Бишкекте кармалган активист жардам сурады
Казакстандын бийлигинин өтүнүчү менен Кыргызстанда кармалган активист Муратбек Тунгышбаев эл аралык уюмдарга кайрылып, жардам сурады. Активист казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана Тунгышбаевди өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыптап жатат.