Жерүй кенин ишке киргизүү белгиленген мөөнөттөн созулушу мүмкүн
Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин алтын кен жайгашкан аймакта өткөргөн көчмө жыйынында белгилүү болду. Таластын Бекмолдо айыл аймагында жайгашкан Жерүй алтын кениндеги аткарылып жаткан иштерди оз көзү менен көргөн эл өкүлү Кожобек Рыспаев «Алтын Альянс» ишканасы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди белгиленген убакыттан кеч аткарып жатканын айтты:
- "Жумуш кызуу жүрүп жатат" деп айта албайбыз. Булар негизинен инфраструктурага көңүл буруп атышат. Ачылышы үч же төрт айга узарышы ыктымал. Инвестор өз милдетин кичине кечигүү менен аткарып жатат. Ал биздин лицензиялык келишимде көрсөтүлгөн ар бир айга штрафтарды төлөшү керек. Аны биздин өкмөт милдеттендириши керек.
Анткен менен кенди иштетүү укугун алган орусиялык “Восток Геолдобыча” компаниясынын алдында түзүлгөн "Алтын альянс" ишканасынын башкы директору Михаил Шубин компаниянын ишмердүүлүгү боюнча буларга токтолду:
- Биз алтын иргөөчү фабриканы 2019-жылдын 1-мартында ишке киргизишибиз керек. Биз ушул план менен эле кетип жатабыз.
Ишкана келерки жылдын 28-февралында толугу менен бүткөрүлүп, ишке кириши керек. Эгер бул талап аткарылбаса, инвестор кечиктирилген ар бир ай үчүн мамлекетке 100 миң доллар төлөөгө тийиш.
Көчмө жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Алмаз Жутанов, Исланбек Сарсеитов, Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. (AlS)