Сапар Исаковго ЖЭБ боюнча кылмыш иши козголду
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланганы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
- Сапар Исаковго бүгүн айыбы угузулуп, "эч жакка чыкпоо" жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилди. Такталган маалыматтар боюнча 2013-жылы Сапар Исаков президенттик аппарат башчысынын орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматында туруп, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу максатында, өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын тобу менен алдын-ала белгиленген иш-аракеттерди кылуу аракети аркылуу жалдануучуну тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын коргогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомчулук кызыкчылыктарга ири көлөмдө зыян келтирилген, - деди Рахат Сулайманов.
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн саат 14:00дө сурак бериш үчүн УКМКга келген. Ал буга чейин Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары 14-майда жана 26-апрелде атайын кызматка сурак берип чыккан.
17-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, 386 млн. доллар кытай насыясынын максатсыз сарпталышына байланыштуу айрым аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алган. Аталган токтомдо ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаковго укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт бар.
Исаков өзү иликтөө акыйкат өтүшү зарыл экенин, тергөөдө саясат болбошу керек экенин айткан. (BkA/ZKo)