Өмүрзаков: этика ченемдерин бузган кызматкерлердин көбү милицияда иштегендер
Кыргызстанда мыйзам бузуп же этика ченемдерин сактабай иштен алынган мамлекеттин кызматкерлердин көбү Ички иштер органдарында эмгектендер. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук жана аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик кадр кызматында ишенимди актабай же башка мыйзамдарды бузгандардын реестри жыл сайын түзүлөт. Ага жыл сайын 170тей адамдын аты-жөнү кирет. - Бирок кызматкерлер эреже бузган учурда жетекчиси "арызыңды жаз" деп айтышат. Читать дальше...