Казакстан: Ата-эненин уруксатысыз мечитке жол жок
Италияда саясий кризис уланууда. АКШ Түркмөнстанда өстүрүлгөн пахтадан жасалган товарларга тыюу салды. Тажикстанда дыйкандар жаанчыл аба ырайынан чыгымга учурап жатышат. Ата-эненин макулдугу жок болсо мечитке кирүүгө уруксат жок – Казакстанда дин жаатын тескеген мыйзамды өзгөртүү сунушталууда. Мекенин таштап кетүүгө мажбур болгондор – франциялык чечендердин бүгүнкү жашоосу. Монголиянын түндүгүндөгү алыскы токтойлорду байырлаган духа уруу өкмөттүн жаңы чечимине нааразы.