Тажикстан Сириядан 575 эне-баланы алып келүүгө даярдана баштады
Тажикстандын бийлиги Сириянын качкындар лагерлеринде жашап жаткан тажик аялдарын балдары менен чогуу мекенине алып келүүгө даярдык көрө баштады. Расмий бийлик кабарлагандай, бир нече жыл мурун “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткен жоочулардын үй-бүлө мүчөлөрү – аялдар жана балдар, кеминде 575 адам ошол жакта калган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, тажик дипломаттары Сириянын жогорку аткаминерлери менен жолугуп, мекендештеринин тек-жайын аныктап, өлкөгө кайтаруу маселелерин талкуулады. Читать дальше...