Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2018

Новости за 22.05.2018

Катаал тагдырга кабылган эки алптын ымаласы

Azattyk.org 

Америкалык изилдөөчү Жефф Лилинин "Тоолор кулап калдыбы? “Кансыз согуш” маалындагы жоготуунун жана кутулуунун кош сапары"  деген китебинин бет ачары Бишкекте өттү. Ага Бишкектеги эл аралык уюмдардын, илимий, чыгармачыл коомчулуктун, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

 Москвадагы көргөзмөгө кыргыз сүрөтчүсү А.Тешебаев да катышууда

Azattyk.org 

Орусиянын борбору Москванын “Тушино” көргөзмө залында ар жылы болчу “Көркөм өнөр - бүгүн” көргөзмөсү өтүүдө. Бойок сүрөт (живопись), графика, декорациялык өнөр, икона тартуу өнөрү, дизайн жана арт-фото жанрында иштеген сүрөткерлердин 200дөй эмгегин камтыган көргөзмөнүн быйылкы темасы “Соопчулук иштер жана күнөөлөр” деп аталат. Кыргызстандык сүрөткер Асатилла Тешебаевдин көрөрмандар сынына коюлган “Дүйнөнү бөлүштүрүү” жана “Асмандан айды алам дегендер” аттуу эки эмгегин да ушу айтылган өңүттөн караган жөндүү. Читать дальше...

Москвадагы көргөзмөгө кыргыз сүрөтчүсү А.Тешебаев да катышууда

Azattyk.org 

Орусиянын борбору Москванын “Тушино” көргөзмө залында ар жылы болчу “Көркөм өнөр - бүгүн” көргөзмөсү өтүүдө. Боёк сүрөт (живопись), графика, декорациялык өнөр, икона тартуу өнөрү, дизайн жана арт-фото жанрында иштеген сүрөткерлердин 200дөй эмгегин камтыган көргөзмөнүн быйылкы темасы “Соопчулук иштер жана күнөөлөр” деп аталат. Кыргызстандык сүрөткер Асатилла Тешебаевдин көрөрмандар сынына коюлган “Дүйнөнү бөлүштүрүү” жана “Асмандан айды алам дегендер” аттуу эки эмгегин да ушу айтылган өңүттөн караган жөндүү. Читать дальше...



Бүтүрүү кечелери: акча топтоодон өлүмгө чейин

Azattyk.org 

Бул жолу "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө ата-энелерди түйшүккө салган бүтүрүү кечелери тууралуу сөз кылдык. Студиядагы баарлашууга Эл акыны Меңди Мамазаирова, Билим берүү жана илим министрлигин өкүлү Гүлшан Абдылдаева жана жарандык активист Назгүл Насиева катышты.

Чынчыл жазуучунун чырагы өчтү

Azattyk.org 

Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактановдун сөөгү бүгүн Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Калемгер узакка созулган оорудан улам 20-майда 76 жашында көз жумду. Маркум менен коштошуу зыйнатына чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, калемдештери, жакындары катышты. Замандаштары Сактанов улут адабиятынын тарыхында саясий роман жанрын өнүктүргөн чынчыл жазуучу катары каларын белгилешти.

Жалал-Абад: өнүктүрүү фондуна нааразылар

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондуна чогулган 39 млн. сом мыйзамсыз бөлүштүрүлүп жатат. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү менен долбоор даярдап жаткан айрым жеке ишкерлер айтып чыгышты.

Салянованын соту: өкүм күчүндө калды

Azattyk.org 

Жогорку сот экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын иши боюнча өкүм чыгарып, Ленин райондук жана Бишкек шаар сотунун чечимдерин күчүндө калтырды.

Оппозициячыл мэр кызматтан кетти

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун билдирүүсүнө "Вашингтон бүткүл дүйнө үчүн жооп бере албайт" деп жооп кайтарды. Орусиядагы Екатеринбург шаарынын башчысы Евгений Ройзман 22-майда кызматтан кетерин жарыялады.



Жогорку сот Салянова боюнча мурдагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды (видео)

Azattyk.org 

Жогорку сот экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын иши боюнча өкүм чыгарып, анда Ленин райондук жана Бишкек шаар сотунун чечимдерин күчүндө калтырды.  Сот өкүмүнөн кийин Аида Салянова "Азаттыкка" чечим тууралуу өз пикирин билдирди:  - Бул чечимден кийин Жээнбековдун сот тармагы, аны реформалоо боюнча айткан сөздөрүнө ишенбей калдым. Же президенттин сөзү суу кечпейт, соттор анын сөзүн укпай жатышат. Мен акыркы убакытка чейин адилеттик болот деп ишенип жаткам. Читать дальше...

Оштогу ифтар базарын жабуу аракети жүрүп жатат

Azattyk.org 

Жергиликтүү бийлик Ош шаарында чоң жолдун четине жайгашкан ифтар базарын жабууга аракет кылууда. 22-майда базар орун алган Сулайман-Тоо айыл аймагынын жетекчилиги санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери менен келип, базардагы элдин тарап кетишин талап кылды. Бийлик бул аракетин базардын чачкын болуп, чоң жолдун жээгине жайгашканы санитардык талаптарга жооп бербей жатканы менен түшүндүрдү.  Базарда отурган адамдар болсо ифтар базарына жаңы даярдалган гана тамак-ашын алып чыгаарын айтып... Читать дальше...

Жерүй кенин ишке киргизүү белгиленген мөөнөттөн созулушу мүмкүн

Azattyk.org 

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин алтын кен жайгашкан аймакта өткөргөн көчмө жыйынында белгилүү болду. Таластын Бекмолдо айыл аймагында жайгашкан Жерүй алтын кениндеги аткарылып жаткан иштерди оз көзү менен көргөн эл өкүлү Кожобек Рыспаев «Алтын Альянс» ишканасы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди белгиленген убакыттан кеч аткарып жатканын айтты:  - "Жумуш кызуу жүрүп жатат" деп айта албайбыз. Булар негизинен инфраструктурага көңүл буруп атышат. Читать дальше...

Лейлек району селден 58 млн. сомдук зыян тартты

Azattyk.org 

13-май күнү Лейлек районунун аймагында катуу жаандан улам айрым айылдарда сел жүрүп, 250дөй майда жандыкты, отуз баш бодо малды агызып, беш чарбалык көпүрөнү, беш айылда таза суу түтүгүн жарактан чыгарган. Ички жолдор жана чарбалык арыктар пайдалануудан чыгып калган. Атайын түзүлгөн мекеме аралык комиссия селдин зыянын эсептеп, жалпы чыгым 58 млн. сомго жеткенин аныктады. Зыян тарткандардын арасында үйлөрүн камсыздандыруудан өткөргөндөр да бар.  21-май күнү да райондун аймагындагы Маргун, Катраң... Читать дальше...

Баткенде алгачкы жолу мамлекеттик буюртма менен долбоорго сынак жарыяланды

Azattyk.org 

«Мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө» кабыл алынган мыйзамды аймакта ишке ашырыш үчүн өлкөдө биринчи болуп жергиликтүү казынадан каражат бөлүнүп, коммерциялык эмес уюмдар арасында сынак жарыяланды. Долбоордун башкы максаты - Баткен шаарынын калкынын тазалыкка болгон көз карашын өзгөртүү. Сыноо иретинде жарыяланган конкурс үчүн элүү миң сом каражат жергиликтүү казынадан бөлүнгөн. Мындай маалыматты Баткен шаарынын мэриясы 22-майда «Азаттыкка» билдирди.  Өнүктүрүү саясат институту бул долбоорду ишке ашыруу... Читать дальше...

Аба ырайы: үшүк жүрөт

Azattyk.org 

Чукул билдирүү  22-23-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын көп болот. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерине, автоунаалардын каттамына, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишине, жайыттарда мал багууга тоскоолдук кылат.  24-майда түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунүн чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында... Читать дальше...

Мамлекеттик бажы кызматында төраганын биринчи орун басары дайындалды

Azattyk.org 

Шамил Бердалиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.  Тийиштүү буйрукка бүгүн 22-майда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Премьер-министрдин 14-майдагы буйругуна ылайык Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгынан өз каалоосу менен кетип, ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалган. Жаңы дайындалган төрага Алмаз Оңолбеков бажы тармагында чейрек кылымга... Читать дальше...

Ооганстандын чыгышында 14 полиция кызматкери өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышындагы Газни провинциясында талибдердин чабуулдарынан кеминде 14 полиция кызматкери мерт болду. Жергиликтүү бийликтин айтымында, жети офицер Дих Як районунда өлтүрүлдү. Алардын арасында райондук полициянын башчысы да бар. Маалым болгондой, чабуулдар 21-майдын кечинде башталып, Айристан, Карабах, Дих Як, Жагхату райондорунда 22-майда кечке чейин куралдуу кагылышуулар уланган. Аймактык кеңештин башчысы Латифа Акбари “Талибан” кыймылынын согушкерлери чабуул койгонун ырастап, бир... Читать дальше...

Ат-Башыдагы Дыйкан айылына жаңы мектеп курулду

Azattyk.org 

Нарындын Ат-Башы районундагы Дыйкан айылына жаңы мектеп курулду. Ачылыш аземи 21-майда өткөн мектепте жаңы окуу жылында балдар билим ала баштайт.  Мектепти "Ассанабил" кайрымдуулук фонду салып, аны ачууга өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, райондук акимчиликтин жетекчилиги жана Жогорку Кеңеш депутаттары катышты.  Дыйкан айылындагы мурдагы мектеп эскирген. Жаңы билим уясы 200 орундуу. Он класстык бөлмөсү, мугалимдердин жана директордун иш болмөлөрү, тамактануучу жайы бар. Читать дальше...

Пхеньян өзөктүк полигондун жабылышын кабарчыларга көрсөтөт

Azattyk.org 

Түндүк Кореядагы жер алдындагы өзөктүк полигондун жабылышын чагылдырыш үчүн жыйырмадай журналист 22-майдын таңында Пхеньянга барды. Алардын арасында "Associated Press", CNN, CBS, "Russia Today" жана кытай мамлекеттик медиасынын кабарчылары бар. Ошол эле учурда бир катар эл аралык медианын журналисттерине уруксат берилген жок. Аны менен катар эле АКШнын «полигон толук жабылганын ишенимдүү текшериш керек» деген талабынын аткарылышын бышыктай ала турган техникалык эксперттер да чакырылган эмес. Вашингтон... Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

Кажется, мы начинаем забывать Урганта: ведущего не пустили на 100-летие Окуджавы





Персональные новости
#123ru.net

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о поддержке организаций и ИП в Белгороде





Милиция кызматкерлери үчүн үйдүн курулушунан мамлекет зыян тартканы аныкталды

Azattyk.org 

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери үчүн салынган турак-жай курулушунан мамлекет 118 млн. сомдон ашуун зыян тарткан. Буга байланыштуу Ош шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 221-беренеси ("Коммерциялык жана башка ишкана кызматкерлеринин кызмат абалынан пайдалануусу") боюнча кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын маалыматы боюнча, 2016-жылы августта Ош облустук ИИБ менен ИИМдин курулуп жаткан ишканалар... Читать дальше...

Абрамович Лондого байлыгы мыйзамдуу экенин далилдеши керек

Azattyk.org 

Орусиялык олигарх Роман Абрамович Британиянын жаңы визасын алуу үчүн британ бийликтерине өз байлыгын мыйзамдуу жол менен тапканын далилдеши керек. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жазды. Мурдараак маалымат каражаттары Абрамовичтин британ визасы узартылбай жатканын жазышкан. Британияга инвестордун визасын алуу үчүн бул өлкөнүн экономикасына эки миллион фунт стерлинг салуу зарыл. Бул боюнча расмий маалымат чыга элек. Виза маселесинен улам Абрамович өзүнө тийиштүү "Челси" клубу менен "Манчестер... Читать дальше...

Абрамович Лондонго байлыгы мыйзамдуу экенин далилдеши керек

Azattyk.org 

Орусиялык олигарх Роман Абрамович Британиянын жаңы визасын алуу үчүн британ бийликтерине өз байлыгын мыйзамдуу жол менен тапканын далилдеши керек. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жазды. Мурдараак маалымат каражаттары Абрамовичтин британ визасы узартылбай жатканын жазышкан. Британияга инвестордун визасын алуу үчүн бул өлкөнүн экономикасына эки миллион фунт стерлинг салуу зарыл. Бул боюнча расмий маалымат чыга элек. Виза маселесинен улам Абрамович өзүнө тийиштүү "Челси" клубу менен "Манчестер... Читать дальше...

Текебаевдин ишин кайра кароо жөнүндө арыз Башкы прокуратурага жиберилди

Azattyk.org 

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга ылайык, анын ишин кайра кароо өтүнүчү менен саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага кайрылышты. Адвокат Таалайгүл Токтакунова социалдык тармактагы баракчасына прокуратурага жиберилген арызынын сүрөтүн жүктөдү. Анда Текебаевдин кылмыш ишиндеги так эмес жактары, жаңы ачылган беш жагдай ачык көрсөтүлгөн. Адвокаттын "Азаттыкка" айтканы боюнча, арызды Башкы прокуратура он күндүн ичинде кароого тийиш: - Арызды 22-майда бердик... Читать дальше...

Кыргызстандагы казак атамандары

Azattyk.org 

Кыргызстанда эки миңге чукул орус-казак үй-бүлөлөрү жашайт. Казактар - мыкты аскердик даярдыгы, динге ишеними жана өзүнө тиешелүү үрп-адат, салт-санаасы бар этностук топ. "Азаттык" бул жолу Кыргызстандагы казактардын жашоосун баяндады.

Жогорку сот Аида Салянованын ишин карап жатат

Azattyk.org 

Соттук жараяндын жүрүшүндө Аида Салянованын коомдук жактоочуларына сөз берилди. Жактоочу Нурлан Садыков Салянованын иши башынан эле саясий негизге байланганын, тергөөдө ойго келбес иштер болгонун билдирди. Ушундай эле сөздү дагы бир жактоочу Рабига Садыкова да айтып, "Салянова саясий негизде айыпталып жатат" деген пикирин билдирди. Жогорку сотто өтүп жаткан жараянга парламент депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Сайдулла Нышанов, Эмил Токтошев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Стартовал финальный этап всероссийского футбольного турнира «Будущее зависит от тебя»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Теннисист Медведев может спуститься на пятое место в ATP после "Мастерса" в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Сенатор Святенко: поддержка фермеров играет важную роль в устойчивости экономики





Путин в России и мире
Москва

Зачистки не будет: Хазин объяснил, как Путин обновит элиту


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Ждём расстрела или отравления Зеленского в ближайшее время – Макгрегор


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Шнуров

Почему мужчины возвращаются к бывшим женам через 10-20 лет: мнение С.Шнурова и Д.Нагиева



Москва

Сегодня в Витебске началось отключение горячей воды

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net