123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 19.10.2019

Германиядагы кыргыздардын "Kyrgyz Club – Germany" клубуна он жыл болду

Azattyk.org 

Буга байланыштуу маараке 19-октябрда Германиянын Бонн шаарында өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен өкүлдөр, кыргызстандыктар катышууда. Мындан тышкары мааракеге башка өлкөлөрдөгү кыргыз коомдорунун өкүлдөрү да чакырылган. "Kyrgyz Club – Germany" клубунун төрагасы Бакыт Көбөгөновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, клуб түзүлгөндөн бери Германияда жашаган, окуган жана иштеген кыргызстандыктардын башын бириктирип, ынтымагын бекемдөөнүн үстүндө иштеп келет.

"Айтматовдун батасын алганга үлгүрбөй калдым"

Azattyk.org 

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов ааламдан өткөндө, коңшулаш Өзбекстандын Фергана калаасынан Бишкекке атайын келип, улуу калемгерди акыркы сапарга узатуу мааракесине катышкан өзбек калемгери Жахангир Фозилдин эскерүү китепчесиндеги кайгылуу баяндардын бирин сунуштайбыз.

Ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүрүүгө шек саналып төрт киши кармалды

Azattyk.org 

Ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдоого жана өлтүрүүгө шек саналып төрт киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Шаардык милициянын маалыматы боюнча, кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүүлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарындын Кочкор районундагы автожолдон 150 метр ары жактан табылган. Анын сөөгү жерге 70-80 сантиметр тереңдикте көмүлгөн. 5-октябрда... Читать дальше...



Мигранттардын профсоюзу Баткенде түптөлдү

Azattyk.org 

"Эмгек мигранттарынын кесиптик кошуундар бирикмесинин" 1-курултайы Баткен облусунун Исфана шаарында өттү. Анда бирикменин жетекчилиги шайланып, Орусиялык "Новые профсоюзы" кесиптик бирикмеси менен кызматташтык келишими түзүлдү.

Алдыга чыга албаган аялзат

Azattyk.org 

“Эже-сиңдилер” телеберүүсүндө коомдо аялдарды алдыга сүрөө жана лидерликти өнүктүрүү темасында баарлаштык.

"Манастын" короосу китеп базарга айланат

Azattyk.org 

"Манас" кинотеатрынын алдында мындан ары ар ишемби, жекшемби күндөрү китеп жармаңкеси өтүп турат. Уюштуруучулар жармаңкеге китеп дүкөндөрү, басма үйлөрү жана букинисттер (эски китеп саткандар) катышарын айтышты. Ошондой эле акын-жазуучулардын өздөрү да келип окурмандар менен баарлашып, китебин кол тамгасы менен сатса болот. Бул саамалыкты "РухЭш" сайты менен "Айтыш" коомдук фонду уюштурган.

Кинотеатрдын короосундагы китеп базары

Azattyk.org 

"Манас" кинотеатрынын алдында мындан ары ар ишемби, жекшемби күндөрү китеп жармаңкеси өтүп турат. Уюштуруучулар жармаңкеге китеп дүкөндөрү, басма үйлөрү жана букинисттер (эски китеп саткандар) катышарын айтышты. Ошондой эле акын-жазуучулардын өздөрү да келип окурмандар менен баарлашып, китебин кол тамгасы менен сатса болот. Бул саамалыкты "РухЭш" сайты менен "Айтыш" коомдук фонду өткөрүп турмакчы.

Ооганстанда мечиттеги жардырууда курман болгондордун саны 62ге жетти

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясындагы мечиттердин биринде жума намазы учурунда болгон кош жардыруудан курман болгондордун саны 62 кишиге жетти. Андан тышкары ондогон адамдар жараат алды. Ооганстандын бийлиги азырынча калаба үчүн жоопкерчиликти эч бир топ мойнуна ала элек экенин билдирди. 18-октябрда болгон жардыруудан мечиттин чатыры урап түшкөн. Нангархар провинциясынын губернаторунун пресс-катчысы Аттаулла Хогьяни жардыруудан 62 киши өлүп, 36 адам жараат алганын, алардын баары мечитке келишкенин айтты. Читать дальше...



Түркия менен күрддөр ок атпоо макулдашуусу боюнча бири-бирин айыптады

Azattyk.org 

Түркия менен күрд аскерлери Сириянын түндүк-чыгышында атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу бузулганын айтып, бири-бирин айыптап жатат. Түркиянын Коргоо министрлиги алар «террорист» деп эсептеген күрддөрдүн куралдуу кошуундары 36 саат ичинде 14 жолу чабуул жасаганын жарыялады. Алардын басымдуу бөлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Рас-аль-Айн шаарынын Түркия менен чектеш аймагында болгон. Түрк аскерлери өздөрү атышууну токтотуу боюнча макулдашууну сактап жатканын кабарлады. Ошол эле учурда күрддөр... Читать дальше...

Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызтесттен» өттү

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде өздөштүрүп, аны кемчиликсиз билиши керектигин айтты. Ал бул тууралуу «Кыргызтест» системасы аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өткөн учурда билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алды. Жыйынтыгында Абылгазиевге мамлекеттик тилди С1 ... Читать дальше...

20-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

"Кыргызгидромет" борбору кабарлагандай, 20-октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22; Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 16…21; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25; Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18; Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5 градус болот. Бишкекте 20-октябрда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 20…22 градус болот.

Окуучуларды машинеси менен сүзүп кете жаздаган күч кызматкери айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Жөө адамдар өтчү жол сызыгынан милициянын автоунаасы менен эки баланы сүзүп кете жаздаган Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерине жол эрежесин бузганы боюнча протокол толтурулуп, 3000 сом айып пул салынды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, күч кызматкерине карата Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы да иликтөө ишин баштады. Интернетте Бишкектин Токтогул жана Тимирязев көчөлөрүндө Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын... Читать дальше...

Элчилик Орусияда полиция кармаган эки кыргыз жараны боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги «эки кыргыз жараны Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз кармалууда» деген маалыматты четке какты. Элчиликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандын эки жараны 1-октябрда жашаган ордуна байланыштуу жалган каттоо жасап, миграциялык мыйзамды бузганы үчүн Орусияда жоопко тартылышкан. Алар административдик жазага карабастан, Орусиянын аймагында жашоосун мыйзамдаштырбай жүрө берип, Орусиядан чыгып кетүү тартибин сактабаганы үчүн 16-октябрда Москвадан кайра кармалышкан. Читать дальше...

Красноярск крайында дамба жырылып ондон ашык адам өлдү

Azattyk.org 

Орусиянын Красноярск крайында Сейба дарыясында дамба жырылып ондон ашуун адам өлдү. 13 киши дайынсыз болуп, дагы 10дон ашык адам жараат алды. Суу алтын казган компаниянын жумушчулары жашаган жатаканаларды каптап кеткен. ТАСС агенттиги 13 киши каза болгонун жазса, "Интерфакс" 12 адам өлгөнүн кабарлады. Андан тышкары жумушчалар жашаган жатаканаларда 80дей адам болушу мүмкүн экени айтылууда. Дамбадагы авариядан кийин толкундун бийиктиги төрт метрге чейин жеткен. Кырсык болгон аймакка куткаруучулар... Читать дальше...

Түркиядан чыга албай жаткан Эшимбековдун паспорту кайтарылат

Azattyk.org 

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги билдирди. Маалыматка караганда, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин элчиликке жиберген катында кыргызстандык Нурадил Эшимбековдун паспорту жасалма эмес экени аныкталганы, бул иш боюнча тергөө жүргүзгөн Анадолу прокуратурасы тарабынан паспорт ээсине кайтарылары жазылган. Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда бир айдан бери паспортсуз жүргөн кыргызстандык Нурадил Эшимбековдун иши боюнча Түркиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн. Читать дальше...

Баткенде чек аралаш аймактарда жашагандар медиасабаттуулук боюнча окуудан өтүштү

Azattyk.org 

Баткендин Тажикстан менен чек ара аймактарындагы 16 айылдан 20дай мугалим жана активисттер “Медиа жана маалымат сабаттуулугуна үйрөтүү” боюнча үч күндүк окуудан өтүштү. Катышуучулар чыр чыккан кезде так жана туура маалыматтар менен бөлүшүүнү үйрөнүштү. Чагымчыл маалыматтарды чындык менен айырмалай алган жөндөмдү үйрөнгөн чек аралаш аймактын активисттери чыр-чатактардын күчөшүнө жол бербөөнү айылдагы жаштарга да үйрөтүп баштады. Жогорудагы окуудан өткөн тренерлер бир жума бою Лейлек жана Баткен... Читать дальше...

2020-жылы Кыргызстанда шайлоолорду өткөрүүгө 828 млн. сом жумшалат

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2020-жылы шайлоолорду өткөрүүгө республикалык бюджеттен 1 млрд. 214 млн. сом каралды. Бирок ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2020-жылдын декабрында аяктай турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын апрелине жылдырылат. Буга байланыштуу 2020-жылы шайлоого кетчү чыгымдар 386,1 млн. сомго азайтылып, 828,2 млн. сомду түздү.   Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, каражат негизинен биометрикалык жабдуу менен иштеген операторлордун маянасына, биометрикалык... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анна Нетребко

Муж Нетребко Эйвазов перенес концерт на 40 дней из-за теракта в Crocus City Hall





Персональные новости
Динамо

УГМК уступил курскому «Динамо» в Екатеринбурге. ФОТО





Кыргызстан оторчулук доорунда: Жаңы китептин жаңы сөзү

Azattyk.org 

Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйын маалындагы анын “Кыргызстан оторчулук доорунда” аттуу жаңы китебинин бет ачар аземине карата сереп.

Сауд Арабияда жол кырсыгына кабылгандардын арасында кыргызстандыктар жок

Azattyk.org 

Сауд Арабияда 16-октябрдагы жол кырсыгында бери дегенде 36 адам каза болду. Алар Умра амалын аткарганы Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен барган. ТАСС агенттиги Сауд Арабиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып билдиргендей, окуя Медина жана Мекке шаарларын байланыштырган жолдо болгон. “Эр-Рияд” басылмасы 40 киши менен бараткан автобус жүк машинеси менен кагылышып, күйүп кеткенин жазды. Төрт киши ооруканада. Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилигинин өкүлдөрү кырсыкка кабылгандар... Читать дальше...

Атамбаевдин жансакчысынын тарапташтары нааразылык акциясына чыгышты

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин тарапкерлери бүгүн, 19-октябрда Бишкектеги Максим Горький паркына нааразылык акциясына чыгышты. Алар бийликтен Сагымбаевдин ишин калыс териштирүүнү талап кылышты. Акцияда Сагымбаевдин жубайы Мээрим Бердибекова жолдошу камалгандан бери бир да жолу жолуга электигин айтып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. - Президенттен акыйкат чечим чыгарып беришин дагы бир жолу суранам. Жок дегенде төрт баланын убалынан коркуп, калыс чечим чыгарышса, - деди Бердибекова. Читать дальше...

Баткенде көмүр 1500 сомго кымбаттады

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 10-октябрда Баткен шаарында 1 тонна көмүр 7000 сом болсо, 17-октябрга карата 8500 сомго көтөрүлдү. Жалпы-жонунан алганда Кыргызстанда өткөн аптага салыштырмалуу көмүрдүн орточо баасы 1 тонна үчүн 27,04 сомго же 0,6 пайызга жогорулады. 17-октябрга карата көмүр эң кымбат сатылган аймактар: Баткенде 1 тонна көмүр 8500 сом, Кара-Суу шаарында 7745 сом, Ноокат шаарында 6986 сом жана Ош шаарында 6198 сом болуп жатат. Ал эми Нарындын Чаек айлында 1 тонна көмүр 2500 сом... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Актера Свиридова госпитализировали из-за инфицирования после операции в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Александрова обыграла первую ракетку мира на турнире WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Энергетические поля компенсируют растущие потребности в электроэнергии





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин поручил комиссии по НТР представить перечень приоритетных направлений


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

«С какой целью вы пришли почтить память? Он вам родственник?» В Москве осудили девушку, которая пришла возложить цветы в память о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Владимир Спиваков

В Курской области выступил Национальный оркестр России под управлением Владимира Спивакова



Москва

В Щукине строят и проектируют семь домов по реновации

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net