Пашинян элди бийликке баш ийбөөчүлүк акциясына чакырды
Армян оппозициясынын лидери, парламент депутаты Никол Пашинян 1-майда өкмөт башчылыкка шайланбай калгандан кийин кечинде аянттагы элге келип, сөз сүйлөдү. Ал өлкө жарандарын бийликке жапырт баш ийбөөчүлүк акциясын баштоого чакырды. "Эртең саат 8:15тен баштап жапырт иш таштоо, жолдорду, метролорду, аба бекеттерди, мамлекеттер жана аймактар аралык жолдорду, дегеле тосууга мүмкүн болгон бардык жерди бөгөттөө башталышы керек", деген оппозиция лидери элди 2-майда саат 19:00дө Еревандагы Республика аянтына митингге да чакырды. Читать дальше...