Кыргызстандын футбол командасы Азербайжанга жеңилип калды
Оюнга Түркиядан келген бригада калыстык кылды.
Оюнга Түркиядан келген бригада калыстык кылды.
Италияда саясий кризис уланууда. АКШ Түркмөнстанда өстүрүлгөн пахтадан жасалган товарларга тыюу салды. Тажикстанда дыйкандар жаанчыл аба ырайынан чыгымга учурап жатышат. Ата-эненин макулдугу жок болсо мечитке кирүүгө уруксат жок – Казакстанда дин жаатын тескеген мыйзамды өзгөртүү сунушталууда. Мекенин таштап кетүүгө мажбур болгондор – франциялык чечендердин бүгүнкү жашоосу. Монголиянын түндүгүндөгү алыскы токтойлорду байырлаган духа уруу өкмөттүн жаңы чечимине нааразы.
Мурунку премьер-министр Сапар Исаковго Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча кылмыш ишинин алкагында айыбы угузулду. Ал "президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп турган кезинде коррупцияга жол берген" деп айыпталууда. Мурдагы премьердин бөгөт чарасы катары андан эч жакка кетпей тургандыгы тууралуу тилкат алынды.
Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети коррупция боюнча айып таккан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ага козголгон кылмыш ишти “толугу менен чектен чыгуу” деп атады. Ал алты сааттан ашык сурак берип чыккан соң тагылган айып боюнча толугу тааныша электигин айтты.
Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлеринин жанында 20 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды. Аны ала качып баратканда кармалган кылмышка шектүү милиция бөлүмүндө кызды мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салганы, учурда жандандыруу бөлүмүндө экени кабарланды. Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда.
Казакстандын бийлигинин өтүнүчү менен Кыргызстанда кармалган активист Муратбек Тунгышбаев эл аралык уюмдарга кайрылып, жардам сурады. Активист казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана Тунгышбаевди өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыптап жатат.
Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупция боюнча айып таккан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ага козголгон кылмыш ишин “таптакыр чектен чыгуу” деп баалады. Ал алты сааттан ашык сурак берип чыккан соң тагылган айып менен толук тааныша электигин айтты: - Мага айып тагуу боюнча токтомду чынын айтсам толугу менен окуп чыга элекмин. Мен азыр ачуума чыдабай турам. Адегенде социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп... Читать дальше...
Азербайжан "Түштүк газ коридору" аттуу долбоордун биринчи баскычын ачты. Түтүк Каспий деңизинен чыккан жаратылыш газын Европага Орусияны кыйгап жеткирип турмакчы. "Долбоор Европанын жаңы энергетикалык картасын пайда кылат", - деди Азербайжандын президенти Илхам Алиев 29-майда Бакунун жанында өткөн салтанатта. Батыш өлкөлөрүнүн жогорку өкүлдөрү катышкан иш-чарада Алиев Сангачал газ терминалындагы кранды ачты. Жаңы куурдун узундугу 3 миң 500 чакырымга барабар. Ал Грузияны, Түркияны, Грецияны, Албанияны аралап өтүп... Читать дальше...
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланганы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. - Сапар Исаковго бүгүн айыбы угузулуп, "эч жакка чыкпоо" жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилди. Такталган маалыматтар... Читать дальше...
Израилдин аба күчтөрү Газа тилкесине сокку уруу менен бүгүн эртең менен болгон аткылоого жооп кайтарды. Маалыматтарга ылайык, Израиль аскрелери ХАМАС жана "Ислам жихады" радикал уюмдарынын объекттерин бутага алышкан. Курман болгондор тууралуу кабарланган жок. Израиль армиясы бүгүн эртең менен Газа тилкесинен өлкөнүн түштүк аймагына кеминде 25 ракета атылганын билдирген. Ракеталардын көбү атып түшүрүлгөн, бирок бир нечеси жерде жарылган, бирөө бала бакчанын жанына тийген. Жабыркагандар жок. Аткылоо үчүн жоопкерчиликти эч ким алган жок... Читать дальше...
Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлеринин жанында 20 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды.
Бишкектин мэри Албек Ибраимов шаардык кеңештин депутаттарын муниципалдык кызматкерлерге сый мамиле кылууга чакырды. 29-май күнү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына чакырылган аткаминерлер кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазып, кетип калган себебин түшүндүрүп жатып, Албек Ибраимов буга депутаттардын да тиешеси бар экенин айта кетти: - Эмне үчүн мындай болуп жатат? Бүгүн бул жерге келип, маалымат берүүгө жооптуу адам арызын жазып, кызматтан кетти. Сиздер долбоордун башына жаңы эле дайындалган кишини да суракка алып жатасыздар. Читать дальше...
Сирия жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарын эгемен өлкө катары таанымакчы болгондон кийин Тбилиси Дамаск менен дипломатиялык алакаларды үзүү процессин баштады. "Орусия жазгырган Башар Асаддын режими Грузиянын тарыхый аймактарынын эгемендигин таануу менен дагы бир жолу эл аралык мыйзамдарды бузду жана эл аралык коомчулук муну айыпташы керек", - деп жазды бүгүн "Твиттерге" Грузиянын тышкы иштер министри Михаил Жанелидзе. Ошол эле күнү Грузиянын тышкы саясий мекемеси жасаган билдирүүдө Сирия... Читать дальше...
Жогорку сот судьялардын курамы толук келбегенине байланыштуу саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кароону кийинкиге жылдырды.
Оогандык аялдарга каршы зомбулукка баргандар көп учурда жазасыз кала берет. Мындай бүтүмгө БУУнун бүгүн жарык көргөн докладынын авторлору келишти. Адам укуктары боюнча кеңсе жана Ооганстанга жардам берүү миссиясы биргелешип чыгарган баяндамада белгиленгендей, тараптар өз ара сүйлөшүп алгандыктан кылмыш жасаган деп шектелген адамдар адатта жазаланбай калат. Жабыркаган кыз-келиндер өздөрү, жакындары жамаат башчылары же жергиликтүү кеңеш жетекчилеринин кысымына баш ийүүгө аргасыз болушат. Аялдар уруп-сабоого туш болгондо... Читать дальше...
“Белизгейт” жаңжалы боюнча Америкадагы Белиз өлкөсүнөн жооп келе элек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. Комитеттин төрайымы Наталья Никитенко бул иш боюнча Башкы прокуратура үч жылдан бери үн катпай жатканын айтып, өз көзөмөлүнө алууну Жамшитовго тапшырды. Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Читать дальше...
Бельгиянын Льеж шаарындагы кол салуу теракт катары иликтенип жатат. Шаар прокурору билдиргендей, бүгүн бир киши эки полициячы аялга бычак сайып, алардын куралын тартып алып, экөөнү жана окуяга күбө болгон бир айдоочуну атып салды. Кийин мектеп имаратына качып кирип, тазалап-жыйнаган аялды барымтага алган. Кол салган киши полиция менен атышууда набыт болду, аял аман-эсен куткарылды. Жергиликтүү RTBF телеканалы терактты 36 жаштагы Бенжамэн Эрман жасаганын маалымдады. Буга чейин ал майда кылмыш үчүн соттолуп чыккан. Читать дальше...
Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргызстандагы абактарда жана убактылуу кармоочу жайларда отурган балдардын укуктарына тынчсыздануусун билдирип, алардын негизги көйгөйлөрүн аныктады. Атап айтканда, “Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктары” деп аталган баяндамада айтылган маалыматтарга караганда, бардык облустарда атайын балдарды кармоочу тергөө изоляторлору салынган эмес. Кыргызстандын “Бала жөнүндө” кодексинде ювеналдык юстициянын бир талабы катары өспүрүмдөр үчүн атайын сот болушу зарыл экени айтылган. Читать дальше...
Төрт жыл мурда жоголгон малайзиялык учакты издөө токтотулду. 239 кишиси менен дайынсыз кеткен "Боингден" эч бир калдык да табыла элек. Арал деңизинин тузун учурган шамал Өзбекстан менен Түркмөнстанды жүдөтүүдө. Орусиялык миллиардер Роман Абрамович Израилдин жарандыгын алды, дагы бир орус миллиардери Борис Минц өлкөдөн чыгып кетти. Тажикстандын калкы 9 миллионго жетти.
Ирандын мунайын эң көп импорттогон өлкө - Индия Тегеран менен соода-сатык жүргүзгөн кезде Кошмо Штаттардын экономикалык санкцияларын карманбай турганын билдирди.
"Кыргызгидромет" мекемеси билдиргендей, 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25, Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24, Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27... Читать дальше...
Орусиялык олигарх, Британиядагы “Челси” футбол клубунун кожоюну Роман Абрамович израил жарандыгын алды.
Балыкчы шаардык аймактык ооруканасына эки жаштагы бала таяк жеп түштү. Бул тууралуу бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басары Айгүл Кыштобаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бала 28-май күнү жаткырылган. Дарыгердин белгилешинче, баланын мээси чайкалган, бети-башы көгөрүп кеткен. Бетинде күйүктүн издери бар. Бирөөлөр баланын бетине тамеки баскан же ысык сууну чачып жиберген деп болжолдонууда. Бул окуя боюнча Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн жана Балыкчы шаардык мэриясынын кызматкерлери чогуу тергөө иштерин баштады. Читать дальше...
Казакстандын Актөбө облусунда жоолук салынганы үчүн мектептерге кое берилбеген кыздардын маселеси ачык бойдон калууда. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги аларды экинчи жылга калтыруу тууралуу чечимди ата-энелери менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алмакчы. Актөбө облусунун Дин маселелери боюнча башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, ушул окуу жылынын аягына карай 22 окуучу кыз «бирдиктүү форма кийүү тартибин» бузганы үчүн сабактарга барган эмес. Билим берүү министринин милдеттүү мектеп формасы жөнүндөгү... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.