Жалал-Абад Орусиянын Тюмен облусу менен кызматташмай болду
Жалал-Абад облусу Орусиянын Тюмен облусу менен кызматташмай болду. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий багытта кызматташуу тууралуу келишимге кыргыз делегациясынын Тюмен шаарына иш cапарынын жыйынтыгында кабыл алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз өкмөтү менен Тюмен облусунун өкмөтү ортосундагы кызматташтык боюнча 2019-2023-жылдарга түзүлгөн келишимди ишке ашыруунун жол картасы да кабыл алынды. Читать дальше...