123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2018

Новости за 08.05.2018

АКШ Иран келишиминен чыгат

Azattyk.org 

Президент Дональд Трамп АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыга турганын, ага кошумча Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайра киргизерин жарыялады. Трамп өзөктүк келишимди мамлекет башчылыкка талапкер кезинен бери эле кескин сындап келаткан. Келишимге катышкан Европа өлкөлөрү АКШны андан чыкпоого үндөп, Иран эгерде Вашингтон андай кадамга барса өкүнүп калаарын эскерткен.

Трамп: АКШ Иран менен келишимден чыгат

Azattyk.org 

Президент Дональд Трамп бул тууралуу бир аз мурда Ак үйдөн жарыялады. Анын билдирүүсүнө караганда, АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыгат.  АКШ президенти ошондой эле Вашингтон Иранга каршы анын өзөктүк программасынан улам киргизилген экономикалык санкцияларды жаңырта турганын да белгиледи. Финансы министрлиги Трамптын жарыясынан кийинки билдирүүсүндө  түшүндүргөндөй, Иранга каршы санкциялар 90-180 күн ичинде кайра киргизилип, “толугу менен күчүнө кирет". Читать дальше...

Трамп: АКШ Иран келишиминен чыгат

Azattyk.org 

Президент Дональд Трамп бул тууралуу бир аз мурда Ак үйдөн жарыялады. Ал  билдиргендей, АКШ Ирандын  өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыгат. АКШ президенти ошондой эле Вашингтон Иранга өзөктүк программасынан улам киргизилген экономикалык санкцияларды калыбына келтире турганын да жарыялады жана бул тууралуу жардыкка дароо эле кол койду. АКШнын өзүндөгү мыйзам талабы боюнча президент Иран менен 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимдин шарттары аткарылып же... Читать дальше...



Мамдума Медведевди премьер-министрликке бекитти

Azattyk.org 

Дмитрий Медведев Орусияда өкмөт башчылыкка дайындалды. Анын талапкерлигин Мамлекеттик Думанын 379 депутаты колдосо, 56 парламентарий «каршы» болду. "Адилет Орусия " жана коммунисттер фракциялары Медведевдин талапкерлигин колдогон жок. Добуш берүүнүн алдында Медведев парламентте сөз сүйлөп, Орусияда пенсия курагын көтөрүү зарыл экенин айтты. 7-майда төртүнчү бийлик мөөнөтүнө расмий киришкен президент Путин эски санаалашы Дмитрий Медведевди өкмөт башчылыкка сунуш кылган. 53 жаштагы Медведев премьер-министр... Читать дальше...

Түндүк Корея менен Кытайдын лидерлери Далянда жолугушту

Azattyk.org 

Ким Чен Ын менен Си Цзиньпин Кытайдын Далянь шаарында шейшембиде кезикти. Эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу Кытайдын "Синьхуа" агенттиги кабарлады. Агенттиктин маалыматына караганда, алар Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуунун баскыч-баскычтуу чараларын талкуулашты. Мындан тышкары Кытайдын лидери Түндүк Кореядагы стратегиялык өзгөрүүлөрдү экономикалык багытка бурууну колдоорун баса белгиледи. "Синьхуа" түндүк кореялык лидер Кытайга 7-апрелде келгенин маалымдады. Буга чейин жапондордун... Читать дальше...

ЖЭБ чуусу: Депутаттык комиссия корутунду кабыл алды

Azattyk.org 

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комисссия корутунду кабыл алды. Комиссиядагы талкуу бүгүн кечке уланып, соңунда анын жыйынга катышкан тогуз мүчөсү корутундуга кол койду, калган үчөө иш сапарында жүргөнүнө байланыштуу кол кое элек. Корутундуда "Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду" деген жетекчилердин ишине укуктук баа берүү сунушталды. Читать дальше...

Көкбөрү: Жеңиш күнүнө арналган турнирде “Биримдик” үчүнчү орунду алды

Azattyk.org 

Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында көкбөрү боюнча өтүп жаткан турнирде бүгүн Чүй облусунан “Биримдик” командасы үчүнчү орунду алды. Коло байге үчүн оюнда “Биримдиктин” улакчылары Сокулуктун “Четинди” командасын 8:2 эсебинде утуп алды. Эртең 9-майда финалдык оюндар өтүп, жогорку лигада “Достук” менен “Ынтымак” ойносо, биринчи лигада “Толкун” менен “Сары-Өзөн” алтын медалды талашат. Жеңиш күнүнө карата ат оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 4-майдан бери өтүүдө. (SDz)



FIFA Орусиянын футбол союзун айыпка жыкты

Azattyk.org 

Эл аралык футбол федерациясы – FIFA Орусиянын футбол союзун 27-мартта өткөн Орусия менен Франциянын командаларынын оюнундагы күйөрмандардын жүрүм-туруму үчүн 30 миң долларга айыпка жыкты.  Оюн маалындагы расисттик сүрөөн боюнча Fare Network уюму эл аралык федерацияга арызданган. Бул уюм Европада футболдогу дискриминацияга каршы күрөшөт. Арызга "Франс Пресс” агенттигинин фотографынын орусиялык күйөрмандардын "гвинеялык оюнчу Пол Погбанын дарегине басмырлаган сөздөрдү кыйкырды" деген жүйөсү негиз болгон. Читать дальше...

Пашинян Арменияга премьер болду

Azattyk.org 

Армениянын парламенти оппозициялык лидер Никол Пашинянды жаңы өкмөт башчылыкка 59 добуш менен шайлады. Ошентип, Серж Саргсяндин Республикалык партиясынын Арменияда узакка созулган бийлиги "баркыт ыңкылабы" менен аяктады. Еревандын борбордук аянтында эл ушул жаңылыкты эл күтүп жаткан. Элдин маанайы көтөрүңкү.

Ош ИИБ: Өкмөт башчынын кортежине кырсыкка кабылган машиненин тиешеси жок

Azattyk.org 

Ошто 7-майда катталган жол кырсыгына өкмөт башчыны коштоп жүргөн кортеждин тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, окуя 7-майда Өзгөн районунун Төрт-Гүл айылында түшкө маал болгон. "Toyota Land Cruiser 200", "Lexus LX 570" жана "ВАЗ" автомашинелери сүзүшкөн:  - Кортеждеги машинелердин баары өтүп кеткенден кийин бир нече мүнөт ичинде болгон окуя. Артта Өзгөн районунун кабарчылары түшкөн ВАЗ унаасы келе жатып бузулуп калган. Читать дальше...

Манас Арабаев соттордун Кудайыбы?

Пресс.kg 

Коомчулукта, өзгөчө соттордон жабыр тарткандар тарабынан Манас Арабаевге болгон нааразычылык күч алды. Бул жигит соттук реформа боюнча кеңештин катчысы, президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштейт. Соттордун кароосундагы бардык иштер дал ушул Арабаев айткандай оң же терс чечилээри кеп болуп келет. Анткени Манас Арабаев Ак үйдө отуруп алып, соттор чыгарган ар бир […]

Казакстанда "Президент Назарбаев" гүлдөдү

Azattyk.org 

Орусияда эски, жаңы президент. Владимир Путин мамлекетин башкарууга төртүнчү ирет аттанды. Тажикстан Борбор Азиядагы эли тое тамак жебеген өлкө деп аталды. Беларуста спайстын айынан түрмөгө түшкөн жаштардын саны көбөйдү. Орусиядагы "Диссернет" сайты Тажикстандагы жалган илимпоздордун атын атай баштады. Туркмөнстанда ак түстөгү машина айдоого гана уруксаат берилди. Виктор Цой Украинада жоголгон үйбүлөсүн 9 жылдан бьери таппай жүрөт.

Аялдарга асылган прокурор кызматтан кетти

Azattyk.org 

Армения парламенти бүгүн оппозициялык лидер Никол Пашинянды өкмөт башчылыкка шайлады. Бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп өзөктүк келишим боюнча чечимин жарыялайт. Нью-Йорк штатынын башкы прокурору Эрик Шнейдерман бир нече аялдын айыптоолорунан кийин кечээ кечинде кызматынан кетти.

Салянова: Мандатымды кайра алуунун жолу бар

Azattyk.org 

Аида Салянова соттон акталса депутаттык мандатын кайра кайтарып алышы мүмкүн. Бул тууралуу ал бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. “Юридикалык жактан мындай мүмкүнчүлүк бар” деди Салянова. Былтыр 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Ал "жазасын кызы 14 жашка толгондон кийин өтөшү керек болот" деп айтылган. Читать дальше...

Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы көтөрүлдү

Azattyk.org 

Инвесторлордун "АКШ Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгат" деген кооптонууларынан улам кечээ-бүгүн дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы көтөрүлүп, баррели 70 доллардан ашып кетти. Кара майдын биржалык соодадагы "Brent" түрү дүйшөмбү күнү баррелине 76,34 долларга чейин чыкса, шейшембиде кайра 75,64 долларга чейин түштү. Баары бир бул 2014-жылдын ноябрынан берки эң жогорку баа. 2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык... Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Галич

Александр Галич. "Облака". Поёт Антон Духовской.





Персональные новости
Динамо

УГМК уступил курскому «Динамо» в Екатеринбурге. ФОТО





Согушта көчүп келген жөөттөр

Azattyk.org 

Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында согуш күйгөн аймактардан адамдарды эвакуациялаган Борбор Азия республикаларынын арасында Кыргызстан да бар болчу. Согуш жылдары Кыргызстанга көчүрүлгөн улуттардын арасында жөөт үй-бүлөлөр да аз болгон эмес. Алардын далайы Кыргызстанды жердеп, өз мекенине айландырып калышты.

Орусияда каза тапкан келиндин туугандары жардам сурап элге кайрылды

Azattyk.org 

Орусиянын Иркутск шаарындагы травматологиялык ооруканада каза болгон кыргызстандык келиндин туугандары анын сөөгүн алып келиш үчүн элден жардам сурады. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, маркумдун туугандары анын травматологияда каза болгонун айтышкан. Азыр сөөк ооруканада. Ата-энеси жана жакындары келиндин өлүмүнүн себебин биле албай жатышат. Сөөктү мекенине алып келүүгө үй-бүлөсүнүн чамасы жетпегендиктен, алар жардам сурап укук коргоочуларга кайрылышкан. Читать дальше...

Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан 26 казино аныкталды

Azattyk.org 

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан 26 казино аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  Оюн залдарынын тогузу Биринчи май районунда, жетөө Свердловск районунда, бешөө Ленин районунда жана дагы бешөө Октябрь районунда иштеп жаткан. Ушуга эле удаа уланган операциянын алкагында Ош шаарында дагы бир казино аныкталган. Кумарканалар боюнча топтолгон материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди. Читать дальше...

Аида Салянованын соту 22-майга калды

Azattyk.org 

Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын Жогорку сотто каралып жаткан соттук иши 22-майга калды. Соттук коллегия караган отурумда прокурор айыпты угузуп, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырууну суранган. Андан кийин айыпталуучунун адвокаты Чынара Жакупбекова, соңунда Аида Салянова өзү жарыш сөзүн сүйлөдү. Салянова өзү күнөөсүн толук четке кагып, иликтөөнүн материалдарында да анын айыбы далилденбегенин билдирди. Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...

Жогорку сот Сыргак Абдылдаевдин арызын кароону 22-майга калтырды

Azattyk.org 

Жогорку сот журналист Сыргак Абдылдаевдин ишин кароону 22-майга жылдырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, мындай чечимге ишти карай турган соттук коллегиянын курамы толук болбогону себеп болду.    «Репортер-Бишкек» гезитинин мурунку серепчиси Сыргак Абдылдаевге 2009-жылы март айында белгисиз кишилер кол салып, бычактап, колу-бутун сындырып кеткен. Мындан соң Абдылдаев Швециядан баш калка тапкан, кийинчерээк ал өлкөнүн жарандыгын алган. Абдылдаев... Читать дальше...

30 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз өткөргөн бажычылар иштен алынды

Azattyk.org 

Жалал-Абад бажысынан 30 миллион сомдук телефондорду аткезчилик жол менен Кыргызстанга киргизип жиберген факты боюнча бажынын үч кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады. Ички кызматтык иликтөөдөн кийин мындан сырткары Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бөлүмүнүн жетекчисине катуу эскертүү берилди. Иш боюнча топтолгон материалдар УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматына өткөрүлдү. 1-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) аталган бөлүмүнүн... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Актера Свиридова госпитализировали из-за инфицирования после операции в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Дарья Касаткина

«Бомж» Дарья передает всем привет»: Касаткина ответила на слова Винер


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о создании информационной системы состояния окружающей среды





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин поручил комиссии по НТР представить перечень приоритетных направлений


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

Силовики задержали за сутки пятерых журналистов, часть проходит по делу об «участии в работе ФБК», одного жестоко избили при задержании



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Желдорреммаш

На ЧЭРЗ приступили к реорганизации производственной площадки



Москва

«Дочка» Google подала новые иски к российским рекламным агентствам

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net