Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйын 14-октябрга жылдырылды
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын 14-октябрга жылдырылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Анын журналисттерге берген маалыматы боюнча, соттук жыйындын жылдырылышына айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук процесске келүүдөн баш тартканы себеп болду. - Алмазбек Шаршенович Атамбаев сотко келүүдөн баш тартты. Читать дальше...