Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2018

Новости за 31.05.2018

Бакиевдин байлыгын Британия текшереби?

Azattyk.org 

Британияда шектүү кыймылсыз мүлк же күмөн жараткан байлыкты иликтөөгө жардам берген жаңы мыйзам иштей баштады. Анын алкагында кеминде бир саясатчыга Англиядагы 22 миллион фунт стерлингдик турак жайын кайсы акчага сатып алганын түшүндүрүү талабы коюлду. Бул мыйзам мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев жашайт делген Лондондун четиндеги “хансарайдын” таржымалын иликтөөгө жол ачышы мүмкүнбү? “Азаттыктын” иликтөөсүн көрүңүз.

АКШ Евробиримдиктен болот жана алюминий алып келүүгө бажы төлөмүн көтөрдү  

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Европа Биримдигинен, Мексикадан жана Канададан болот жана алюминий импорттоого бажы төлөмүн көтөрдү. 1-июндан тарта бул өлкөлөрдөн болот алып кирүү 25 пайызга, алюминий киргизүү 10 пайызга жогорулайт.  Дональд Трамптын администрациясы бажы төлөмүн көтөрүүнү бир канча жолу артка жылдырып келген. Ал эми акыркы чечим тууралуу 23-мартта жарыяланып, бирок өнөктөштөр менен сүйлөшүү бүтө элек болгондуктан токтоп турган.  Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Вашингтондун бул чечимин... Читать дальше...

Укук коргоочу Оюб Титиевдин камак мөөнөтү дагы бир айга узартылды

Azattyk.org 

Чеченстандын соту "Мемориал" укук коргоо борборунун аймактагы бөлүмүнүн башчысы Оюб Титиевдин камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Бул тууралуу "Мемориал" укук коргоо борбору маалымдады. Андан алынган маалыматка караганда, акыркы бир канча жумадан бери Титиев оорусуна байланыштуу кылмыш ишиндеги материалдар менен тааныша албай жатат. 27-майда Оюб Титиевдин тууганы Адам Титиев да эки айга камалган. Полициянын версиясы боюнча аны текшерген учурда жанынан баңгизат табылган. Титиевдин жакындары... Читать дальше...



Трамп: Түндүк Корея өкүлү менен мамкатчынын жолугушуусу жакшы өттү

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын расмий өкүлдөрү менен болгон Нью-Йорктогу жолугушуу “абдан жакшы” өткөнүн билдирди. Ал Вашингтон 1-июнда Пхеньяндан келген делегациянын Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындан алып келген катын күтүп жатканын да кошумчалады. Трамп бул тууралуу 31-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ким Чен Ындын орун басары, генерал Ким Йоң Чол менен жолугушкандан кийин билдирди. Алар АКШ менен Түндүк Кореянын 12-июнда Сингапурда өтөт деп күтүлүп жаткан саммитине даярдыкты талкуулаган. Читать дальше...

Отуз беш "жемкор" кайырмакка илиндиби?

Azattyk.org 

Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбеков февралда жарыялаган коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү боюнча маалымат берилди. Анда бийлик өкүлдөрү күрөш алкагында Бишкек Жылуулук электр борбору, тарых музейи сыяктуу чуулгандуу иштер ачылып, бейтарап жүрүп жатканын билдирүүдө. Акыркы күндөрү мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго айып тагылып, Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун аты аталган эки кылмыш иш ачылды. Муну мурдагы президент Атамбаевдин командасына карата саясий куугунтук катары баалагандар бар. Читать дальше...

Орусия: сегиз жылга соттолгон мурдагы министр жазасын өтөй баштады

Azattyk.org 

Сегиз жылга соттолгон Орусиянын мурдагы экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев абакка жөнөтүлдү. Бул тууралуу РБК маалыматтык сайты Федералдык Жаза аткаруу кызматына шилтеме кылып кабарлады. Аталган мекеме Улюкаев кайсы түрмөгө жөнөтүлгөнүн ачык айткан эмес. 61 жаштагы экс-министр орус президенти Владимир Путиндин узактан берки үзөңгүлөшү, "Роснефть" мамлекеттик мунай компаниясынын башчысы Игорь Сечинден "2 миллион доллар пара алган" деп соттолгон. Өкүмдү Москванын Замоскворецкий райондук соту былтыр 15-декабрда чыгарган. Читать дальше...



Баткенде Тажикстан менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү жүрдү

Azattyk.org 

Бул тууралуу 31-май күнү “Азаттыка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.  31-май күнү түшкө чейин Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагынын тургундары менен кошуна өлкөнүн Ворух айылынын жашоочулары ортосунда тирешүү болуп, абалды күч кызматтары тынчытып калган.  Окуяга "эки өлкөнүн чек арасын бөлүп турган жолду тажикстандык жарандар улам кичирейтип олтуруп Ак-Сай айыл аймагына карай кирип кетти" деген себеп менен Кыргызстан жарандары жолду кайра өз ордуна келтирүүгө... Читать дальше...

Кол тийбестиктен "кол жуудурчу" сунуш

Azattyk.org 

Экс-президентти суракка алууга, үй-жайын тинтүүгө жана жоопко тартууга жол бербей турган анын кол тийбестик укугун жоюу тууралуу сунуш түштү.

Тажик бийлиги мигранттарга жеңилдик сурады

Azattyk.org 

Тажик президенти Эмомали Рахмон орус премьер-министри Дмитрий Медведевден мигранттар үчүн жеңилдик сурады. Нурсултан Назарбаев Казакстандын коопсуздук кеңешин өмүрүнүн аягына чейин жетектегени турат. Сергей Лавров биринчи жолу Түндүк Кореяга барды, Ким Чен Ындын оң колу Нью-Йоркко келди. Жөө күлүк Усейн Болт эми футболдо күчүн сынаш үчүн Норвегия командасына кошулду.

Данияда коомдук жайларда никаб жана бурка кийүүгө тыюу салынды

Azattyk.org 

Дания парламенти коомдук жайларда адамдын жүзүн жапкан кийимдерди, анын ичинде паранжынын түрлөрү саналган никаб жана бурканы кийүүгө тыюу салды. 1-августтан тарта күчүнө кире турган бул мыйзамды бузгандар 160 доллардай айыпка жыгылат. Талапты экинчи ирет бузгандарга айыппул 10 эсе жогорулашы мүмкүн. Мыйзам бардыгына - Даниянын жашоочуларына жана өлкөгө келген туристтерге да тиешелүү. «Amnesty International» уюму мусулман аялдардын укуктарын бузат деп, мыйзам долбоорун сынга алды.    Даниялык «The Local» гезитинин жазышынча... Читать дальше...

Лавровдун Пхеньян сапары

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пхеньяга барып, Түндүк Кореянын башкы дипломаты менен кездешти. Анын бул визити АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери жолугат деп күтүлүп жаткан учурга туш келди. Бир күн мурда Ким Чен Ындын оң колу деп мүнөздөлгөн жогорку расмий өкүл АКШга келген.

Зидан "Реал" футбол клубунун башкы машыктыруучу кызматынан кетет

Azattyk.org 

Зинедин Зидан Мадриддин "Реал" клубунун машыктыруучу кызматынан кетерин 31-майдагы басма сөз жыйынында билдирди. Ал клубду 2016-жылдан бери жетектеп келе жаткан. Француз машыктыруучусу өз чечимин өзгөрүүлөргө жана жаңы ыкмаларга муктаж экени менен түшүндүрдү. Зинедин Зидан башкарган жылдары "Реал" Чемпиондор лигасын үч ирет катары менен утту. Ошондой эле Испаниянын чемпиону болууга жетишкен.  Былтыр октябрда Зидан Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) "Жылдын мыкты машыктыруучусу" сыйлыгына татыган. Читать дальше...

Эр болсоң, эми келип көр! Чемпиондор кармашып, көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталат

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү — бул элдин эркин курдан кармап, күч сынашкан беттештин бир түрү. Курдан кармоо — күрөштүн эң байыркы түрлөрүнө кирет. Эки баатыр күч сынашып, шамдагайлыгын жана чыдамкайлыгын сынап тирешүүсү дүйнө элдеринин байыркы китептеринде жана эпосторунда кезигет.

Ала-Тоо аянтында башталган "Манас" айтуу төрт саат уланат

Azattyk.org 

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында ушу тапта «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып жатат. Бул иш-чара КТРКнын 60 жылдыгына карата уюштурулууда. Манас айтып жаткандарды «Маданият. Тарых.Тил» каналында түз эфирде көрсөтүүдө. Саланат ак калпакчандардын флеш-мобу менен коштолду. Иш-чара төрт саат уланып, кечки саат 10до жыйынтыкталат. (RK)

Лавров Ким Чен Ынды Орусияга келип кетүүгө чакырды

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бейшембиде Пхеньянга расмий иш сапары менен келген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Жолугушууда Лавров Ким Чен Ынды Москвага келип кетүүгө чакырган. Ким Чен Ын болсо Орусия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө умтулаарын белгилеген.   Лавровдун иш сапары Пхеньян Кошмо Штаттар жана Түштүк Корея менен дипломатиялык байланыш түзүп жаткан учурда Москванын да ордун билдирүү максатын көздөп жатканы белгиленүүдө. Читать дальше...

Бишкекте инспекторду сүзүп кетүүгө аракеттенген айдоочу кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында жол коопсуздугун тескеген кызматкерди сүзүүгө аракет кылган “Lexus 570” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы кабарлады. Кармалган жаран Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Тергөө жүрүп жатат. Мекеменин маалыматына караганда, кызматкер жабыр тарткан эмес. Жол коопсуздугун тескеген кайгуул кызматкери жолтандастын алдын тосууга аракет кылганы, автоунаа аны бир нече метрге чейин жөөлөп сүзүп баратканы тартылган видео тараган. Читать дальше...

Сагынбаев: Арам акчасын жашырам дегендер мындан ары баары бир жазаланат

Azattyk.org 

Арам акчасын жашырып калууга аракеттенгендер баары бир жазага тартылат. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Бишкекте өткөн пресс-конференцияда айтты. Сагынбаевдин белгилешинче, 1-июлдан тарта укук коргоо жана салык органдары мамлекеттик, муниципалдык, саясий кызматкерлердин 2017-жыл үчүн толтурган декларациясын текшере башташат. Эгер кирешеси менен чыгашасынан ортосунда айырмачылык табылса текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында материалдар прокуратурага жөнөтүлөт. - Кылмыш-жаза... Читать дальше...


Музыкальные новости
Баста

"Новосибирск, бро, за всё прости": концерт Басты на "Сибирь-Арене" собрал аншлаг





Персональные новости
ВДНХ

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ





Жерди мыйзамсыз алды делген “Ихлас” фирмасы билдирүү таратты

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы жер тилкесин мыйзамсыз алууга шектелип жаткан “Ихлас” курулуш компаниясы өз дарегине карата айтылгандар боюнча билдирүү таратты. Компаниянын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов анда компанияга карата “ыксыз каралоо” жүрүп жатканын белгилеген. Ал “Ихлас” компаниясынын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго тиешеси жоктугун, Бишкектеги 2,8 гектар жер мыйзамдуу алынып, курулуш иштери да тиешелүү органдардын уруксаты менен жүргүзүлүп жатканын кайталаган. Осмоновдун билдиришинче... Читать дальше...

Аварияда жабыркаган абактагылардын арызы

Azattyk.org 

Ар кандай айыптар менен соттолуп камакта отурган эки кишинин жакындары алар Оштон Бишкекке жеткирилип келе жатканда болгон кырсыктан катуу жабыркап, саламаттыгына олуттуу доо кеткенин билдиришүүдө.

Израил-ХАМАС тиреши БУУда талкууланды

Azattyk.org 

Палестинанын Газа секторундагы акыркы атышуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги атайын жыйында каралды. Ага чейин ХАМАС кыймылы Израилдин аймагын ракетадан жана минометтон атканына жооп кылып, Израил Газадагы буталарга абадан сокку урган эле. АКШ Коопсуздук кеңешине ХАМАСтын аракетин айыптаган резолюция сунуш кылып, бирок ал Кувейттин каршылыгынан улам өтпөй калды.

1-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

“Кыргызгидромет” мекемеси билдиргендей, 1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Кыргыз тоо кыркаларында жаан-чачын жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр болот. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30, Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 24...29, Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31, Нарын, Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24 градус болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв победил Давидович-Фокину в 3-м круге «Мастерса» в Мадриде, отыгравшись с 0:5 на тай-брейке


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Концентрация песка в городском воздухе возвращается к обычным значениям





Путин в России и мире
Москва

Politico: Россия проиграет войну с НАТО, предупреждает Польша (Topmember)


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Басманный суд Москвы арестовал продюсера Reuters Константина Габова за помощь ФБК в подготовке материалов



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Ивлеева

Суд рассмотрит 25 апреля протокол на Ивлееву за дискредитацию ВС России



Москва

«Не смогла остановиться»: мать-одиночка Юлия Ефременкова купила восьмую квартиру

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net