Трамп: Түндүк Корея өкүлү менен мамкатчынын жолугушуусу жакшы өттү
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын расмий өкүлдөрү менен болгон Нью-Йорктогу жолугушуу “абдан жакшы” өткөнүн билдирди.
Ал Вашингтон 1-июнда Пхеньяндан келген делегациянын Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындан алып келген катын күтүп жатканын да кошумчалады.
Трамп бул тууралуу 31-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ким Чен Ындын орун басары, генерал Ким Йоң Чол менен жолугушкандан кийин билдирди. Алар АКШ менен Түндүк Кореянын 12-июнда Сингапурда өтөт деп күтүлүп жаткан саммитине даярдыкты талкуулаган.
АКШга 20 жылдан кийин келген Түндүк Кореянын жогорку кызмат адамы Ким Йоң Чол Майк Помпео менен 20-майда Нью-Йоркто жолугуп, кечинде чогуу тамактанышкан.
“Нью-Йорктун кечинде Ким Йоң Чол менен жумуш үстүндөгү жакшы тамактануу болду. Менюда стейк, жүгөрү жана сыр бар” деп жазган мамлекеттик катчы Майк Помпео.
АКШ алдыдагы саммиттин эң башкы жыйынтыгы - Пхеньяндын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек жана бул “ишенимдүү текшерүү” аркылуу ырасталышы зарыл деп эсептейт.