Бүгүн Кыргызстан менен Сириянын футболчулары Бишкекте беттешет
Бул жолку оюнга команданын мыкты футболчулары, капитан жана коргоочу Азамат Байматов менен жарым коргоочу Антон Землянухин катышпайт.
Бул жолку оюнга команданын мыкты футболчулары, капитан жана коргоочу Азамат Байматов менен жарым коргоочу Антон Землянухин катышпайт.
Тажикстан 9-сентябрда Варшавадагы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам укуктары боюнча жыйынына өз делегациясын жиберди, алардын арасында “Ислам кайра жаралуу” партиясынын мурдагы эки мүчөсү да бар. Чет өлкөдөгү тажик оппозициясы Варшавага 8-сентябрда эле келген. ЕККУнун адам укуктарына арналган жыйыны 10-21-сентябрда Польшада өтөт. Ага 57 өлкө өкмөтү менен жарандык коомунун 1800дөй өкүлү катышат. Тажикстан президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр борборунун директорунун... Читать дальше...
Түркмөнстанда эл аралык “Амуль-Хазар” автораллисине даярдык көрүү – Лебап облусунун жашоочулары үчүн көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратты. Жарыш 9-16-сентябрда өтөт. “Азаттыктын” түркмөн кызматы жергиликтүү тургундарга таянып кабарлагандай, автожарышка даярдыктан улам чоң жолдор толугу менен жабылып, жашоочулар көчөлөрдү тазалоо иштерине мажбурлап тартылууда. Түркмөнабад шаарынын четиндеги жолдор жабылып, жумушка же ооруканага бараткан кишилер үчүн кыйынчылык пайда болду. “Амуль-Хазар” автожарышына... Читать дальше...
Казакстандын Түркстан облусундагы Фирдауси айылында жоолук салынганы үчүн сабакка киргизилбеген жети окуучунун ата-энеси кыздарынын документтерин алып кетти. Бул тууралуу мектеп директору Жанар Мамырова билдирди. Анын айтымында, жогорку класстагы 203 кыздын 10у жоолугун чечүүдөн баш тарткан. Жети кыздын ата-энеси мектептен документтерин алып кетип, балдарын башка окуу жайга которушту. - Жоолугун чечпеген 10 кыздын экөө ооруп жатканын билебиз. Бирөө башка мектепке которулуу үчүн документтерин даярдоодо. Читать дальше...
Ташкенттин Юнусобод районундагы "Омина" мечитинин имамы Фазлидин Парпиев президент Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жасагандан кийин бир күн өтүп кызматтан бошотулду. Муфтияттын буйругунун негизинде ал Адеп комиссиясынын 8-сентябрдагы чечими менен иштен алынган. Буйруктун көчүрмөсү социалдык тармактарга тарады. 32 жаштагы Фазлидин Парпиев 7-сентябрдагы жума кутбасы учурунда Өзбекстанда дин ишениминдеги адамдарга, негизинен хижаб кийгендерге жана сакалчандарга басым жасалып жатканын сындаган. Анын алдында мамлекет башчыга видеокайрылуу жасап... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин "Кыргыздар" аттуу китеби КМШ мамлекеттеринин "Китеп маданияты" сынагында "Шериктештик" номинациясында биринчи орунду алды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 7-сентябрда Москвадагы эл аралык китеп жармаңкесинин алкагында өткөнүн парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Сынакты КМШ уюмунун Мамлекет аралык кеңеши басма багытындагы кызматташуу алкагында уюштурду. Иманалиевдин "Кыргыздар" китеби англис, немис, орус жана кытай тилдеринде да басылган. Анда кыргыз элинин тарыхы... Читать дальше...
10-сентябрда Бишкекте пластикалык хирургия жана косметологияга арналган эл аралык конгресс өтөт. Кыргыз-орус славян университетинин 25 жылдыгына арналган иш-чараны кыргызстандык адистер өткөрүүдө. Жыйынга Орусия, Жапония, Түштүк Корея жана Индонезиядан келген дарыгерлер катышарын аталган окуу жайдан кабарлашты. Дарыгерлер пластикалык хирургиянын стратегиялык өңүттөрүн талкуулашмакчы. Кыргызстанда пластикалык операция жасаткандардын саны арбыганы айтылганы менен статистикалык маалыматтар жок. Дарыгерлерге... Читать дальше...
Кыргызстанда 10-сентябрда "Жаштар колдойт" деген ураан менен адам сатууга каршы 100 күндүк маалымат өнөктүгү башталат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен жаштардын отуз уюму бирге уюштуруп жаткан акция 10-декабрга чейин уланат. Ага бир канча эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүп жатканы расмий кабарланды. Адистер элди кыдырып, миграция мыйзамдары, адам сатууга каршы туруу жаатындагы кеп-кеңештерди беришет. Негизги басым сексуалдык кулчулукка каршы турууга жасалат. Мындай иш-чара биринчи жолу 2017-жылы жайында өткөн. Читать дальше...
Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок-2018" фестивалында кыргызстандык киночулардын төрт тасмасы сыйлык алды. Кинематография департаменти кабарлагандай, баш байге жана "Эң мыкты сценарий" сыйлыгы Таалайбек Кулмендиевдин "Мунабия" фильмине ыйгарылды. Режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү авария” тасмасына эң мыкты операторлук иш жана мыкты музыка номинациясындагы байгелер берилди. Кыска метраждуу фильмдер арасынан Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына татыды. ... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.