менен бараткан кичиавтобус оодарылып кетти (видео)

Azattyk.org 

Чүй облусундагы айланма жолдо, Бишкек шаарынан анча алыс эмес жерде жүргүнчүлөрдү ташып бараткан кичиавтобус кырсыкка кабылды. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмү ырастады. Мекеме билдиргендей, «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү транспорт Бишкектен Чолпон-Ата шаарына бараткан. Кырсыктан жабыр тарткандардын абалы тууралуу толук маалымат бериле элек. Кырсык 24-октябрда түштөн кийин болгону кабарланды. Окуя болгон жерде тиешелүү кызматкерлер иштеп жатат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Владимир Высоцкий

Что Золотухин рассказывал про некрасивые тайны Таганки и почему Высоцкий его не простил





Персональные новости
НОПРИЗ

Подмосковные проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023





Жарандардын даты, Жакупованын каты

Azattyk.org 

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу жазды. Анда укук коргоочу элдин коррупцияга каршы күрөш тууралуу бийликтин сөздөрүнө ишенбей жатышынын себептери талданган.

ЖЭБ боюнча сотто Ширшов менен Елисеевдин көрсөтмөлөрү окулат

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотундагы каралып жаткан иште 2010-жылга чейин Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин мурдагы төрага орун басары Алексей Елисеев жана ошол жылдары энергетика тармагынын “көмүскө кожоюну” аталган Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрү окулат. Мындай өтүнүчтү 23-ноябрда мамлекеттик айыптоочу келтирип, ишти карап жаткан судья аны канааттандырган. Бул тууралуу бул иште айыпталып жаткан мурдагы... Читать дальше...

Кыргызстандын футболчулары FIFA рейтингинде үч тепкич көтөрүлдү

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандын футболчулары бул айда мурдагыдан 15 упай көбүрөөк алып, жалпысынан 1 252 упай топтой алды. Буга чейин команда былтыркы жылдын апрель айында эң жогорку көрсөткүчкө (75-орун) жеткен.

Брюсселде НАТОнун коргоо министрлери жыйынга чогулду

Azattyk.org 

Бүгүн Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин эки күндүк жыйыны башталды. Анда башкы темалардын бири Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулу болмокчу. Буга чейин Анкараны анын НАТОдогу бир катар өнөктөштөрү соңку чабуулуна байланыштуу кескин сынга алган. Бул жагдай аймактагы туруктуулукка, коопсуздукка шек келтирет, "Ислам мамлекети" террордук уюму кайра баш көтөрүшү мүмкүн деген мазмундагы кооптонуу айтылган.  НАТОнун баш катчысы Йен Столтенберг бул... Читать дальше...

Ошто 100дөй тургун кен иштетүүгө каршы митингге чыкты

Azattyk.org 

Кен казууга каршы болуп жаткан Алай районунун 100дөй тургуну Ош облустук администрациясынын алдына чогулду. Аларды облус жетекчилиги кабыл алып, сүйлөшүп жатат.   Акцияга чыккандар учурда милицияда кармалып турган эки тургунду үй камагына бошотууну жана кен казууну токтотууну талап кылып жатышат. Оштун Алай районунда кен казуучулар менен жергиликтүү тургундардын мушташы дээрлик бир айдан бери иликтенүүдө. 20дан ашуун адам аралашкан чырдан улам алты киши сурак берип жатат. Калгандары тергөөдө күбө катары өтүп жатышат. Читать дальше...

Жалал-Абад: Садыр Жапаровдун тарапташтары «кысымга кабылдык» деп даттанууда

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунда саясатчы Садыр Жапаровду колдоо штабын уюштурууга жана андан ары ишти улантууга укук коргоо органдары жолтоо болуп жатышканын бүгүн анын тарапташтары билдирип чыгышты. Алардын бири Абдыпатта Маткалыковдун айтымында штаб үчүн кеңселерди ижарага алууда укук коргоо органдары тоскоол болуп жатат. - Биз мыйзамдуу түрдө иш алып баралы деп, штабды уюштурууга шаардан ижарага кеңсе алганбыз. Бирок айрым укук коргоо кызматкерлери ижара берүүчүлөрдү коркутуп, бизди имараттан чыгарууну айласын издеп жатышат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Свёнтек разгромила Кырстю и вышла в 1/8 финала турнира WTA-1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Труп мужчины найден в лесопарковой зоне в Сокольниках





Путин в России и мире
Москва

Путин поздравил Леонида Рошаля с днем рождения


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Продюсера Reuters арестовали за публикацию материалов на YouTube-канале «НавальныйLIVE»



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт «Стихи войны и мира. Баллада о своих»



Москва

Воплощение индивидуальности: дизайнерская одежда для мужчин

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net