Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2018

Новости за 25.05.2018

Эс алууну акчага айланткан студенттер

Azattyk.org 

Акыркы жылдары студенттер арасында каникулда чет өлкөгө чыгып иштеп келүү тренд болуп баратат. Алар өзгөчө Түркия, Германия өлкөлөрүнө барып иштеп, капчыгын толтуруу менен бирге саякаттап да келишүүдө. Бирок арасында ортомчу агенттиктерге алданып же саякаттан да, акчадан да куру калып кайтып келгендер жок эмес. Эгер сиз да чет өлкөгө чыгып иштеп келүүнү пландап жатсаңыз же баласын жиберип жаткан ата-эне болсоңуз, анда "Азаттык плюстун" бул чыгарылышын көрүп, пайдалуу маалыматтарды алыңыз.

Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусунун башчылыгына дайындалды

Azattyk.org 

Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 25-майда кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында кабарланды. Ушул эле күнү облус аппаратына жаңы башчыны биринчи вице-премьер- министр Кубатбек Боронов тааныштырды. Буга чейин бул кызматты Улан Карагулов ээлеп келген. Кесиби боюнча дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты, 60 жаштагы Туйгунаалы Абдраимов саламаттык сактоо министри, Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси... Читать дальше...

Иран: Өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Европа өлкөлөрү жана Кытай менен өзөктүк келишимди сактап калуу боюнча сүйлөшүүлөр уланарын билдирди. Бул тууралуу Аббас Аракчи жума күнү Венада Германия, Франция, Британия, Орусия жана Кытайдын жогорку дипломаттары менен өткөн жолугушуудан кийин айтты. Алар Иранга санкцияларды жеңилдеткидей кепилдиктерди бере алышабы, ошону карайбыз. Келишимге кол койгон калган өлкөлөр укуктук жана саясий жактан аны колдошорун бекемдеши керек, - деди Аракчи. Үстүбүздөгү... Читать дальше...



Макрон: Санкциялар Орусия менен долбоорлорго тоскоол болбоого тийиш

Azattyk.org 

Президент Эммануэл Макрон санкциялар Орусия менен Франциянын биргелешкен долбоорлоруна залакасын тийгизбөөгө тийиш деп эсептейт. Бул тууралуу Макрон жума күнү Петербургда башталган эл аралык экономикалык форумдан кийинки жолугушууда айтты. Ал эки тараптуу мамилелердин айрым чөйрөлөрүн саясатташтырбоо керек деп, акыркы 10 жылда бир да франциялык ишкана Орусия рыногунан кетпегенин белгиледи. Өз тарабынан президент Владимир Путин франциялык инвестициялардын көлөмү жетишсиз деп, Евробиримдик менен... Читать дальше...

Трамп: Ким Чен Ын менен саммит болушу мүмкүн

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея менен диалог кайра жанданарын билдирди. Бир катар телеканалдар маалымдагандай, Трамп Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн экенин айтты: - Эмне болорун көрөбүз. Кездешүү 12-июнда да болуп калышы ыктымал. Азыр алар менен сүйлөшүп жатабыз. Алар жолугушууну абдан каалашат. Биз дагы.  Бейшемби күнү Трамп 12-июнга пландалган Сингапурдагы саммит болбойт деп жарыялаган. Буга Пхеньяндын достукка жатпаган билдирүүлөрү себеп болгону айтылган. Читать дальше...

Менин Чыңгызым

Azattyk.org 

"Азаттыктын" "Мен билген Айтматов" сынагына келген алгачкы блогду окурмандарга сунуштайбыз.

«Ливерпуль» vs «Реал»: Кубокту ким алат?

Azattyk.org 

Түндүк Корея Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүгө дилгирлигин билдирүүдө. Евробиримдик аймагында адамдын жеке маалыматтарын коргоону караган жаңы мыйзам күчүнө кирди. Канаданын Онтарио провинциясындагы ресторанда 24-майдын кечиндеги жардыруудан он беш киши жараат алды.

Тарых музейиндеги “таңданткан” жаңылануу

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы "Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоодо бюджеттен бөлүнгөн каражат ыксыз пайдаланылган" деп жарыялады. Бул маселе фракциянын музейдеги көчмө жыйынында талкууланды.



Тарых музейиндеги “танданткан” жаңылануу

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы "Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоодо бюджеттен бөлүнгөн каражат ыксыз пайдаланылган" деп жарыялады. Бул маселе фракциянын музейдеги көчмө жыйынында талкууланды.

"Акыркы коңгуроодо" ашыкча чыгым азайса...

Azattyk.org 

Быйыл Кыргызстандагы 2200дөй мектепти 43 миңге жакын улан-кыз аяктап жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн "Акыркы коңгуроо" салтанаты мектептерде 25-майда белгиленди. Билим берүү жана илим министрлиги "Акыркы коңгуроону" майрамдоого акча чогултууга жана белек алууга тыюу салды. Салтанат учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жоопкерчилиги мектеп директорлоруна жүктөлгөн.

"Акыркы коңгуроо”: жыл сайын жаңырган шаани

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-май Кыргызстанда миңдеген окуучулар билим уясынан учуп жатышат. Өлкөнүн бардык мектептерин “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүп, окуу жыйынтыкталды. Акыркы жылдары “Акыркы коңгуроого” кечесин өзгөчө шаан-шөкөт менен өткөрүү күчөп баратканы айтылат.

Түндүк Корея АКШга ачууланган жок

Azattyk.org 

Түндүк Корея Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүгө дилгир экенин, Вашингтон менен маселесин “кайсы убакта, кандай жол менен болбосун чечүүгө” ачык экенин билдирди. Ага чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен саммитти токтотконун жарыялап, акыркы күндөрү Пхеньяндан АКШга “эбегейсиз кыжырдануу жана ачык кастык” байкалганын айткан. Кырдаал өзгөрсө, сүйлөшүүлөргө Вашингтон да даяр экенин билдирген.

"Bellingcat": Малайзиялык учакты атып түшүрүүгө ГРУ офицеринин тиешеси бар

Azattyk.org 

Малайзиялык "Боинг" учагын атып түшүргөн "Бук" комплексинин Донбасска алынып келишине болжол менен ГРУнун офицери Олег Иванниковдун тиешеси бар. Бул тууралуу "Bellingcat" ачык булактар уюму жана орусиялык "Insider" сайты биргелешип жүргүзгөн иликтөөдө айтылат. Баяндаманын авторлору дал ошол адам "Бук" жөнүндөгү телефон сүйлөшүүсүнө катышкандардын бири болчу деп эсептешет. Журналисттердин маалыматы боюнча Иванников Украинанын жикчилдердин колунда турган аймагында ыкчам иштерди жүргүзүп келген. Читать дальше...

Bellingcat: Малайзиялык учакты атып түшүрүүгө ГРУ офицеринин тиешеси бар

Azattyk.org 

Малайзиялык "Боинг" учагын атып түшүргөн Бук комплексинин Донбасска алынып келишине болжол менен ГРУнун офицери Олег Иванниковдун тиешеси бар. Бул тууралуу Bellingcat ачык булактар уюму жана орусиялык The Insider сайты биргелешип жүргүзгөн иликтөөдө айтылат. Доклад авторлору дал ошол адам "Бук" жөнүндөгү телефон сүйлөшүүсүнө катышкандардын бири болчу деп эсептешет. Журналисттердин маалыматы боюнча Иванников Украинанын жикчилдердин колундагы аймагында оперативдүү иштерди жүргүзүп келген. Өздөрүн... Читать дальше...

Зилалиевдин соту 4-июнга жылдырылды

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотундагы Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча отурум өттү. Сурак берүүгө чакырылган күбөлөрдүн көптүгүнөн улам соттук токтоп, 4-июнда саат 15:00дө уланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаева кабарлады. Мурдагы отурумдун жылдырылышына ишти караган сот Эмилбек Каиповдун ооруп, келбей калганы себеп болгон. Зилалиевге президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр... Читать дальше...

Кадамжайда 20 жыл мурда мектепти бүткөндөр мугалимге батир белек кылышты

Azattyk.org 

Баткен облусунун Кадамжай районунда мектепти 20 жыл мурда бүтүргөн классташтар биринчи мугалимине батир белек кылышты. Кара-Дөбө айылында Абдыкадыр Орозбек атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктагандар мугалим Лолахан Маликовага Кызыл-Кыя шаарына жаңы салынып жаткан заманбап үйдөн бир бөлмөлүү батир алып беришти. Анын сертификатын алар бүгүн, 25-майда тапшырышты. Үйдүн курулушу жыл аягында бүтөрүн 20 жылдыгын белгилеп жаткандардын бири Өктөм Сапар уулу "Азаттыкка" билдирди.  Кызыл-Кыя шаары Лолахан Маликова буга чейин жашап... Читать дальше...

Уядан учкан балапандар

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министринин буйругуна ылайык, бүгүн Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу жыйынтыкталып, “Акыркы коңгуроо” салтанаттары өттү.

Иракта "ИМге" кошулган тажик аялдарга сот өкүмү чыгат

Azattyk.org 

Ирактын соту жакынкы күндөрү Тажикстандын 13 жаранына өкүмүн чыгарат. Алардын бардыгы "Ислам мамлекети" радикал уюму менен байланышта болгон деп айыпталууда. "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлагандай, 27-майда Багдад соту төрт аялга өкүм чыгарат деп күтүлүүдө. Айыпталгандардын баары 19-25 жаштагы кыз-келиндер. Буга чейин Багдад соту төрт тажик аялды ушундай эле кине менен өмүр бою эркинен ажыраткан. Тажик бийлиги бул маалыматтан кабардар экенин, бирок расмий Багдад ушул күнгө чейин алардын расмий каттарына жооп бербей жатканын билдирди. Читать дальше...

Пхеньян Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө даяр

Azattyk.org 

Пхеньян Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө дагы эле даярбыз деп билдирди.  Кечээ АКШ президенти Түндүк Корея лидери менен 12-июнга пландалган саммиттен күтүүсүздөн баш тартканы тууралуу жарыяланган. Дональд Трамп Түндүк Кореянын "ачык кастыгынан" улам буга барып жатканын айткан. Буга жооп кайтарып, Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ким Ке Хван Пхеньян Вашингтон менен талаш маселелерди "каалаган убакытта, каалаган жол менен" чечүүгө даяр деп 25-майда билдирди. Хван Трамптын чечими "күтүүсүз жана өкүнүчтүү" болгонун айтып... Читать дальше...


Музыкальные новости
Виктор Цой

У могил Горшка и Виктора Цоя на Богословском кладбище появилась защита от вандалов





Персональные новости
ЦСКА

РОСГВАРДИЯ ОБЕСПЕЧИЛА ПРАВОПОРЯДОК ВО ВРЕМЯ ВО ВРЕМЯ ФУТБОЛЬНОГО МАТЧА «ЦСКА» - «СПАРТАК» В МОСКВЕ





Дональд Лу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Дональд Лу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан көрсөтүлдү. Бул тууралуу маалымат Ак үйдүн расмий баракчасына жарыяланды. Бул маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да ырастады. Мыйзамга ылайык анын талапкерлигин эми АКШ Конгресси жактырышы керек. АКШнын Мамлекеттик департаментинде 25 жылдан ашык кызмат кылып келген 52 жаштагы Дональд Лу АКШнын Албаниядагы элчиси болуп 2014-жылы 17-декабрда дайындалган. Ал буга чейин Кыргызстанда, Азербайжанда жана Индияда элчинин орун басары болуп иштеп келген. Читать дальше...

Кемерово облусунун чукул кырдаалдар мекемесинин жетекчилери кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө комитети “Зимняя вишня" соода борборундагы өрткө байланыштуу Кемерово облусунун чукул кырдаалдар мекемесинин жетекчилигине каршы кылмыш ишин козгоду. Кырсык 60 кишинин, анын ичинде 41 баланын өмүрүн кыйган. Жетекчилер шалаакылык кылган жана мамлекеттик акчаны максатсыз пайдаланган деп шек саналууда.  Тергөөнүн материалдарына караганда, облустук мекеменин башчысы Александр Мамонтов жана Кемерово шаарынын көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Григорий Терентьев  борбордо өрт коопсуздугун планга ылайык текшербей коюшкан. Читать дальше...

Өкмөт башчы "Достук" чек ара бекетиндеги кырдаалды тез жөнгө салууну тапшырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев атайын жыйын өткөрдү. Анда өкмөт башчы жарандардан кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетинде түзүлгөн жагдай тууралуу көптөгөн арыздар түшүп жатканын айтып, бекетке кошумча күч тартууну жана каржы маселесин чечүүнү буйруду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев мындай кырдаалды кыргыз-өзбек чек-арасынан өтүп жаткан элдин көптүгү менен түшүндүргөн.  Абылгазиев... Читать дальше...

Кар малчыларды дүрбөлөңгө салды

Azattyk.org 

Малчылар жайлоого чыга баштаган кезде жааган калың кардан Ысык-Көл облусунда үч район жабыркап, бир эле райондо миңге жакын мал кырылганы кабарланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыгымдын так санын эсептеп бүтө элек. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, айрыкча Түп, Ысык-Көл жана Ак-Суу райондорунун аймагында мал-жанга көп зыян келди. Жергиликтүү бийлик жаратылыш кырсыгында жабыркаган чабандарды кыдырып, абалы менен таанышып жатат. 23-24-майда жааган кар Ысык-Көл облусунун аймагында 50 сантиметрге чейин жеткен.

Аба ырайы: жамгыр жаабайт

Azattyk.org 

26-майда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 26...31, Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30, Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндуз 28...33, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16, күндуз 27...32, Ысык-Көл дубанында тункүсүн 2...7, күндуз 18...23, Нарын облусунда түнкүсүн 0...2, күндүз 18...23, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10... Читать дальше...

Канададагы ресторанда жардыруу болду

Azattyk.org 

Канаданын Онтарио провинциясындагы ресторанда 24-майдын кечинде болгон жардыруудан он беш киши жарадар болгонун жергиликтүү бийлик кабарлады. Торонтодон 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Миссиссога шаарындагы ресторандагы жардыруу болжол менен 22.30да болгон. Эки белгисиз адам ресторанга кирип, колго жасалган жардыргычты иштеткенден кийин качып чыгышканы камераларга түшүп калган. Ооруканага жеткирилген 15 адамдын үчөөнүн абалы оор экени кабарланды. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок. Райондук... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве прошел ливень «летней интенсивности»





Путин в России и мире
Москва

Politico: Россия проиграет войну с НАТО, предупреждает Польша (Topmember)


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Басманный суд Москвы арестовал продюсера Reuters Константина Габова за помощь ФБК в подготовке материалов



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица Анна Семенович призналась, что ей пришлось прервать отдых из-за болезни



Москва

Куда отправиться на майские: топ-6 направлений для россиян без загранника и визы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net